|
КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУС КАТТАЛДЫ! СУЗАКТА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ№907 19-25-март, 2020-ж.
Айта кетсек, 12-мартта республикалык штаб коронавирус катталган өлкөлөрдөн келгендер 3 категорияга бөлүнөрүн жарыялаган. 1-2-категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандар обсервацияга алынса, 3-категориядагы өлкөлөрдөн келгендер баштапкы текшерүүгө алынып, андан ары үйүнө коё берилери айтылган эле. Бул 3 жаран келген учакта 135 адам болгон, алардын баары табылып обсервацияга алынганы айтылды. Андан бери бир апта өттү, бул 3 адамдан тышкары бир учакта келген жүргүнчүлөрдүн канчасы вирус жуктуруп алганы, алардын андан бери канча адамдар менен байланышта болгону белгисиз. Ошто кичи ажылыкка барып келген 64, Баткенде 8, Ысык-Көлдө 16 адам жана Ысык-Көлгө Германиядан келген 2 кыз карантинге алынды. Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирусту ызы-чууга алдырбай, тартипке баш ийип, жеке гигиенаны сактоо аркылуу жеңсе болот деп жарыялады. Дүйнөдө коронавирус дүрбөлөңү жылдын башында эле башталганына карабай кичи ажылык сапардан келгендерди жөн өткөрүп, үйлөрүнө таратып жиберүү медицинасы алсыз, экономикасы чабал өлкө үчүн өтө оор кылмышка тете иш. Өкмөт мындай шалаакылыгы үчүн кандай жоопкерчиликке тартылат? Коомчулукту паникага түшүрбөй, ошол эле учурда жоопкерчиликтүү болууга чакыруу, тарбиялоо боюнча дагы өкмөттүн иштери мактоого татыктуу эмес. Эл Жогорку Кеңеш жана президенттен жооп күтүп турган чагы. Автандил Добулбеков Коронавирус Кыргыз өлкөсүнө жетти. Жалал-Абадда Умрадан келген 3 жарандан коронавирус аныкталды
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|