|
#RЕАКЦИЯ: БИЙЛИККЕ САРЫ КАГАЗ КӨРСӨТҮЛДҮ№891 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
Иликтөөдө Хабибулла Абдукадырдын 2017-жылы, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү инаугурациясында өлкө башчынын бир тууган агасы менен бир тууган эжесинин ортосунда отурган сүрөтү да көрсөтүлүп, талкууга түштү. Жарандык коом иликтөөнү эмоционалдуу кабыл алды. Иликтөөнүн фигуранттарына карата «камалсын», «жазалансын» деген талаптар айтылып, 25-ноябрда Бишкекте Ак үйдүн алдында 500дөн ашуун адам катышкан #REакция деп аталган акция да болуп өттү. Тынчтык акциясына чогулгандар өлкө жетекчилигинен иликтөөдө ысымы аталган Райымбек Матраимовдун камалышын, реалдуу реформаларды жасоону талап кылып, бийликке футболдогудай сары айып кагазын көрсөтүү менен тарап кетишти. Аталган иликтөөгө карата пикир айтып жаткандардын экинчи тарабы бул иликтөөнүн максаты – коррупциянын бетин ачууга эмес, көбүрөөк, бир фигураны каралоо, ошону шылтоолоо менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо аракетине окшошуп турат дешүүдө. Белгилүү журналист, "5-каналдын" жетекчиси Эрнис Кыязов «Азаттыктын» иликтөөсүн бир тараптуу деп сындап «эмне үчүн иликтөөдө мүмкүн болгон фамилиялардын баары айтылып, ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу бир ооз сөз жок?» деп суроо салды. Бул суроону Кыязовдон башка жарандык активисттер, эксперттер да узатып, дал ушул Атамбаевди айланып өтүп кеткен жагдай иликтөөнүн максатынан шек санатарын айтышты. Иликтөөдө кылмыштуу бизнес-мафиянын кожоюну делген Хабибулла Абдукадыр менен Атамбаевдин бизнес кызыкчылыктары бар экени буга чейин ЖМКларда айтылып жүргөн, бул жагдай «Азаттыктын» 2 иликтөөсүндө тең сөз болгон жок. «Саймаити Атамбаев менен Абдукадырдын байланышы жөнүндө да айткан болушу мүмкүн, айтпаган күндө да «Азаттык» калыстык үчүн ал тууралуу сурашы керек эле. Иликтөөнүн максаты конкреттүү бирөөлөрдү каралообу?» деген суроолордун айтылып жатышы ушундан улам. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбековдун Абдукадыр менен эч кандай жеке кызыкчылыгы жоктугун, Хабибулла Абдукадырдын инаугурация күнү президенттин бир туугандарынын Окуя боюнча Жогорку Кеңештин Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев өңдүү айрым гана депутаттары коңгуроо кагып, көпчүлүгү унчукпады. Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү адамы, депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, иликтөөдө айтылгандарды текшерип, укуктук баа берүүнү өтүндү. Бул жагдай Бабанов экс-чиновник Райымбек Матраимовго тиш кайраган бир окуяны эске салат. 2017-жылы Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоодо Бабановдун «Республика» партиясы утулуп калган. Ошондо Бабанов «шайлоо ишине кийлигишти» деп Райымбек Матраимовду күнөөлөп чыккан. Азыркы кырдаал Бабановго оңунан чыгып турганы түшүнүктүү. Бабановдун кыймылга келишинин мындан да олуттуу себеби – ал президенттик шайлоодо добуштар боюнча экинчи орунду алган адам. Демек, Сооронбай Жээнбеков отурган шаты кыймылдай баштаган абалды ал колдонбой өткөрүп ийбеси анык. Көп өтпөй Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты.
Мени кызмат ордума кайра коюу боюнча сот чечими чыккан соң өз каалоом менен Бажы кызматына кайра барбоону чечкем жана тынч жашоо максатында бизнес менен алектенейин деп чет өлкөгө кеткен элем. Ошентип сыртта жүргөн учурда мени каралоо акциясына бейөкмөт, коомдук уюмдарды да кошууга үлгүрүшүптүр. Ошол саясий топтор эми жаштарды жана өз өлкөсү үчүн күйгөн жарандарды азгыруу аркылуу аларды саясатта курал катары колдонуп жатышат. А мен тууралуу «Азаттык» айтып жаткан маалыматтардын баары жалган жана иш-аракеттери туура эмес. Мен өзүмдүн ал иштерге тиешелүү эмес экенимди кайсы жерде болбосун далилдей алам. Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүүнү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын,- дейт Матраимов.
Депутаттар Дастан Бекешев менен Алмамбет Шыкмаматов президенттен чуулгандуу иликтөөгө реакция кылууну, УКМК, Мамлекеттик бажы кызматы өңдүү органдардын жетекчилерин кызматтан алууну өтүндү. Мамлекеттик бажы кызматынын жообу баарынан кызык болду. Мекеме окуяга карата «бажыда контрабанда жок, болгон да эмес» деген жооп узатты. Ал эми Коопсуздук кеңеши кийинки жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда бажыдагы коррупция маселесин кароону убадалады. Интернет желесине Хабибулла Абдукадырдын Алмазбек Атамбаев менен кучакташа түшкөн сүрөтү да жарыяланып, бул инаугурациядагы сүрөткө жооп болду. Президент Жээнбеков өзүнүн аппараты, Атамбаев өзүнүн партиясы аркылуу Абдукадырды өздөрүнөн алыс түртүүгө аракет кылууда. Коомчулук болсо Хабибулла Абдукадырдын Жээнбековго да, Атамбаевге да тиешеси бар экенин түшүнүп турат. Автандил Добулбеков Бийликке элден сары айып кагазы берилди
Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Батырбек Зарлыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|