|
Кундуз Жолдубаева, КСДПнын өкүлү: “ӨЗҮ ЧЫККАНЫН АТАМБАЕВДИН БАГЫНЫП БЕРҮҮСҮ ДЕП ЭСЕПТЕБЕЙМ. БУЛ ЭЛДИ, МАМЛЕКЕТТИ ОЙЛОГОН АДАМДЫН ТУУРА ЧЕЧИМИ БОЛДУ”№876 15-21-август, 2019
– Абалы жакшы. Билесиздер, ал духу күчтүү адам. 10-август күнү Алмазбек Шаршенович менен анын өкүлү Сергей Слесарев СИЗОдон жолугуп чыкты, абалы туруктуу, духу бийик. – 2016-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоодо сунуш түшүп, КСДПга пиар жагынан жардам бергем. 2017-жылы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында иштедим. Программа, стратегияларды жазып, ийгиликке Сооронбай Шарипович менен бирге жеттик эле. Азыр эки жаат болуп калдык. Шайлоодо Жээнбеков үчүн иштегендин баары куугунтукка кабылды. Мына, жарымы абакта отурат. Жарымын кайра-кайра суракка чакырууда. Алмазбек Атамбаев – Кыргызстанда саясий баланс болуп турушу үчүн керектүү адам. Бийликке ачык сын айта алган оппозиция керек, ал – Атамбаев жана анын тегерегиндеги команда деп айтып эле жүрдүк. Сын айтат десе эле бийликтин колу-бутун байлап иштетпей коюу эмес. Каталарын айтып, жол көрсөтүп туруу. – Бирөөгө сөз берсем, бир ишке киришсем аягына чейин турам. Бул менин табиятым, мүнөзүм. Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши жаңы башталганда “Атамбаевди коргоп сага эмне жок? Систем кандай экенин сен билбейсиң” дегендер болду. Мен Атамбаевди эмес, идеяны колдоп жүрдүм. Максатым – Кыргызстанда социал-демократиялык принциптердин өнүгүшүнө салым кошуу. Өлкөдө бардык иштер тар кызыкчылыкка эмес, идеяга негизделиши керек. Алмаз Шаршенович да “менин миссиям бүтө элек” дечү. Бийликке жаңы жүздөрдү алып келүү багытында иштеп жатканбыз. Азыр КСДПнын мүчөлөрүн бирден суракка чакырып, басым көрсөтүшүүдө. Мени деле коркутуп “күбө эмес, кылмышка шектүү дегенге которуп салабыз” деп жатышат. “Коркутпагыла, негиз болсо которо бергиле” дедим. Учурдан пайдаланып президентке кайрылат элем: – Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз КСДПдан талапкер болуп чыкканда чын дилибиз менен иштеп бергенбиз. Жеңишти азыр сиздер жаптырып салган “Форумда” майрамдадык эле. Сизге ишенгенбиз. Сизди колдоп жүргөндөр бүгүн куугунтукка кабылды. Аны токтотуу сиздин гана колдон келет. Мамлекеттин башчысы катары укуктук баш аламандыкка бөгөт коюуңузду өтүнөм. Кыргызда жигитчилик деген түшүнүк бар. Өлкө башчысы катары адамдык сапаттарды да ойлоп, мурдагы тарапташтарыңыздын куугунтукка кабылышына жол бербесеңиз. – Ар түрдүү маалыматтар түшүп турган. 7-августта Атамбаев үйдөн чыгып тарапташтары менен учураша баштаганда сыртка унаанын келип токтогон үнү угулду. Балдар “спецназ” деп кыйкырып калышты. Жан сакчылар Алмаз Шаршеновичти үйгө алып кетишти. Артынан чуркап баратсам кичинекей бала качып баратыптыр. Аны кучактап туруп калдым. Тосмодон ашып түшкөн аскерлер келип “эже, отуруңуз” деп калышты. Мени коопсуз жерге алпарып коюшту. Аскерлер Атамбаевди издеп жатышты. – Андайда оюң бир жерде болбой калат экен. Баары чагылгандай тез башталып кетти да. Кийин эл келип, короодогу спецназдар качты. Үйдүн ичинде да калып кетишкен экен. Эч кимге баш ийбеген “толпа” түзүлүп калды. “Ок атпагыла” деп кыйкырып жаттым. – Ал түнү Алмаз Шаршенович үчүнчү кабатта болуптур. Ошол түнү тарапташтар “Атамбаев элге көрүнүп койсун, баары жакшы экенине ынаналы” деп жатышты. Ошондо Алмаз Шаршенович видеокайрылуу жасады. Ал түнү Атамбаев 3-кабаттан түшкөн жок. Албетте, өкүндү. Бир жоокерге ок тийип, каза болгонун айттык. Азыр “Атамбаев 3-кабатта туруп алып атты” деп жатышпайбы? Мен 3-кабаттан кан көргөн жокмун. Менде бири-бирин атып алыштыбы, же жоокерлерден куралды тартып алган атайын чагымчылдар аттыбы деген күмөн ой бар. Муну атайын комиссия, тергөө, укук коргоо органдары аныкташы керек. – Айтканы мындай да. Ал бирөөнү сатып кете турган адам эмес. “Жан сакчылары атты” деген сөз чыгып кеткени үчүн “курал менде гана бар болчу, мен аттым” деп жатат. Анын сөзүн башка нукка буруп, эми “Атамбаев өлтүрдү” дешүүдө. – Атамбаев өзү “азыркы бийликтин мыйзамсыз аракетине баш ийбейм” деп айтып жаткан. Мисалы, экс-президент статусунан ажыратуунун өзү мыйзамсыз. Азыр анализдеп көрсөк, алгачкы күнкү спецназ чагымчылдык үчүн атайын жөнөтүлгөнбү деген ойлор келүүдө. Ок атылып, жоокердин каза табышы боюнча жоопкерчилик азыркы бийликте жана укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринде турат. – “Кармаганы келсе, атам” деп айтып эле жатты да. Кандай ойдо айтты, аны Алмаз Шаршеновичтен сурабаптырмын. Бирок анын жеке үйүнө бастырып киришсе, анын аракети кандай болмок эле? Балким, коргонуу, коркутуу үчүн асманга аткандыр. – Бизге түшүнүксүз иштер болуп жатат. Элдик штабдын мүчөсү Залкар Бакировду туугандары 8-августтан бери таппай жатышат. Аны Көк-Жар жактан Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев менен бирге кармап кеткен экен. Сейит Атамбаевди коё беришти, Бакиров дале дайынсыз. Депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинаны кармап кетишти. Окуянын эртеси “Форумдан” Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, Эрмек Окенов, Темирлан Султанбеков жана башкаларды кармап кетишти. Фарид Ниязовду, Кыяз Смаиловду, Алга Кылычовду, Амантур Жамгырчиевди 2 айга СИЗО 1ге камакка алышты. Бүгүн Мирбек Айтикеевди 10-октябрга чейин камакка алыптыр деген маалымат түштү. Назгүл Мамытова менен жолдошун суракка алышты. Рита Борбукееваны УКМКга суракка чакырганы белгилүү болду. Мени да кайра-кайра суракка чакырып жатышат. – 8-август күнү мен да 3-кабатта элем, “Форумда” өтүүчү митинг тууралуу сүйлөшүп жатканбыз. Сыртта дагы штурм башталды, эшиктер бекилип, биз Алмаз Шаршеновичтин жанында калдык. Бир маалда газдын жыты келе баштады. 3-кабатка чыгып алгач министр Кашкар Жунушалиев сүйлөдү, андан кийин анын орун басары Курсан Асанов келди. “Чыгыңыз, жаман окуялар болуп кетпесин” дешти. Биз кеңештик. Элди ойлоп, дагы өлүмдөр болбосун деген ойдо Алмаз Шаршенович өз ыктыяры менен чыгуу чечимине келди. Бул чечим оңойго турган жок. Муну мен Атамбаевдин багынып берүүсү деп эсептебейм. Бул элди, мамлекетти ойлогон адамдын туура чечими. Чындык баары бир жеңет, биз сынбайбыз. Бизди коркутуп, оозубузду жаап жок кылабыз дешсе жаңылышат. Бийлик башка жолго өтүшү шарт. Өлкөдө оппозиция болушу зарыл. Эгер коом укук бузууларга көз жумуп отура берсек, анда эртең Атамбаев айткан Кокон хандыгында жашап калабыз. – Ал ошол жердеги элдин талабы болду. Спецназ кайткандан кийин “кеттик” деген ураандар чыкты. Түндө элди биз токтотуп калдык. Балким, арасында чагымчылар жүргөндүр. – Бул жерде Алмаз Шаршеновичтин саясий амбициясы болгон жок. Тескерисинче, ал бийликтин курмандыгы болду. Бийлик радикалдуу кадамдарга барбаса, биз өз ишибизди жасай бермекпиз. Партияны бекемдеп, шайлоого катышабыз деген эле оюбуз бар эле. – Менимче, Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келиши жөн эмес. Ал бийлик менен сүйлөшүп алып келди, болбосо аны аэропорттон эле кармап, УКМКга алпарып камап салышмак. Саясатта чоң өзгөрүү болуп, Абылгазиевдин ордуна Бабановду өкмөт башчылыкка дайындайт го деген ой бар. Бирок ушуну менен эле маселе чечилеби? Эгер бийликте чын эле Кыргызстанды өнүктүрөм деген ой болсо, анда Атамбаевге байланыштуу радикалдуу кадамдарга барбай, башка жолду тандашы керек. – Атамбаевдин абакта отурганы өкүндүрөт. Бирок бул баары бүттү дегендик эмес. Тынчтык болсо, чындык бир күнү чыгат. Эл Кыргыз жеринде Кокон хандыгынын орношуна жол бербейт деп ишенем. Автандил Добулбеков Атамбаевдин кармалышы күбөнүн көзү менен. КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева менен маек
Автор: Кызжибек Раимова, Автандил Добулбеков
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|