|
Венера Жолборсова: «КЫЗЫМ КИТЕПТИ КӨТӨРҮП КЕЛИП «ОКУП БЕРГИЛЕЧИ» ДЕЙ БЕРЕТ»№849 8-14-февраль, 2019-жыл
– Саламатчылык. Бир тааныш байке бар, ошол мага WhatsApp аркылуу бир кичинекей баланын видеосун жөнөтүп калды. Аны көрүп видеодон эч кандай өзгөчөлүк көрө алган жокмун. Эми ар кимдин баласынын кылык-жоругу өзүнө жакшы көрүнө берет эмеспи. Анан ага «кааласаңыз мен кызымды видеого тартып жөнөтөйүн» десем, «макул» деди. Ошол жерден кызымды даярдыксыз эле үйдөгү кийими менен ырды айттырып, видеого тартып ага жөнөтүп койдум. Анан ал киши видеону социалдык тармактарга жүктөөгө уруксат сурап, таратты. Эртеси эле тууган-урук, тааныштарым, Казакстандан бери «сенин кызыңды Инстаграмдан көрдүк» деп чалып, жаза башташты. А мен ал социалдык тармакка катталган эмесмин, уулум каттап берип, ушул видеонун артынан колдоно баштадым. Азыр кызыма карата жазылган комментарийлерди окуп берем. – Кызыңыз канча жашта? – Айчолпон менин 3-балам, апрелде 4кө чыгат. – Айчолпон өзүнүн жаш курагына туура келбеген ырларды окуйт экен. Атайын жаттатасыздарбы? – Биз кыйнабайбыз деле. Тескерисинче, кызым өзү китептерди көтөрүп келип «окуп бергилечи, үйрөтүп койгулачы» дей берет (күлүп). Кээде колуна англис же кытай тилиндеги китептер тийип калганда мен аны түшүнбөгөндүктөн, «жакшы деле китеп эмес экен» деп кутулам. Ал эми «Апакемди» көңүлү жактырды окшойт, бизден угуп, бат эле жаттап алды. – Анда көркөм окуу искусствосун кайдан билет? – Биз үйдөгү 4-класста окуп жаткан кызым, мен, апам ырларды ошентип көркөм окуйбуз. Анан Айчолпон да биз окугандай кылып жаттап алат. – Азамат кызыңыз бар экен. Рахмат маегиңизге.
– Кандайсыз? «Кыялым жакшысын да, жаманын да Кыя албайт, себеби ага баламын да. Апакем жалгыз адам, жалгыз адам Апакем чындап мени аярым да...» (ред.: Айчолпон ырдын 4 куплетин тең көркөм айтып берди). – Азаматсың. Апаң сени жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө билет деди го?! – Ооба, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Таластын Шекер айылында төрөлгөн. Анын апасы Нагима Хамзаевна, атасы Төрөкул Айтматов. Анын эң алгачкы чыгармасы «Гезитчи зюё (ред.: Дзюйо дегени)», анын акыркы чыгармасы «Тоолор кулаганда». (Андан ары ал Айтматовдун он чакты чыгармасын манжасын бирден жумуп санап берди). – Алардын арасынан кайсы чыгарманы билесиң? – Толгонайдын монологун айтып берейинби? – Ии, айтып берчи. – Амансыңбы, куттуу талаам? Аманчылык, Толгонай... (Айчолпон андан ары Толгонайдын монологун колун жаңсап, берилип айтып жатты). – Ай-ий, азаматсың го. Апасы: – Эжеңе тил жөнүндөгү ырды айтып берчи. Айчолпон: –Автору Байдылда Сарногоев. «Уй мөөрөйт уйдун тилинде, – Азаматсың, Айчолпон. Чоңойгондо ким болгуң келет? – Мен доктур болгум келет. – Доктур болгондо ошондо эмне иш кыласың? – Мм, адамдарга дары ичирем, укол саям, операция кылам. Анан сакайган адамдар рахмат айтышат. – Ой, азамат. Тилегиңе жет.
"Бир гана апам мени чанып кетпейт": Ыр, монологдорду жатка айткан 4 жаштагы интернет жылдызы
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(14)
Айдай
![]() SUPER.KG видео
08.02.2019. 12:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул видео мага да ватсап аркылуу келген эле, азыр дагы сакталуу бойдон журот. Эн биринчиден апама жонотком... Видеону коруп жатып абдан токундандым. Айчолпондун келечегин кен болсун.
botosh
![]() SUPER.KG видео
08.02.2019. 13:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииий,жаным... Суук көздөн сактасын!
deva
![]() SUPER.KG видео
08.02.2019. 18:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии, жаным, десе тилегиңе жет
Baktyluu_bolgum_kelet
![]() SUPER.KG видео
08.02.2019. 18:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаным десе.Бизге да ушундай ширин кыз насип этсин Аллахым.
Skarlett-Skarlett
![]() SUPER.KG видео
08.02.2019. 19:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учурда менде да сакталуу.Кем болбо кагылайын кополок!
Aranida
![]() SUPER.KG видео
09.02.2019. 01:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бал тилдүү балапан десе көз тийбесин...
Aima94
![]() SUPER.KG видео
11.02.2019. 04:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий жаным
Rubin
![]()
12.02.2019. 10:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеосун жуктоп койсонор болмок
admin_portal
![]()
12.02.2019. 11:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rubin, эми көрө берсеңиз болот.
retrosaiki
![]()
12.02.2019. 13:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зиректиги жүзүнөн билинген татынакай кыз экен
vikidiki
![]() SUPER.KG видео
12.02.2019. 16:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой азамат. Вундеркинд экен накта.
Beise
![]() SUPER.KG видео
16.02.2019. 19:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тфу коз тийбесин!
Mur-Naz
![]()
17.02.2019. 20:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ананайын балдыр тилинен тилинин татуу кези экен омурун берсин копту умуттондургон кыз экен
petushokimishka
![]() SUPER.KG видео
18.02.2019. 14:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алма сабагынан алыс тушпойт деген ушул да, апасы, таэнеси адабиятты жакшы коргон, таланттуу, жан дуйносу бай адамдар экен! Азаматтар, кана эми баарыбыз былдарыбызга ушундай тарбия берсек!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|