|
БИШКЕКТЕ «ТАЗАЛЫКТЫН» 2 КЫЗМАТКЕРИ БИР КҮНДӨ ИНТЕРНЕТ ЖЫЛДЫЗЫНА АЙЛАНЫШТЫ№884 10-16-октябрь, 2019-ж.
Адилет Туратбек уулу «Тазалык» муниципалдык ишканасында жүк ташуучу болуп иштейт. Кесиби боюнча музыка мугалими. Мугалимдердин айлыгы аз болгондуктан каарманым кесиби менен иштебейт. Ал бизге ырчылык кыялы тууралуу айтып берди:
Кичинемден ырчы болуу кыялым менен жашап келем. Бир ирет «Асман» теледолбооруна кастингге катышып, өтүп кеткем. Бирок кастингден кийин чакырышканда колум бошобой, бара албай калдым. Муну талант деп айтышат. Бирок мен аны талант деп эсептебейм. Ырдаганым азырынча мен үчүн хобби. Ырдасам жан дүйнөмдө башкача жагымдуу сезимдер болот. Ырчы болуп эл алдына чыгыш үчүн каражат керек. Бул видеодон кийин чыгармачыл адамдар чогуу ырдоону сунуштаса, сыймыктанып, өзүмө-өзүм суктанып, толкунданат болушум керек. Шыр эле макул болмокмун. Кыялымда Мирбек Атабеков менен, Бегиш менен ырдагым келет. Азырынча шаардын тазалыгына кам көрүп ушул жумушта иштеп жатам. Жумушум өзүмө жагат. Рэп стилиндеги ырларды жазам, аларды студияга алып барып жаздырып да калам. Интернетке жүктөсөм, досторум угат, ошол бойдон калат. Өзүм 50 cent, Эминем, Дима Биландын ырларын угам. Кыргыздардан Бегиштин ырлары жагат, өзгөчө «Эне тил» деген ырын көп угам. «Ага-ини» тобунун ырлары да жагат. Алмаз Арзыкулов «Тазалык» ишканасында санитардык тазалоо бөлүмүнүн улук мастери. Ал дагы кесиби боюнча мугалим. Каарманым азыркы жумушу, музыкага болгон кызыгуусу боюнча мындай дейт:
Адилеттин жумушка келгенине 3 ай болуп калды. Сурасам, музыкалык колледжде окуптур. Анан «бир күнү ырдап бересиң» дей берчүмүн. Бүгүн иштеп жүрүп эле мен скверге орнотулган пианинодо ойноп, ал ырдап, жаныбыздагы кесиптешибиз бизди видеого тартып калды. Ал видеону WhatsApp’тан кесиптештерибизге жиберип койгонбуз. Андан ары мэрияга жетип, мэрия Фейсбуктагы баракчасына жүктөп, тарап кетиптир. Ушунча бат тараганына, силердин таап келип калганыңарга да таң калдык. Өзүм кесибим боюнча тарых мугалимимин. Бюджеттик негизде ушул факультетке өтүп кеткендиктен окуп калгам. Бирок мугалимдердин айлыгын уккандан кийин башка жумушта эле иштейин деп чечкем. Ошол кезде сураштырсам, мугалимдердин айлыгы 2,5-3 миң сом болчу. «Тазалык» ишканасында 5 жылдан бери иштейм. Перизат Музуратбекова "Тазалыктын" кызматкерлери таланты менен коомдун алкоосуна арзыды
Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
issikkul5
![]() SUPER.KG видео
09.10.2019. 02:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Адилет, Алмаз !
bema_bema
![]() SUPER.KG видео
09.10.2019. 17:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетди,ата энем каза болуп калган десе.Аллахым жолуну ачык кылсын.
Isikkolumkeremet
![]()
14.10.2019. 14:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайм.бирок эми звезда оорусу мн ооруп кетпениздер.жигитке 70 онор аздык кылат деген ушу.айылда болсонор музыкадан сабак берсенер жакшы болмок.бизде ар кимиси бере берет.биологу деле....
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|