КОМУЗЧУ НУРЗАТ ОРОЗАЛИЕВА КАЗА БОЛДУ

№889 14-20-ноябрь, 2019-ж.


“Сезимдеги толгоо”, “Боз салкын”, "Чын курандын жетиси" жана башка бир топ күүлөрдүн автору, чебер комузчу Нурзат Орозалиева оорудан улам 44 жашында каза тапты. Комузчу 5 жылдан бери рак дартынан жабыркап келгенин анын жээни Мая Акматбекова айтып берди.

– Нурзаттын эмчектин рак оорусуна кабылганына 5 жылдай болуп калды. Айлабыз жок, ал ооруга жеңилип берди. Жароокер, ичинде кири жок жаркылдаган Нурзатыбыздан айрылып калдык. Акыркы туулган күнүндө чогулганыбызда кичинекей инибиз “Нурзат эже, 1000 жыл жашаңыз” десе, Нурзат “мен эми миң жыл жашабайм. Бирок күүлөрүм миң жыл жашаса экен” деген эле. Дагы жашаса далай күүлөрдү жаратат эле. Артында 12 жашар кызы калды.

 

Комузчунун Кыргыз улуттук консерваториясында чогуу иштеген кесиптеши, Кыргыз Эл артисти Улукмырза Полотов Нурзат Орозалиева өнөрү менен да, адамдык сапаты менен да мактоого татыктуу инсан деп эскерет:

– Нурзат аракетчил, тырышчаак эле. Көзү өткөндөн кийин баарын мактай беребиз го, бирок Нурзат мактоого татыктуу адам болчу. Жөнөкөй, шайыр, иштин майын чыгара жасаган сапаты бар эле. Күү чертип тим болбостон, күү чыгарып, концерт берип жүргөнүн билем. Нурзатты кайталангыс талант деп айтсак болот. Өмүрү кыска экен, гүлдөйүн деп жаткан убагында арабыздан кетип калды. Арты кайрылуу, жаткан жери жайлуу болсун.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Нурзат Орозалиеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу комузчунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

star@super.kg



Комузчу Нурзат Орозалиеваны жакындары эскеришет

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
18.11.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сармерденден коруп талантын баалап укчумун,черткен куулору бир укмуш болчу,Отунбаеваны котормочу кылып алганычы).Жаткан жери жайлуу болсун улуу таланттын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: