|
1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген эне: «ҮЙ-БҮЛӨДӨ 8 АДАМ МАЙЫППЫЗ. 7 НЕБЕРЕМ ДА БИЗДИ ТАРТЫП КАЛДЫ»№845 11-17-январь, 2019-жыл
Бул илдеттин айынан балдарым ар кандай тагдырга туш болушту. Бир кызыма 13 жолу операция жасалса, бир кызымды баласынын көзү жакшы көрбөй төрөлгөнү үчүн күйөөсү таштап кетти. Экинчи кызымдын дени сак болчу. Ал кызым азыр альвеококкоз оорусуна кабылып, төшөккө жатып калды. Азыр дени сак кичүү балам Якутияда иштеп акча таап, эжесине жардам берип жатат. Андан тышкары пенсия, жөлөк пулдарыбыз менен жашап жатабыз. Чалым экөөбүз 6 миң сомдон пенсия алабыз. Кыздарым 2000-3000 сомдон алышат. Баарыбыз дары менен жашайбыз. Союз учурунда көзү азиздер үчүн уюмдарда иштеп жан багып жүрдүк. Мен төшөк, жууркан тикчүмүн. Кыздарым да көзү азиздер үчүн каралган жумуштарда иштеп жүрүп, айрымдары мамлекеттен үй алганга жетишишти. Балдарымдын ооруганын көрүп ичим ачышат. Жолдошум экөөбүз көзүбүз тирүү кезде ар бирин өз жайына жайгаштырып коюу үчүн чуркап келе жатабыз. Аракет кылып, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Көк-Жардан көзү азиздер үчүн берилген үйдөн бир бөлмө батир алганбыз. Кийин ал үйдү камакка алып коюшту, азыр сот иштери жүрүп жатат, чечим чыга элек. Анткени биздин Караколдо 4 бөлмөлүү үйүбүз бар. Бирок ал жакта бизге ылайыктуу шарттар жок. Балдарымды көзү көрбөгөндөрдүн мектебине окуттук. Андай мектеп Караколдо жок. Бул үй үчүн ар кандай сөздөрдү уктум. Бирөө социалдык тармактарга бизди “көзү азиз балдарды төрөп алып, догурунуп үй сурап жүрөт” деген мааниде билдирүү жазган экен. Билдирүүнү жана ага жазылган комментарийлерди окуп алып бир жума кан басымым көтөрүлүп жатып калдым. Эл “Мынча баланы эмнеге төрөдү?” деген сыяктуу ар кандай пикирлерин калтырышыптыр. Биринчи кызым төрөлгөндө жолдошум экөөбүз тең жакшы көрбөгөндүктөн анын да көзү начар көргөнүн байкабай калыптырбыз. Чоңойгондо гана билдик. Экинчи кызым дени сак төрөлдү. Дени сак балдар төрөлөр деген үмүт менен төрөдүм. Анан эркек балалуу болгубуз келди. 5 кыз удаа төрөлгөндөн кийин 2 уулум төрөлдү. Венера Казиеванын кызы Гүлзада Мамиеванын тагдыры да жүрөк оорутарлык:
Өзүм укалоочу адистигинин ээсимин. Бирок кесипти туура эмес тандап алыптырмын. Врачтар укалоочу болуп иштешиме тыюу салышты, оору жол бербейт экен. Турмушка чыккам. Жолдошумдун кулагы укпайт, ата-энеси, туугандары жок. Эки балалуу болдум. Алардын да көздөрү начар көрөт. Жолдошум түшүнүктүү адам. Мага аябай жардам берет. Мага оор жумуштарды кылууга болбогондуктан, үйдөгү жумуштарды да жасайт. Мурун ал ар кандай жумуштарда иштеп бизди багып жүрдү. Азыр грыжа болуп калгандыктан жана кырк жаштан ашып калгандыктан иштей албай калды. 3000 сом өзүм, балдарыма 4 миңден жөлөк пул алабыз. Жолдошума майыптык алалы десек, ал үчүн 3-4 жыл катары менен 6 айда бир ооруканага жатып дарыланып туруш керек экен. Ага каражатыбыз жок да. Венера Казиеванын экинчи кызы Ширин Орозобаева дени сак төрөлгөн. Бирок ал азыр ата-энесинин кароосунда төшөктө жатып калды:
2013-жылы боорду алмаштыруу үчүн Түркияга квотага илингем. Бирок донор жок болчу, туугандарымдын баары майып да. 25 миң долларыбыз да жок болчу. Тагдырыма баш ийип жашай бердим. Балам 18ге чыккандан кийин “мен донор болуп берем, бооруңузду алмаштырыңыз” дей баштады. Эки баламдын көзүн жалдыратып аракет кылбай отуруп алгым келген жок. Ошондуктан элге жардам сурап кайрылууга туура келди. Мен ооруп жатканда уулумдун кулагына суук тийип, тарсылдагы тешилип калыптыр. 3 жолу операция болду, тарсылдагын тигишти. Бирок жакшы болгон жок. Азыр кулагы жакшы укпайт. Ал 9-классты аяктагандан тартып эле менин абалыма карап ар кандай кара жумуштарда иштеп жатат. Төшөктө жатканыма 2 айга жакындап калды. Мен кыйналган сайын ата-энем эзилет. Кыйын күндө ата-эне гана күйүп жаныңда болот экен. Ооруп баштаганда жолдошум таштап кеткен. 8 жылдан бери кайра кайрылып балдарын да сураган жок. Майыптыгым боюнча 2000 сом пенсия, кызымды жалгыз тарбиялаганым үчүн 800 сом жөлөк пул алам. Ата-энем менен бир туугандарымдын пенсия, жөлөк пулдарына жашап, дарыланып жатам. Январь айында кайрымдуу адамдардын жардамы менен Индияга операцияга кетип жатам. Бирок каражат чогулбай жатат. Операцияга болжол менен Перизат Музуратбекова Майып эне: "Үй-бүлөдө 8 адам майыппыз. 7 неберем да бизди тартып калды"
Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(9)
Altynbekova.01
![]()
15.01.2019. 09:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы болуп калыныздар
Munar92
![]()
15.01.2019. 18:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шыпаасын берсин
bubush
![]()
15.01.2019. 21:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шыпаасын берсин
-FREEDOM-
![]()
15.01.2019. 21:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эч кимдин жаны оорубасынчы. Айыгып кетиниздер. Аллахым шыпаа берсин.
Mama-Yasmin
![]() SUPER.KG видео
16.01.2019. 00:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат байке бул Жака келбесез болбойт!! Азда болсо жардам беребиз буйруса
Umakg
![]()
16.01.2019. 09:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардам керек экен
Eli.91
![]()
16.01.2019. 10:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дартды Берген Аллах шыфаасында кошо берет Инш Аллах.Эл айта берет капа болбонуз эже элдин оозунда элек жок.Алдырган бул куноо дегенди билбеген Адам оозуна келгенди суйлой берет.Илгеркилер сатануунуда алдыртуунуда билбеген.Аллах Тааланын алдында сактанганы учунда алдыртканы учунда жооп берет.Кыямат куну эсеп бериштен коркбогон адам арнерсени бир айтышат.Аллахым колдосун сиздерди.Ким ооруп кыйналып жатса Аллахымдын назары ошол адамдарда дейт.Аллахтанда сураныныз жардам бер деп.
nuri1
![]()
18.01.2019. 20:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Тенирим ден соолук берсин. Оорудан сактасын.
Aytur
![]()
20.01.2019. 14:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шыпаасын берин аябай азап тартып жатыптырсыз. Аманчылык болсун. Баладарыбыз алты саны аман ден соолугу чын болсун.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|