|
МАТРАИМОВ МЕНЕН ЖМК ТИРЕШИ. 2-РАУНД№894 19-25-декабрь, 2019-жыл
Медалдын эки тарабы болгондой эле, бул окуяда дагы өз кадыр-баркын коргомокчу болгон жарандын укугу менен негизги демократиялык баалуулук – сөз эркиндигине басым көрсөтүү маселесинин тиреши башталды. “Мындай аракеттер сөз эркиндигине кысым көрсөтөт” деген ураандар айтыла баштаганда өзүн Матраимовдун адвокатымын деп тааныштырган Татьяна Карыжинская “Кыргызстанда ар бир жаран ар-намысын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу” деп билдирүү жасады. “Сабырдын да чеги болот. Коомчулукка Матраимовдорду коррупциянын символу катары көрсөтүп жатышат. Көзү өтүп кеткен адамдын көрсөтмөсү менен бирөөнү оор кылмышкерге айлантып салуу туура эмес. Биз укугубузду мыйзам аркылуу коргойбуз” деди адвокат. Ошол эле күнү арыздануучу соттон ЖМКлардын банктык эсептерин камакка алуу арызын кайтарып алганы белгилүү болду. 18-декабрда Бишкекте Ак үйдүн жанында “Rеакция 2.0 Сөз эркиндиги үчүн жана коррупцияга каршы” деген акция өттү. Чогулгандар 1 сааттай туруп, бир нече ураан таштап кыйкырып, прокуратурага кызыл айып кагаз көрсөтүү менен барабандын күүсүндө өздөрүнө жана тартипти камсыз кылып берген милиция кызматкерлерине кол чаап ыраазычылык билдирип, тарап кетишти. Бул акцияда жаш балдарды колдонуу, алардын колуна плакаттарды карматып сүрөткө, видеого тартуу фактысы суроо жаратты. “Балдарды ушундай иштерге колдоно берсе болобу? Бул балдардын үстүнөн манипуляция жасоо эмеспи?” деген суроолор интернеттеги социалдык тармактарда колдонуучулар тарабынан узатылып жатты. Автандил Добулбеков REакция 2 митинги: Прокуратурага жана сотторго кызыл айып кагаз берилди
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|