|
Курман Жолдошев, ютубер: «YouTube`дун КЫЗЫГЫ КӨК БӨРҮДӨН ДА АШАТ»№844 4-10-январь, 2019-жыл
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Ленин айылы Туулган жылы, күнү – 1981-жыл, 8-октябрь Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы Учурда – Жеке ишкер, ютубер – Жок, капа деле болбойм (күлүп). Анткени менин ишим интернетке байланыштуу. Күнү-түнү. – Апам мугалим, атам дарыгер. Экөө тең айылда. Интеллигенттердин үй-бүлөсүндө чоңойдум десем болот. Дыйканчылыкты, мал бакканды деле жакшы түшүнбөйм. Бала чагымда китепти көп окучумун жана радио, телевизор сыяктуу бир нерселерди чукулаганды жакшы көрчүмүн. Бир нерселерди чачып, кайра курай албай калган учурлар көп болду (күлүп). Үйдө электрге байланыштуу эмнелер болсо баарын бир сыйра бузуп чыккам. – Жалал-Абадда түрк лицейинде окугам. Чынын айтсам, ал жакка башында окугум келген эмес. Айылда жүрсөк «түрктөр келиптир, лицей куруп, ал жакка жакшы окуган окуучуларды алат экен» деп калышты. Ата-энем «барасыңбы?» деп сураганда «жок» дедим. Коңшу айылда ак-кара түстөгү эски компьютер бар эле. Ошону чукулап кызыгып жүрчүмүн. Анан «лицейге заманбап компьютерлер келиптир, сонун оюндар бар экен» дегенинен бардым. Лицейге өтүп окуганыма, андан ары кетүүмө компьютерге болгон кызыгуум себеп болду. Чыныгы программист эмесмин, бирок техникага кызыгуум ошол маалда ойгонду. Ал кезде компьютердеги оюндарды, Денди дегендерди ойноп жүрдүк. Кийин Түркияга финансы тармагы боюнча окууга өттүм. Ал жактан алган стипендиямдын бардыгын интернет-кафелерге коротчумун. Тамак жечү эмесмин, бирок ошол жерде түнөчүмүн. Интернет-кафелерден оюн ойногондон тышкары Mynet жана Yahoo`дон сайттарды жасаганды үйрөндүк. – Сайттарды жаңы жасап баштаганда каражат табуу максаты жок болчу. Жөн гана хобби эле. Жаңы технологияны өздөштүрүп жүрчүбүз. Түркиядан кийин Москвага, андан кийин Кытайга барып, чоң компанияларда финансист, эксперт-менеджер, башкаруучу болуп иштеп жүрдүм. Айлыктары жакшы эле болчу. Кайра Москвага келип үйлөнүп, балалуу болгондон кийин каржылык абалды карай баштадым. Ал маалда өзүм, аялым, балам бар, дагы балалуу болосуң, андан тышкары үйдөгүлөргө акча салыш керек. Эсептеп отурсам жакшы унаа, жакшы үй ала албайт экенсиң. Ипотекага 30-40 жылга аласың, төлөп бүткүчө өзүң да карып каласың. Анан өз алдымча эмне кылсам болот деп издене баштадым. Мурда Москвадагы фирмаларга сайттарды жөн эле жасап берип жүрчү элем, кийин акчага жасай баштадым. Андан соң «пассивдүү киреше» деп коёт, орус балдардын сайттарын карап отуруп сайттардан жарнамалар аркылуу кантип акча жасаса болорун үйрөндүм. – Байкап көрсөм, монетизация жандырса болот экен, Google менен иштешсе болот экен. Алардан түзмө-түз жарнама алса болорун түшүнүп, тематика издей баштагам. Мисалы, финансы, медицина тармагындагы сайттарды ачып, элдерге кеңеш берчү элек. Ал кезде 100гө жакын сайтым бар болчу. Ошентип «пассивдүү кирешем» негизги айлыгымдан да көп болуп кетти. 2014-жылы Орусияда рубль 2 эсе көтөрүлдү. Интернет колдонуучулар жарнаманы 30 рублга сатып алышса, эртеси эле 60 рубль болду. Анан эч ким жарнама бербей калды, кризис башталды. Сайттарыбыз киреше алып келбей калды. Анан башка жолдорду издей баштадык. Англис тилдүү сайттар аркылуу Америкага чыгуу кыйын болду, себеби андай сайттар көп эле. Анан YouTube аркылуу Америкага чыгып кеттик. – 2015-жылдын башында YouTube менен активдүү иштеп баштадым. Кыргызстанга келгенде чоң-чоң порталдар бар эле. Бирок контент алардыкы эмес, тагыраагы, автору өздөрү эмес, башка жактардын тасмаларын же клиптерин көрсөтүшөт, ошолорго түшкөн жарнамадан каражат табышат. Мен болсо мурда бул иш менен тааныш болгондуктан автордук эмес контенттен тажап калгам. Өз алдымча балдарга арналган автордук видеолорду жасап, YouTube каналыма жүктөй баштадым. «Алтын баскычты» көп өтпөй эле алдым. – Негизи ийгиликтүү иштеп жаткан 10 чакты студиялар бар. Андан башка 40-50 киши үйүндө эле бир компьютер менен өз алдынча иштейт. – Жакында эле Алмаз Темирбаев деген окуучум «Алтын баскыч» алды. – Биринчи, туура тематика тандоо керек. Экинчи, видеого кызыктуу тема, сүрөт жана кыска баяндоо тандоо зарыл. Анан видеонун мүнөтүн узагыраак кылган жакшы. Сүрөттөргө адамдардын жөн эле турган сүрөтүн эмес, эмоциялары билинген сүрөттөрдү койсо видео жакшы көрүлөт. Анан Кыргызстанда жарнама берүүчүлөр аз да. Ошондуктан видеолорду жок дегенде орусча тартуу керек. Тартып жаткан камера же уюлдук телефондун сапатына көп маани берилбейт. Эң негизгиси – көрөрмандардын кызыгуусун жаратуу. YouTube`да иштөө оңой көрүнгөнү менен, өтө көп иш бар. Биз керек болсо суткасына 24 саат иштейбиз. Анткени Американын көрөрмандары бизде түн киргенде ойгоно баштайт. Компьютерде отуруп аларды байкап турабыз. Диванда отурсаң да көп иштеш керек. Анализ кылганды, анан англис тилин, жок дегенде орус тилин билишиң кажет. Кыргызча контент менен айына 500-1000 доллар тапса болот. Ал үчүн мигранттар да видеону көрүшү зарыл. Орусча, казакча тамашалуу роликтерди, жашыруун камера менен тартылган видеолорду туурап кыргызча тартса болот. Негизи жашыруун камера менен тартылган видеолордун көбү атайын эле уюштурулат. Бирок көбүрөөк акча табуу үчүн англисче билүү зарыл. Андан тышкары жакында Facebook аркылуу да каражат табууга мүмкүнчүлүк болот. Андыктан ал жакка азыртадан видеолорду тартып, жүктөй баштаса жакшы. – YouTube`да «коопсуз режим» деген жери бар. Телефондон эле ошону басып коюш керек. «Коопсуз режим» жанганда терс таасир берчү видеолор өчүрүлүп калат. YouTube`дун өзүндө соңку жылдары Америкадагы алдыңкы психологдор менен бирге комиссия түзүлүп, терс таасир берчү видеолорду тазалоо башталды. Жакында ошондой видеолор жок кылынат. Себеби көптөгөн чоң компаниялар «YouTube менен иштешпейбиз, балдар үчүн экстремисттик видеолорду таратып жатасыңар» деп бойкот жарыялашты. – Келинчегим Кызыл-Кыядан болот. Улуу балам 3-класста, андан кийинкиси 2-класста окушат. Кичүү балам азыр 2 жашта, бала бакчага барат. – Алар атасын колдоо максатында эле Ютуб каналдарыма кирип, лайк басып чыгып кетишет. Себеби алар 7-8 жашка чыгып калды да, биздики 2 жаштан 8 жашка чейинки балдар үчүн роликтер. Аларга башка оюндар кызыктуу. Балдардын кызыгуусу жашы чоңойгон сайын өзгөрүп турат. – Албетте, бизде атаандаштык өтө чоң болгондуктан, кээде 1-2 айлап жок болуп кетебиз. Телефондор өчөт, өтө катуу иштейбиз. Иштин бир кызыгына кирсең көк бөрүдөн да кызык болуп кетет да биздики (күлүп). – Кыргызстанда жарнама берүүчүлөр аз болгондуктан каражат табуу да аз экен. Өткөндө YouTube каналын иштетип, байкоо жүргүзүп көрдүм. Болжолдуу түрдө миллион көрүүгө 25 доллар түшөт экен. Ошондой миллион кароону Орусиядан мекендештерибиз көрсө, көп каражат түшөт. Мисалы, 10 мүнөттүк кыска видео болсо 500 доллар болот, 10 мүнөттөн узун видео болсо 1000 доллардан ашып кетет. "Бош убактымда чет өлкөдө саякаттаганды жактырам. Африкага эле бара элекмин".
"Ютуб каналыма балдарга арналган видеолорду чыгарып жүрүп, «Алтын баскыч» алдым".
Асхат Субанбеков Курман Жолдошев, ютубер: “Youtube’дан айына 1000 доллар тапса болот”
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(10)
vikidiki
![]()
08.01.2019. 11:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат!
aziz.
![]() SUPER.KG видео
08.01.2019. 11:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала менен кантип байланышып, кеп кенеш алсак болот экен.
ATAIBEKBATURKAN
![]()
08.01.2019. 16:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кантип байланышсак болот, атайын курстары бар бекен?
ATAIBEKBATURKAN
![]()
08.01.2019. 16:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жагын да жазып койсонуздар болмок, кененирээк маалымат алганга
Zaina
![]()
09.01.2019. 01:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, мен Америкада жашайм, бул жердеги бекерчилер эртеден кечке видео корушот. Мен да кором бош убактымда, бирок жумушка эле байланыштуу.
raykray
![]()
09.01.2019. 01:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакында эле окуучум дептир окутуу курсу бар окшойт менда байланышкым келди эле(
kadam
![]()
09.01.2019. 22:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фейсбукта аккаунту бар, кайрылгыла. Жөндөмдүүлөрдү окутат, ишке алат.
Amarok
![]()
10.01.2019. 12:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эл [moderated]дан акча таап жатса биз акча берип коруп журобуз тигиндей мындай видео кордум деп мактанып.
Chaki2795
![]()
11.01.2019. 01:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каналынын аты кандай
Pandora
![]()
12.01.2019. 20:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мындай адамдар менен жашоо, өтө кыйын...
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|