|
Гүлжигит Алыкулов, футбол боюнча Улуттук курамдын оюнчусу: “СЫЙЛЫК МЕН ҮЧҮН – ЖООПКЕРЧИЛИК”№895 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
– Бул наамга досторум, туугандарым, футболдогу өнөктөштөрүм аркылуу жеттим. Жаш туруп бул сыйлыкты алганыма кубанычтамын. Алам деп күткөн эмесмин. Валерий Кичин алат го деп ойлогом. Анткени ал Азия оюндарында жакшы оюн көрсөттү. Аземде экрандан сүрөтүм чыкканда залдагылар кыйкырып жиберишти. Жүрөгүмдө сөз менен жеткире алгыс сезимдер болду. Кубанганымдан сүйлөп жатып аябай толкундандым. Наам стимул болот экен. Мындан ары жакшы ойношум керек. Эми элдин көзүндө болом, алар колдоо көрсөтө башташат деген жоопкерчилик пайда болду. Мындан да жакшы аракет кылып, туура машыксам дагы да өсөм, элдин ишенимин актаганга бардык күчүмдү жумшайм. – Минамино алдыңкы оюнчулардын бири. Европада ойнойт. Биз менен ойноп жатканда жакшы оюнчу экенин байкадым. Ал эле эмес, Япония курама командасынын оюнчуларынын баары күчтүү экени байкалды. – Тажикстан менен болгон оюнду биз жакшы эле баштадык. Алар оюндун баштапкы 15 мүнөтүндө гол киргизишти. Андан кийин бүт оюнду биз колго алып аларга басым көрсөтүп, үстөмдүк кылып жаттык, пас, көзөмөл бизде болду. Албетте, бардык эле команда уткусу келет. Алар убакытты созуп, коргонуп жатышты. Бизге гол гана жетишпей калды. – Япония, Монголия, Мьянманы утсак чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок ал мүмкүндүк 50 пайыздан ылдый. Анткени Тажикстанды утушубуз керек болчу. Эми акырына чейин чыгабыз деп ишенебиз. – Ар бир оюнда жоопкерчилик болот. Жеңебиз деген ишеним менен чыгып, машыктыруучунун талабын аткарып аракет кылабыз. – Жаш футболчулар Улуттук курама команданын оюнчуларын көрүп өскүсү келет. Алар бизден да мыкты футболчу болушу үчүн стадиондор, футбол академиялары керек. Мисалы, “Алга” клубунун академиясы жок. Ал үчүн өкмөт, бийлик өкүлдөрү көңүл буруп жардам берип турса жакшы болмок. Башкаларды айтпай эле коёюн, коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандын заманбап стадиондору бар. Кыргызстанда 1 эле стадион бар. Бизге заманбап стадион жетишпей жатканын футболчулар эле эмес, эл дагы жакшы билет. Бардык шарты бар стадиондун курулушун эл да каалап жатат. Стадионубуз болсо башка өлкөнүн курама командалары менен оюн өткөрүп, өзүбүздүн курама команда өсө баштамак. – “Кайрат” жакшы клуб. Казакстандын ушундай чоң клубунан сунуш түшүп жатканына кубанычтамын. Бирок футболчу катары өскүм келет. “Кайратка” деле өтсөм болот. Ал жактан деле өсө алам. Бирок Европанын клубдарында ойногум келет. Кыргыз футболунун күйөрмандары да ошону эле күтүп жатышат. Агентим европалык клубдарга өтүшүмө болгон аракетин жумшап жатат. “Неман” (ред.: Беларустук клуб) командасы менен 3 жылдык келишим түзгөм. 1 жыл соңуна чыкты. Эми 2 жыл расмий түрдө алардыкымын. – Мурзаев Кыргызстандагы кумирим. Кичинекей кезимде анын ойногонун көрүп кумир тутуп алгам. Анын деңгээлине жеткенге аракет кылып машыкчумун. – Чын эле жакшы көрөт окшойт. Мирлан байке кайсы жакта болбоюн колдоп келет. Өзүм да 10-номерди жакшы көрөм. Өспүрүм кезимде дайыма 10-номердеги форма кийип жүрчүмүн. Мурзаев, буюрса, Улуттук курама командада дагы көп жыл ойнойт. Футболдогу карьерасын жыйыштырганда бул номерди берсе алам (күлүп). – Чоң оюндарга чыгып баратканда күйөрмандар кыйкырышат. Анда алардын сөздөрү угулбай калат. Инстаграмдан колдоо сөздөрүн жазган футбол сүйүүчүлөрүнө сиздердин гезит аркылуу ыраазычылыгымды билдирип кетейин. Алардын колдоосу абдан маанилүү. Азыр кээде көчөдө баратсам, эл таанып калып жатышат. – Башында апамдын тандоосу менен спорттук гимнастикага бардым. Андан кийин өзүмдүн чечимим менен күрөшкө бара баштагам. Футболду кичинекейимден эле жакшы көрчүмүн. Бардык балдар короого чыгып футбол ойношот го. Мен дагы ошолордун катарында болчумун. Көчөдө эле топ тээп жүрчүмүн. Байкем футбол менен машыкчу. Мен дагы ата-энеме барып “мени футболго бергиле” деп сурангам. Алар “Дордой” клубуна өткөрүштү. Владимир Садовский деген агай менин эң биринчи машыктыруучум. Жакшы ойногондор акча төлөбөй өзүнчө машыгышат. Жаңы келгендер акча төлөп машыгышчу. Мен дагы акча берип жаңы келгендер менен машыга баштагам. 3 күн ойногондон кийин машыктыруучум мени жана дагы бир баланы байкап калып “сен башкы курамда акча төлөбөй машыгасың” деди. Ошентип менин футболдук карьерам башталды. – Акыркы оюндар элдин колдоосуна алынышыма таасир берди окшойт. Бирок Япония менен Тажистанга гол киргизишим керек болчу. Айла жок, футбол ушундай экен. Топ тоголок дегендей. Бул сыйлык негизи улуттук курама командада жана “Неман” клубунда ойноп жүргөндөгү эң биринчи сыйлыгым болду. Абдан кубандым. – Албетте. Атам Жаныбек Алыкулов чоң юморист болчу. Ушуну көрсө аябай кубанып сахнага чыгып кетмек дедим ичимден. Ал азыркы жетишкендиктеримди көрсө жакшы болмок. Бирок бул Кудайдын буйругу экен. – Мен алгач кыздардын сулуулугуна көңүл бурам. Андан кийин токтоолугуна, ички дүйнөсүнө маани берем. Өтө узун, өтө кыска эмес, орто бойлуу кыздар жагат. Динара Абдыкадырова Гүлжигит Алыкулов "Жылдын мыкты футболчусу" аталды
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Батырбек Зарлыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Kanykei_95
![]() SUPER.KG видео
25.12.2019. 23:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
татыктуу,дагы да ийгиликтерди жарата берсин
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|