|
Атай Өмүрбеков, актёр: «МАРАЛ ЭКӨӨБҮЗДҮН СҮЙҮҮБҮЗ БҮТТҮ, АНЫ АНАЛИЗДЕГИМ КЕЛБЕЙТ»№856 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
– Идеал туткан адамым жок. Жашоодогу адамдарга караганда чыгармадагы каармандарга көбүрөөк таасирленем. Мисалы, Гамлет, “Сынган кылыч” чыгармасындагы Бекназар, ушу сыяктуулар. Албетте, кайсы бир адамдык сапаттар жагат. Чынчылдыкты баалайм. Бир орунга тура албай энергиясы ашып-ташып турган адамдар жагат. Жаңычылдык алып келген адамдарга суктанам.
– Биринчи жолу театрга келип “Король Лир” спектаклин көргөм. Анда раматылык Мукамбет Токтобаев ойночу. Ошондо катуу таасирленгем, анткени ал адамдай Кыргызстанда, Орто Азияда “Король Лирди” эч бир актёр ойной албайт. Мага таасир берген ушу жагдай болду окшойт.
– Мени көрүп турасыз да, эч кандай “герой любовник” эмесмин. Мындайча айтканда, сулуу жүз, келбет жок. Мисалы, менин сулуу жүзүм болуп, бирок сүйүүнү түшүнбөй турсам, ал сүйүүнү кантип ойнойм? Кантип сахнада элди ынандыра алам? Ынандыруу үчүн күйүп-бышып, өлүп-тирилип ошол роль менен жашаш керек. Меникиндей кебете менен эле Ромеону ойно, бирок сен ишендире аласыңбы? Кеп ошондо. Сулуу жүзүң болуп туруп сахнада эмне кыларыңды билбей турсаң өлдүң да. Бул кесипте кеп сулуу жүз же келбетте эмес, 99 пайыз талант жана эмгекте. Ал эми келбети, жүзү, таланты дал келишкен адамдар чанда кезигет. Мисалы, Сүймөнкул Чокморов эки тарабы тең дал келген – гений феномен.
– Мындай адам мен үчүн Марат Козукеев болчу. Ал кишинин көзү өтүп кетти. Ошол адам айтып калчу “Азыр Рыскулбековдор, Чокморовдор жок деп айтышат. Кантип эле болбосун, бар. Силерден мен ошол адамдарды көрүп турам” дечү. Анын сыңарындай, азыр деле өтө таланттуу адамдар бар. Азиз Мурадиллаев, Назым Мендебаиров, азыркы өсүп келе жаткандардын ичинде да бар.
– Эч ким жок. Билбейм, мен кайдан актёр болуп калдым? Негизи Туризм академиясына тапшыргам, география сабагынан мыкты болчумун, олимпиадаларга катышып жүрчүмүн. Анан Жаныш Кулмамбетовдун аялы Махабат эже “сен искусство институтуна тапшырып көр, өтсөң өттүң” деп калды. Эки жакка тең өтүп кеттим. Бирок актёрлук жакка табитим тартып, тиги окуумду таштап койдум. Үчүнчү курста эле Кыргыз драма театрына чакырып калышты. Билесиз, бул жакка оңой менен чакырык ала албайсың. Орто жолдон “окуумду да, ишимди да таштайм, Москвага барып иштеп келем” деп чыктым. Калича Сейдалиева менин эжейим болот, ошол адамдын актёр болушума салымы бар. “Атай, бир жериңди кыс. Актёр болосуң, сенин ордуң театрда” деп алып калган. Тасма жаатындагы дебютум “Ээнсиреген үй” болду. Чындыгында тасмада тажрыйбам жок болчу, биринчи эле ушундай чоң, “массовый, кассовый” тасмага тартылып калдым. Тандоодо толтура адамдын аягында бир модель жигит экөөбүз калганбыз, экөөбүздү кайра-кайра карап жатышып мени тандашыптыр. Ийгилик жылмайдыбы же гениалдуу ойноп койдумбу, билбейм (күлүп).
– Эне эркек баланы сонун эле тарбиялайт. Качан эле кыргызды ата тарбиялачу эле, башынан эле аталар үй-бүлөдөн сырткары болуп, баланы тарбиялоо эненин моюнунда болгон. Өзүм атасыз өскөм, бул нерсени жон терим менен билем. Бардыгы адамдын өзүнөн, чөйрөсүнөн көз каранды. Эне болгону уулунун чөйрөсүн аябай жакшы байкашы керек. Мен тайларымдын колунда өстүм, Кудай жалгап, апам тарс-тарс сүйлөгөн, чечкиндүү адам. Маселе чыкканда “Апа, эркекче сүйлөшөлүбү же мындай эле сүйлөшөлүбү?” дейм түз эле. Апам “эркекче” дейт. Тарс-тарс эле сүйлөшүп чечишип алабыз. Эркекти чыныгы мырза кылуу үчүн жашоосун жеңил кылбаш керек. Үстүнө үйрүлүп түшпөш керек. Бала кезинен баштап эркектин ар бир күнү күрөшүү, кыйынчылыкты жеңүү менен коштолсо анык эркектик сапат пайда болот.
– Биздин чоң энелердей, апалардай аялдарды эми кезиктирбей калдык го. Алар 10-12ден төрөп, аларга жетишип, күйөөсүнө, ишине жетишип, анан сонун тарбия бергенге да үлгүрчү. Азыркы аялдар эч качан андай боло алышпайт. Экини төрөгөндөн кийин жүдөйт, чимкириги агып калат.
– Сүйүү – эмоция. Демек, анын башталышы жана бүтүшү бар. Сүйүп жатканыңда адреналин, эндорфин гормондору бөлүнүп чыгат. Иштебей жаткан мээнин булчуңдары иштеп кетиши мүмкүн, корккон нерсеңден коркпой калышың мүмкүн. Менин сүйүүмө келсек, эң жакшы учуру башталганы болду. Эмнеден бүтүп калды? Анализдегим келген жок. Бул теманы ойлонуп кирип алсаң токой экен. Бул бурулушта сен күнөөлүүсүң, кийинкиде тиги күнөөлүү, анан кайра сен. Күнөөлүү жана күнөөсүз тарап болбогондой эле, аягы жок. Анализдесем өзүмө эле оор болчудай, ошол үчүн ал эшикти жаап туруп, өз жолумду улантуу керек деп ойлодум.
– Жок, ал да, мен да “ажыраштык” деп айткан жокпуз. Эки жолдобуз деп айттык, Марал өзүнүн кесиби менен иштеп жүрөт, мен өзүмдүн кесибим менен иштеп жатам. Уулум бирде ал жакта, бирде мага келип турат.
– Жок, азырынча расмий түрдө ажыраша элекпиз.
– "Сүйүүнү достук деген сөз менен булгаба" деген сөз бар. Бет карашпай калуу планыбызда жок, бирок достук мамилени сактап калдык деген нерсени айтуудан да алысмын. Бири-бирибизди сыйлап, адамгерчилик менен мамилебизди улантабыз деп ойлойм.
– Ооба, мен окудум (күлүп). Ал мага жазылган, мага арналган деп кабыл алган жокмун. Экөөбүз кесиптеш катары гана жакшы мамиледебиз.
Атай Өмүрбеков: “Марал экөөбүздүн сүйүүбүз бүттү, аны анализдегим келбейт“
Автор: Наргиза Талантбекова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Өзүң айткандай чимкиригиң агып калбастыр.
Негизи ажырашкандан кийин эркек баланы багууга милдеттүү болот ислам дининде да.Аа сен буларды түшүнө бекенсиң.
Кайдан эртең эле жаш селкиге азгырылып балаңды унутаарсың.Сендейлердин табияты ушундай.Өзүңөрдү алдап балаңдан кабар алымыш болуп койгонуңар болбосо.