|
ТАГДЫРДЫН СЫНООСУНА СЫНБАГАН КЫЗДАР№885 17-23-октябрь, 2019-жыл
Салонду иштеткен кыздардын экөө тең 1-топтогу майып. Алардын бири Роза Бегалиева буга чейин дагы башка тармакта өзүн сынап көргөнүн айтат.
Автокырсыкка кабылганда 26-27 жашта болчумун. Кийин турмушка чыккан жокмун. Ушул күнгө чейин мени апам карады. Ал 50 жыл мектепте мугалим болуп иштеген, быйыл 78 жашка чыкты. Атам да мугалим эле, кийин айдоочу болуп иштеп жүрдү. 10 жыл мурда рак илдетинен каза болуп калган. Көзү тирүүсүндө мени алып барбаган жери калбады. Акыры табыптарга да көрсөттү, майнап чыккан жок. Биз 5 бир тууганбыз. 2 байкем каза болуп, 1 байкем, анан сиңдим калган. Сиңдим да мугалим болуп иштейт. Байкем балдары менен Ысык-Атада турат. Атам каза болгондон кийинки пенсияны жана майыптыгым үчүн бөлүнгөн акчаны кошкондо 5000 сом алам.
2000-жылдары азыркыдай адамды алаксыта турган телефон, Инстаграм деген жок, телевизорду да анча көрбөйт элек. Ошондо токуганды адат кылып алгам. Түнкү саат 3-4 болсо да токуп отура берчү элем. Кийин залакасы тийип, көзүмдүн көрүүсү начарлай баштады. Жакшы болуп калгандан кийин эле кол өнөрчүлүк менен алектенип, буюртма алып кийим токуп сатып баштадым. 15 жылдай ошентип иштеп жүрүп, былтыр токуганды үйрөтүүчү курс ачтым. Азыр бир нече шакирттерим бар, байпак, кофталарды токуганды үйрөнүп калышты. Окуган кыздардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир кыз бар. – Маникюр жасаганга мурдатан кызыгып жүрчү элем. Курбу кызым “ошону үйрөнүп алсаң чогуу иштешели” деп айтып калчу. Мен бир күнү Фейсбуктан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар үчүн бекер окутуу курсу тууралуу окуп калдым. Ошондон 30 чактыдай кыз визажист, маникюр, кирпик жасоо жана кулинария боюнча окудук. Окуунун аягында сынак өткөрүлүп, 1-2-3-орунду алгандарга белектер ыйгарылды. Визажисттерге косметика, маникюрду бүткөндөргө тырмак жасоого керектүү аппараттарды белек кылышты. Окууну бүткөндөн кийин Жылдыз экөөбүз иштегенге орун издеп жүрдүк. Бир нече ирет кардарлардын үйүнө барып маникюр жасап бердик. Кийин социалдык тармактардан жарнама кылып баштадык. Коомдук уюмдардын бири ушул азыр биз иштеп жаткан имаратты бекер берип, электр жарыгынын акысын төлөп бермей болду. Өзүм буга чейин бир салондо иштеп көргөм, акчанын 60 пайызын кармап калчу. Эми минтип өз алдынча иштеп баштадык. Биз башка жакта иштей албайбыз. Коляска менен кирип-чыкканга шарт болушу керек. Башка жерде эшиктер тар, коляскага ылайыкталган пандустардын жоктугунан кыйынчылык жаралат. 12-сентябрда салондун ачылуу аземин өткөрдүк. Ошондуктан азырынча өзүбүздүн тааныштар, туугандар, анан мурда үйүнө барып тырмак, кирпигин жасап берген кардарларыбыз эле келип жатышат. Салонубуз Бишкектин Сыдыков, 258 дарегинде жайгашкан. – Алдыда орундата турган максаттарым көп. Менден башка кол өнөрчүлүк менен алектенген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар бар. Алар да капчык сыяктуу сонун буюмдарды токушат, бирок аларды сата турган дүкөн жок. Ушулардын баарын бир жерге коюп сата турган дүкөн болсо деп кыялданам. Мисалы, кичинекей баланын токулган байпагы 250 сом болот. Бирок дүкөндөргө өткөргөндө 350-400 сомго сатышат. Бул байпак үчүн кымбат баа болгондуктан, биздин товарлар жакшы өтпөй калат. Өзүбүздүн баа менен бир дүкөнгө коюп сатсак кардарларыбыз көп болмок деп ойлойм. Социалдык тармактарда ишмердүүлүк кылган майып кыз-келиндердин баракчасы бар. Жасаган буюмдарыбызды Фейсбукка жарыялайбыз. Бирде жакшы өтсө, бирде өтпөй калат. Кээде кардарлар "кайсы жерге барып көрсөк болот?" деп сурашат. Үйдө такай болбойсуң да, дүкөнүбүз болсо ошол жерди айтып койсок кардарга да, бизге да ыңгайлуу болмок. Бул салондун экинчи чебери Жылдыз Иманбаева 10 жыл мурун бөйрөк оорусуна кабылган.
6 бир тууганбыз, мен төртүнчүсүмүн. Бир эжем, эки байкем, эки иним бар. Инилеримдин бири студент, бири келишимдик негизде аскер кызматында иштейт. Эжем турмушка чыккан. Бир байкем Улуттук көркөм сүрөт академиясында мугалим болуп иштейт. Ооруп калганда бир аз чүнчүдүм. Бөйрөгүм шишип, үйдөн көп чыга алчу эмесмин. Гемодиализ алган 15тей киши бар эле, ошолор менен убакыт өткөрчүмүн. Мамлекеттен 3000 сом пенсия алам.
Окуу курсун бүткөндөн кийин Роза эже экөөбүз чогуу кардарлардын үйүнө барып иштеп көрдүк. Бирок кардарлардын үйлөрү алыс болгондуктан, такси менен жүрүп кыйналдык. Анын үстүнө кирпик чапташ үчүн атайын орундук, лампа керек да. Ошондуктан үй шартында ыңгайсыз болот экен. Ошентип демөөрчү издеп жүрүп чакан сулуулук салонун ачып алдык. Башында тажрыйба топтойлу деп тапканыбыз жолго кетсе да иштеп жүрдүк. Колумду көндүрүш үчүн моделдерден материалдын чыгымына кеткен сумманы эле алып жүрдүм. Азырынча кардарларыбыздын баары тааныштар. Бирок бизде арзан, мисалы, 3D кирпик – 600 сом, 2D кирпик – 500 сом. Үй-бүлөбүздө чыгармачыл кишилер көп. Байкем скульптор. Андан таасир алсам керек. Азыр кагаздан гүл жасаганды да үйрөнүп жатам. Айпери Хожаева Тагдыр. "Майыпмын деп отуруп калбай, салон ачтык"
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Айбек Алимов, Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(4)
Nuri1988Elim2010
![]()
21.10.2019. 13:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллахым бекем ден-соолук,оорунуздарга шыфаасын берсин.Ишиниздер ийгиликтүү болсун.Азаматсыздар
Aisuluu160790
![]()
21.10.2019. 16:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсынар кыздар. Буюрса баардык жакшы кундор алдыда
Zimzimemir
![]()
22.10.2019. 04:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамтсынар кыздар,ишинерге ийгилик,бекем ден соолук.
Akumadi
![]()
23.10.2019. 12:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик кыздар кудай озу колдосун!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|