“КИЙИМ АБЕРЕСИЗ” ДЕП ТААНЫМАЛ БОЛГОН ЫРЫСГҮЛ: “ТАРАГАН ВИДЕОДОН УЛАМ ҮЙДӨН ЧЫГА АЛБАЙ КАЛДЫМ”

№893 12-18-декабрь, 2019-ж


Жакында социалдык тармактарда күйөөсүнө “кийим абересиз” деп чырдап жаткан келиндин видеосу тараган. Видеону социалдык тармактарда бөлүшкөндөр көп болуп, келинге карата ар кандай терс жана оң комментарийлер жазылды. Интернетте талкууга түшкөн

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Ырысгүл Макситова менен байланыштык.

– Саламатсызбы, Ырысгүл айым? Сизди "таанымал" кылган окуя качан болду эле?

– Саламатчылык. Бул окуя ушул жылдын сентябрь айынын башында болгон. Окуя болгондун эртеси тойго бармакпыз. Суук түшүп калгандыктан күйөөмдөн тойго кийгенге жукараак жемпир алып берүүсүн өтүнгөм. Экөөбүз базарга барганбыз. Бирок базардан “кийим эле дей берет экенсиң” деп кыйкырып мени уят кылып, эч нерсе алып бербей койгон. Ошого ыза болуп, күйөөмө “мага кийим алып бересиз” деп айтып жатканда ал мени видеого тартып алыптыр. Байкаган эмесмин.

– Кийим алып бер деп көп айтчу белеңиз?

– Мен өспүрүм курактан баштап эле кыз киши өзүн карап, жакшынакай кийинип жүрүшү керек деген ойдомун. Аял өзүн сыйлап, сүйсө, аны башкалар да сыйлайт. Ал эми күйөө аялына ошондой шартты түзүп бериши керек. Турмушка чыга электе апама, эжелериме эркелеп каалаганымды кийчүмүн. Мактангандык эмес, бирок жакшынакай кийинип жүрсөм, көргөндөр “каяктан таап алгансың?” деп суктанышчу. Ошол сыяктуу эле мода менен кийинип жүргүм келди. Жолдошумдун ою боюнча, бир туфлини жайында да, күзүндө да, жазында да кийиш керек экен. Ошондуктан ага видеодо жайында баланча, күзүндө түкүнчө кийишим керек деп түшүндүрүп жаткам. Ага чейин “100 миң сом акчам болуп калса, алып берем” деп айткан. Акчасы болду. Аны менен элге мактанды. Бирок мага “көрүп жатасың го, акча болбой жатат” деп койду. Ошого капа болдум.

– Жолдошуңуз кийим өңдүү муктаждыктарыңызды камсыз кылчу эмес беле?

– Такыр эч нерсе алып берген жок деп айтпайм. Жаңы үйлөнгөндө алып берчү. Кийин алып бербей калган. Тагдыр экен, аны менен 8 ай жашап ажыраштык. Ажырашуубуздун себеби башка. Чогуу жашаган учурда экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүз да көп болду. Ал мага ушундай жорук жасаса деле мен аны азыр да сыйлайм. Анын бактылуу болушун гана каалайм. Эки жолго түшкөн болсок, демек, мен анын оюндагыдай аял эмес экенмин деп түшүнөм. Бирок жолдошумдун азыркы жубайына "сенин башыңа келгенде гана менин абалымды түшүнөсүң, бирөөнүн көз жашына бакыт кура албайсың" деп айткым келет. Мен жолдошума жакшы эле кызмат кылдым, балдарды жакшы карадым деп айта алам. Күйөөмдүн мурунку турмушунан 4 баласы бар. 2 баласы биз менен жашачу. Мен аларды жакшы көрөм. Азыр да сагынып жүрөм. 3-класстагы кичүү баласы биз ажырашкандан кийин 1 жума менин жанымда жүрүп кетти. Жаман аял болсом, балдар мага тартылбайт эле да.

– Ал видео кантип социалдык тармактарга жайылып кетти?

– Кантип тараганын билбейм. Жолдошум менин эжеме жана өзүнүн эжесине жөнөткөн экен. Мен эжемдин телефонунан көрүп калып, өчүрүп салгам. Кийин курбу кызым чалып, бул видео социалдык тармактарга тарап кеткенин айтты. Карасам, YouTube'да жүрүптүр. Мен социалдык тармактардын айрымдарын эле колдоном. Ошол себептүү башка сайттарды караган жокмун. Видеонун элге чыгып кеткенин көрүп өзүмдү жоготуп койдум. Баарынан да куудулдардын мени тамашанын каарманына айлантканы капа кылып жатат. Мындан тамаша жасоону токтотууларын суранам.

– Күйөөңүздү кечире аласызбы?

– Күйөөмдүн видеого тартып алганынын өзү туура эмес. Ким аялын ошентип уят кылсын? Видео тарап кеткенге чейин эле тартып алганы үчүн кечирим сураган. Мен бул кылыгын кечире албайм. Ишенген, эң жакын адамым мага ушуну кылса, душмандын колунан эмне келет, билбейм. Кайсы күнөөм үчүн башыма ушундай күндөр келди, түшүнбөйм. Кандай болгон күндө да мен жолдошумду сотко берейин деген оюм жок.

– Талкууларга көңүл бурбай коё аласызбы?

– Азыр эмне кыларымды билбей калдым. Ал видео тууралуу унутуп коюп жашоомду улайын дейм. Бирок колумдан келбей жатат. Кыйын экен. Дос, туугандарым “капа болбо. Сен ал жакта жылаңач эмессиң, уят иш кылып видеого тартылып калган жоксуң” деп жоошутуп жатышат. Бирок видеону көргөндөр мен тууралуу жаман ойдо калышты. Муну ойлоп көчөгө чыга албай калдым. Мен эле эмес, эжелериме да катуу тийди. Эки жакка чыгышса эле видеону көрсөтүп, “сенин сиңдиңби?” деп сурап жатышыптыр. Комментарийлерден “бул аял жети баштуу жылан чыгыптыр го” дегенди окуп жатам. Жаман комментарий жазгандарга “эч нерсеге кепилдик жок. Эч ким эртең эмне болорун билбейт. Абайлап сүйлөгүлө” дегим келет. Азыр меникиндей абалды душманыма да каалабайм. Апам жакында каза болгон. Ал күйүттөн чыга электе ушундай абалга кабылып, кыйналып калдым.

– Көп ойлонбоңуз, баары ордуна келет!

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



“Кийим абересиз” деген келин: “Азыр мага дем алуу да оор болуп жатат"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
16.12.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жылт эткен жылдыз болду да. Акылдуу эркек аялынын кемчилдигин жашырат, акылдуу аял баарына сабыр кылат.
22.12.2019. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janym_balam,эн туура
16.12.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Капа болбоңуз.Мен сизди колдойм! Мындай диалог ар бир үйдө болот.Сиз уят иш кылган жоксуз! Туура,аял заты өзүн сыйлап,жасанып жүрүш керек,анан башкалар урматтайт.
16.12.2019. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Видеону көргөндө мен деле таң калгам бул келинге. Көрсө күйөө сөрөй ошого жеткирген экен, өзү аппак болуп видеодо. Интервьюларын окуп жапжакшына аял экенине көзүм жетти. Күйөөсүнө караганда бул эже эркегиреек экен, ушунча кылып видеону таратса да сыйлайм деп бир жаман сөз айтпады күйөөсү жөнүндө.Видеодогудай аял болгондо соттошуп, күйөөнүн мурдунун суусун агызмак. Кыргыздын бычака сап болчуу мырзалары жокко эсе болуп бараткансыйт чын эле.
lazygirl түзөттү 2019-12-16 11:01:17
16.12.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Андай эркек мн эртерээк ажырашып кеткенин жакшы болду, омур бою жыргатмак эмес саран эркек окшойт. Бирок озун да катуу кетин го, кийимдин жиндисимин деп. Баарыбыз эле кундо бирди кийгибиз келет бирок биз ойлогондой болбойт атпайбы.
16.12.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ооба эркек аялынын жаман жагын жашырып жакшы мамиле менен тарбиялап алыш керек.
20.12.2019. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
snikers.12,адамды кичине кезинде ата жнеси тарбиялайт. Күйөө ата жне жмес тарбиялагандай. Үйлөнгөн адамдар чоң адамдар кичине балдар эмес.
16.12.2019. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Мен бул видеодон эч жаман жагын корбодум ар бир Уй булоодо болуп турган корунуш .Алып бербесе не кылсын анан бар жогу тогорогу топ келип турса эч ким мындай дебестир.Эмне учун ушул видеону бири бирине жонотосунор мусульман мусулмандын айыбын жашырыш керекго .
16.12.2019. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Алтыным Сен мага аябай жактын.Алтындын асын алып берген эркекке баары эле ошентет.капа болбо эн сонун эле
16.12.2019. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Келин молодец экен! Озу да жакшынакай.Эч кандай жаман жагы жок ал видеонун.Ар бир уйдо болуп турган эле корунуш.Уят соз суйлобосо,эч качан чокпо.
16.12.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Куйоосу мурдун тарта албаган ботко окшойт, кийим алып бергенге алы келбесе
16.12.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сулуу келин экен
16.12.2019. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Красавица аялдар баарыле гулдой ачылып чачылып буркурап жургусу келет баарын уйундо бул проблема болуп турат! Видеого тартып эркектей болбогон эркек сорой корот озуда! Эжесине жиберип сени каралаганда катын чалаш Эрин! Ырысгуль инстаграмга кир видео тарт хайп карма инстаграмдан соонун иштейсин.
17.12.2019. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, силерда муну буяка жүктөп коюпсуңарго кыйраткансып.
17.12.2019. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйоосу слыыщщщщщким эле тупой экени байкалып турат
17.12.2019. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анын куйоосуно,оорубай кийинбей, ичинбей,оту менен кирип кулу менен чыгып журо бериш керек окшойт да. Ага аял эмес робот керек экен да.М: кочодо бироону менен жатса деле толоп жатат го. Же жок дегенде расход кылатго. Ага караганда бул аялыго
18.12.2019. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир жагы эркеке кичине ошол видеодогудай мамиле жасаш керек экен, жоош ту тебедеп тепсешет экен
18.12.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырыскүл эже капа болбоңуз,бул күндөр да өтүп кетет. Чынында Тынар Курбаналиев,Беш тапан тобу дароо бирөөнүн үстүнөн күлүп шылдың кылганыңар туура эмес.Өзүңөр ойлоп таап кызык нерселерди анан күлдүргүлө элди. Бирөөнүн үстүнөн даяр баса калбай.Ырыскүл эже менин кошунам.Өзүн карап аябай тыкан кийинген аял.Ички дүйнөсү да жаш баланыкындай таза,ак көңүл адам. Бул видеодо күйөөсүнө өчөшүп,ызаланып сүйлөгөнү даана көрүнүп турат...
SUPER.KG видео
18.12.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шарты болсо алыпберетеледа азыркы учурда сабыр деген жоголуп кетти
SUPER.KG видео
18.12.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымактуу болгулачы кагылайын алтындарым
19.12.2019. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куноонун баары эркек соройдо. Уй-булоодогу проблемасын эжесине,кайнежесине реклама кылган.ХХХХ эркектер кобойду. Аялды робот ордуна корушот,колдорунан эч нерсе келбейт. Кийим алып бербесе аялдын башы жети эмес 14 болот да. Ырысгул капаланба , уяла турган эч нерсе жок бул жерде. Доодур куйоон уялсын керек болсо
Модератор admin_portal түзөттү 2019-12-20 12:04:06
19.12.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
4 балалуу болгончо чыдап жашаган 1-аялына рахмат.
Мындайлар адам болбойт, ажырашып туура кылгансын. Бактылуу бол!
21.12.2019. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы мен сен жонундо жаман ойлободум, кайра куйоосу начар экен деп ойлоп калгам, эч капа болбо, сопсонун келин экенсин, багын ачылсын
23.12.2019. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен биринчи коргондо вайн экен дегем,вайн-атайылап тартылган видео го,озбектердин тилинде алардын аялдарын туурап суйлоп атат го деп каткырып коргом)))) жудааа,худо холяса худо холясса! эле деп атса кашын кагып,башын шылкылдатып,озбек аялдарды мазактап атат экен деп коём,корсо "родной" тили экен го))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: