|
Дарика Кодоева, троллейбус жууп иштеген апа: «СОКУР БОЛУП КАЛСАМ, ООРУЛУУ КЫЗЫМДЫ КИМ КАРАЙТ?»№841 14-20-декабрь, 2018-жыл
– Мен 5-6 жашта болсом керек, атам 33 жашында жүрөк оорудан каза болсо, кийинки эле жылы апам 29 жашында ооруп күйөөсүнүн артынан кете берген. 5 бир тууган элек, 3 кыз, 2 уул. Агам да каза болуп калган. Калган бир туугандар эптеп бири-бирибизди эш тутуп чоңоюп алдык. Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынан болобуз. Тайларыбыз Ак-Учук айылында турушчу, мектепте 8-класска чейин ошол айылдан окудум. 8-классты аяктагандан кийин Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына атамдын инисиникине келип, ал жактагы кулинариялык техникумда окуп калдым. Окууну бүткөндө Кочкордун Дөң-Алыш деген айылына ала качып кетишти. Анда мен 18 жашта элем. – 19 жашымда, 1980-жылы кызыбыз Алтынай жарыкка келди. Кызым 6-7 айлык болуп калганда жолдошум “мени милиция кызматкерлери издеп жүрүптүр, соттоп жибериши мүмкүн” деп кызым экөөбүздү менин улуу эжемдикине алып барып салып, өзү кетип калды. Ошондо жаш экенмин, бат эле алданып жалдырап кала бериптирмин да. Көрсө, ал башка аял алып, ошонусу менен жашап баштаптыр. Андан 2 балалуу болду, кызым Алтынайды талашып, “бербесең өлтүрөм” деп коркутуп алып койду. Бирок берки 2 баласы чоңойгону кызымды батырбай, кызым чоң ата-чоң энесинин колуна келди. Мен эжемдикинде жашап, ооруканада пол жууп иштечүмүн. Кызыма жолугуу үчүн күнүгө бала бакчага барам, ал жактын тарбиячыларын кайненем “эгер апасы менен жолуктурсаңар, силерди сотко берем” деп коркутуп коюптур. Болбой эле барып жолугуп турчумун. Жолдошумду сотко бердим кызымды талашып, анда Алтынай 4 жашка чыгып, сүйлөп калган. Сотто Алтынайды атасы экөөбүздүн ортобузга коюп “Алтынай, атаңа барасыңбы же апаңабы?” деп сурашты. Кызым дароо “апама барам” деп айтып, ошол күндөн баштап өз колума тийди. Жаңы келгендеги кебетесин көрсөң бооруң ооруйт, чачы кырылган, моюну-башы кир. Үйгө алып келип жуунтуп отуруп көзүмдүн жашын тыя албай аябай ыза болгом. Алтынай чоңойгон сайын көп ооруй турган болду. – 1995-2005-жылдар аралыгында Чүй облусундагы Чым-Коргон айылында жайгашкан психиатриялык ооруканада пол жуугуч болуп иштедим. Андан кийин Кемин райондук ооруканасында бир нече жыл пол жуугуч болдум. Бишкекке 2007-жылы келгенбиз. 2008-жылдан бери 7-8-каттамдагы троллейбустарды шыпырып-жууп иштейм. 30 жылдан ашуун пол жууп келе жатам. Кызымды 16 жашка чыккыча эжем багып берди, мен акча табышым керек эле. Бир туугандарым барына шүгүр кылам, алар жок болсо кантмекмин? Өзүм 2 ирет операцияны башымдан өткөрдүм: биринчисинде өтүмө операция жасалса, кийин геморрой болдум. Бир көзүм катаракта болуп такыр эле көрбөй калган, азыр экинчи карегимдин жарымын чел басып калды, операция керек, аны ойлоп да кайгырам. Сокур болуп калсам, оорулуу кызымды ким карайт? Кантип жан сактайбыз? Анын үстүнө астма оорум бар, түнү-күнү приступ кармап жыгылып калам. Бул оорунун баары өмүр бою колум суудан чыкпагандан улам жабышса керек. – Троллейбустарды бат-баттан эле жууп-тазалап чыкчу элем, акыркы 2-3 жылдан бери колдорум какшап, өйдө көтөрүлбөй, кыймылым жайлап калды. Айдоочу балдар менен жакшы мамиледемин, абалымды түшүнүп кээде 5-10 сом болсо да жардам берип калышат, жол кирем бекер. Күнүгө саат 8ден кечки 5ке чейин иштейм. Айына 5500 сом айлык алам, анын жарымын эң зарыл деген дары-дармекке коротом. Пенсияга жашым жете элек, буюрса, кийинки жылы чыксам керек. Кызым ооруганы такыр эле каражат жеткире албай чүнчүп кетип, балким, элден кандай да болсо жардам болот деп сиздердин гезит аркылуу элге кайрылалы дедик. “Кызымдын канчалык кыйналганын өз оозунан уксаңыз” деген Дарика апаны ээрчип анын үйүнө жөнөдүм. Ак-Өргөө Бишкектин четиндеги эң өнүккөн жаңы конуштардын бири саналат. Борбордук көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, жолдору зыңгырап турганы менен, реалдуу турмуш майда көчөлөрүнөн байкалат. Камырдай жуурулушкан баткак, бутуна түркүн түстүү целлофан баштык кийген жаш-карылар. Асфальт жолдун жээги баягы баткакты тазалагандан улам ыргытылган чүпүрөк-чапырак таштандыга толгон. “Бул жердеги мечитте иштеген кайрымдуу адам бизге жашаганга вагонун берген, айына 2 миң сом төлөйбүз. Бул жакта 4-жыл кыштап жатам” деген каарманым вагондун эшигин ачты. Апасы экөөбүз киргенде эле Алтынай айым ыйлап жиберди. Жолдошу айылда болгондуктан, аны таежеси карап жаткан экен. Өз алдынча баса албай, сүйлөгөндө да кыйналарын байкадым: – 1 жашымда менингит болуп ооруп, ошондон жакшы айыга албай койдум. Эпилепсия дешти, ушул кезге чейин башым ооруйт, катуу нерв болгондо бет сөөгүм такыр эле кыйшайып калат. 2015-жылы жолдон өтүп баратсам машина сүзүп кеткен. Анда да башымдан жаракат алган элем. Азыр өзүм жалгыз көчөгө чыга албайм, анткени басып баратып эле бутум шилтенбей тырышып, башым айланып жыгылып калам. Инсультка да кабылгам, сол капталым дээрлик иштебейт. “Талма ооруң айыгат” дегенинен 2010-жылы күйөөгө да чыктым, бирок айыга алган жокмун. Бир жолу ичим катуу ооруганынан ооруканага барсам “жатындан сырткары бойго бүтүп калган, бир түтүк сезгенип кеткен, алыш керек” деп “макулмун” дедиртип кол койдуруп алышты. Ооруканадан бир түтүгүм алынды деп чыккам, кийин такыр боюма бүтпөй жатканынан гинекологго барып текшерилсем, эки түтүк тең алыныптыр. Ошентип балалуу болуу бактымдан айрылып калдым. Жолдошум менен уруш-талаш көбөйдү, ал “сен кечке эле ооруй бересиң” дейт, мен “ооруганымды билип туруп алгансың да” дейм. Эгер ортобузда бала болсо мамилебиз башкача болот беле? Мен да бала жытын жыттап, эне болгум келет. – Акыркы 5 жылдан бери эки бөйрөгүм тең ооруйт. Мына, ноябрда без чочуп, эмчегиме операция жасалды. “Жардам бергиле” деп канчалаган оорукананын эшигин жырттым? “Макул” дешет да, каражатым жоктугун укканда көрүнгөн жакка жибере башташат. Мени ушул абалым менен ким ишке алмак эле? Абалымды көрүп туруп жок дегенде майыптыкка чыгайын десем, ал үчүн да пара бериш керек экен. Өткөндө көчөдөн жыгылып калсам, жан адам басып келген жок. Бир маалда бир таксист байке “эй, эмне ичип алдың беле?” дейт. Ызаланганымды айтпаңыз. Көчөгө чыксам эле мени карай беришкенсийт, өзүмдү кем сезе берем. Айыгып эл катары иштегим, апамды баккым келет. Жогоруда санаган ооруларымдан башыңыз адашып калдыбы? Ошонун баарына апам чыдап келе жатат. Азыр көзү да жакшы көрбөй калды, кээде чай куюп жатып кайнак сууну колуна төгүп күйгүзүп алат, бир буюмду колу менен карайлап издеп калганда жүрөгүм шуу дейт. Апамдын көзү көрбөй калса аны ким карайт, менин абалым бул болсо? Байкасаңыз, мышыктай болуп дайыма кышылдап турат, астмасы бат-баттан кармай баштады. Жалгыздыктан, апамды жоготуп алуудан корком. Өмүр бою менин түйшүгүмдү тартып, чыдап келе жатат. Биздей адамдардын үнү угулчу жер бар бекен?.. Асыл Орозбекова Вагондо жашаган эне: “Троллейбус жууп иштеп, оорулуу кызымды багам”
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(13)
Асылжан
![]()
18.12.2018. 09:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Дарика апага жардам берем дегендер үчүн байланыш номерлери: 0559744426, 0709 046103
zahira
![]() SUPER.KG видео
18.12.2018. 10:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен буйруса айлыгымды аларым менен акча котором . Кандай гана оор тагдырлар. Келгиле кыргыз элим 50 сом 100 сомдон болсо да которуп койолу. Апанын козуно операциясына жарап калаар. Шыфаа берсин экооно тен . Элден айланса болот.
Skarlett-Skarlett
![]()
18.12.2018. 10:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Счёт ачкыла,кайрымдуу инсандар коп эле сооп издеген.Байкуш апа((((
Nanei
![]()
18.12.2018. 11:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Мечитте иштеген киши кайрымдууулук кылып вагонун эки мин сомго берди дейт, ошондой да кайрымдуулук болобу??? Бекер берсе анда айтса болмок кайрымдуулук дер. Мечитте иштегени кайсыл анда,экоо тен оорукчан экенин коруп туруп акча алса,кайрымдуулук дебей эле койсунчу
Tyty1990
![]()
18.12.2018. 12:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Nanei, колуңуздан келсе сиз таап бериниз
Nanei
![]()
18.12.2018. 12:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Tyty1990,мен колуман келсе Бекер эле жашатмакмын. Вагондо кыштап коргом мен дагы,ото суук болот ичи,ошого ацтыватам. Тем более эч кандай шарты жок вагондо. Эки мин сом баасы болсо,кайдагы кайрымдуклук???
Zamabaha
![]()
21.12.2018. 04:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nanei,оа туура айтасын, Эми ошол салып алган уйу болсо дагы бир жон, вагонго акча албай эле койсо болмок да
MKW.MYRZAiYM
![]()
18.12.2018. 12:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Элсом болсо ар бирибиз 50 сомдон болсо да салат элек
meku89
![]()
18.12.2018. 13:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх кандай окунучтуу тагдырлар! Кочкорлук куркулмун деп мурдун которгондопр жардам беришсе кана. Депутаты, министри бизнесмени жайнайт го. Карапайым эл гана куйот экен бири- бирине. 100 сом болсо да жардамыбызды аябайлы.
Mystery
![]()
18.12.2018. 23:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ эженин так номерин жазып коюнузчу
admin_portal
![]()
19.12.2018. 14:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mystery, саламатсызбы! Видеоматериалда көрсөтүлгөн: 0559744426
al79mi
![]()
19.12.2018. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элсом номер ачып берсенер жакшы болмок экен.
tyrgon
![]()
21.12.2018. 15:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карта ачпайсызбы счет номер бул жака жазып коюнуз
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|