|
Төлөгөн Мамыров, ырчы: «КӨРҮШӨ ЭЛЕКТЕ ЭЛЕ УШУЛ КЫЗДЫ АЛАМ ДЕП ЧЕЧТИМ»№938 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
Төлөгөн: – Рахмат. Үй-бүлөлүк жашоо сонун экен. Бойдокторго үйлөнгүлө дегим келет. Муну билгенде 9-класста эле үйлөнүп алмак экенмин (күлүп). Биздин жашоо жомоктогудай. Мен азыр өзүм кыялдангандай жашап жатам. Төлөгөн: – Жубайымдын аты Айтурган. 18 жашта. Экөөбүз тең 18дебиз. Өмүр бою 18 жашта болобуз, ортодогу келишим ушундай (күлүп). Айтурган Ош облусунун Кара-Суу районунан болот, мен Ноокаттанмын. Кесиби – чачтарач. Айтурганга мени кесиби таап берди. Анткени Ош шаарындагы ырчы досторум чачын Айтурганга жасатышат экен. «Үйлөнүш керек, сүйлөшкөн кызым жок» деп жүрсөм, досторум «мүнөзүңөр окшош, ал да шайыр кыз» деп Айтурганды сунушташты. Сүрөтүн көрүп, «жаш го» дедим. Айтурган анда 17 жашта болчу. Социалдык тармактардан жаздым, тааныштык. Жазышканда мен элестеткендей жаш кыз жок, ой жүгүртүүсү кенен экен, пикирлерибиз бир жерден чыгып жатты. Азыр «чоң кемпирди кичирейтип койгондойсуң» деп тамашалап калам. Айтурган: – Мен ырчы экенин билчү эмесмин. Жазышып жатканда мен балдардан күткөн, бирок буга чейин уга элек сөздөрдү айтты. Үйгө келип эле апама «ушундай бала менен тааныштым, алам десе тием» дедим. Апам «кой, азыр жашсың, алдыңда эжең да бар, антип айтпа» деди. Төлөгөн: – Айтурган чечкиндүү. Башында мен да «эжең бар экен, аны күтөт экенбиз да» десем, «жок, тием» деди. Ой жүгүртүүсүн, чечкиндүүлүгүн, башка кыздардан башкача, менин оюмдагыдай кыз экенин көрүп, жолуга электе эле өзүмө «Төлөгөн, алсаң ушундай кыз аласың, мындан жакшы кыз таппайсың» дедим. Мен жолугушканга чейин эле ушул кызга үйлөнөм деп чечип койгом. Төлөгөн: – Алгачкы жолугушууга эле апам менен барып, экөөнү тааныштырдым. Апама «сизге жакса, алам» дегем. Жолугушуудан кийин апамдын кубанычында чек жок. Айтурган: – Мен эмнегедир сүрдөгөн жокмун. Мурдатан тааныш болуп жүргөн кишилердей эле сүйлөшүп кеттик. Төлөгөн: – Ооба, апам экөөнүн мүнөзү окшош. Апам да шайыр, ачык адам. Мен башынан эле апама окшош кыздар жагат деп айтып жүрөм. – Апама жакканын көрүп, машинага отурганда «апа, ушул жерден алып кетелиби?» десем, ал «жоолугум жок, балам» деди. «Базар жакын эле го, барып жоолук алып келе калабыз» десем, «көчөдөн жоолук алып саламбы? Жок, балам, келиндериме деп атаган жоолуктарым бар. Ата-энесинин батасын алып, колун сурап, жакшынакай алып кетебиз. Туурабы, кызым?» десе, артта отурган Айтурган «ооба» деп коёт (күлүп). Анан экөө сүйлөшүп кетишти. Мен таксисттей болуп эле четте калып калдым. Экөөнүн тил табышып кеткени мен үчүн чоң кубаныч болду. Төлөгөн: – Башында каршы болушту. Ата-энемди жиберсем макулдук беришкен жок. Бизде кыздын колун сураганда түйүнчөк түйүп барышат турбайбы. Ал салтты мен деле эми билдим. Кудалар макулдук берсе гана түйүнчөктү ачышат экен, ата-энеси ачпай коюшуптур. Эртеси үйүнө өзүм бардым. Түз кирип барып, апама гүл бердим да, төргө барып отуруп алдым. «Кана калпак?» дедим. «Эмнеге?» деп чочуп кетишти. «Мен күйөө бала болгону келдим» дедим. Апасы «ой, тобоо» деп таң калды. «Төрөтканага барып кыйналбай томпойгон уулдуу болуп жатасыз, жаманбы?» десем, «жакшы, бирок кызыбыз жаш, алдында эжеси бар. Анын үстүнө «Жубайыма» деген ырыңдан улам сени үйлөнгөн экен деп ойлоп, чочулаганбыз» дешти. Толкунданып жаттым. Бирок эмнегедир сөздөр өзү эле келе берди, аябай сүйлөдүм, тамашалаштым. Аягында батасын беришти. Чыктым да, ата-энеме «силер эптей албаганды мен эптедим. Куда кут болсун!» дедим. Төлөгөн: – Ооба. Ойлонуп көрсөм, апама тизе бүгүп гүл бере элек экенмин. Апама бере электе кызга беремби деп ойлонуп, алгач апама тизе бүгүп гүл бердим. Анын эртеси күнү гүл, шакегимди көтөрүп кайнежем, досторум болуп Айтурган бир жакшылыкта конок болуп отурган жерге кирип бардык. Ошентип тойдун күнү белгиленип калгандан кийин колун сурадым. Айтурган: – Ошол күнү чалсам албай, жазсам жооп бербей жаткан. Конокто жиним келип отургам. Анан эле сонун болуп кирип келди. Мага абдан жагымдуу болду. Төлөгөн: – Кыз-жигит катары кол кармашып баса алган жокпуз. 4 жолу жолуккандан кийин эле баш коштук. Биз азыр кыз-жигиттей болуп жүрөбүз. Төлөгөн: – Ооба. Мен үйдүн улуусумун. Иним үйлөнгөнгө чейин ата-энеме кызмат кылалы деп чечтик. Айтурган: – Жакшы, мага жагып жатат. Кайната-кайненем сонун адамдар. Алар мени өз кызындай кабыл алышты. Мен кээде келин экенимди унутуп калам. Колумдагы шакегимди көрүп эстеп кетип, жумуш кылып баштайм (күлүп). Жолдошум болсо мен кыялданып түшүмдө көргөндөй мырза. Жаман сапаты жок. Төлөгөн: – Бизде таң атпай эшиктин алдын шыпыруу салтка айланган. Өзүнүн да тарбиясы ушундай болгондуктан, андан кыйналган жок. Эртең менен ойгонсом, эшик шыпырып жүргөн болот. Бул үчүн тарбиялаган кайненеме рахмат. Анан чын эле кээде келин экенин унутуп калат. Менин карындашым экөө курбу болуп алышкан. Экөөнүн ынтымагын көрүп аябай кубанам. Төлөгөн: – Болбогон эле нерседен «туура эмес кылдың» деп бир ирет урушуп көрөйүн дедим. Бул урушпай эле «макул» деп койду. Уруша албайт экенбиз. Төлөгөн: – Баалап, колдоп турат. «Эмнеге ыр жазбай жатасыз? Мен тоскоол болуп жатамбы? Жалгыз калгыңыз келип жатабы?» деп турат. Эргүү келбей жатса эмне кылайын? Азыр үйлөндүм деп кубанып эч нерсе оюмда жок жүргөн чагым. Айтурган: – «Жубайыма» деген ыры абдан жагат. Төлөгөн: – Ал кайсы аялзатына жакпасын? Айтурган: – Жумшаксызбы? Төлөгөн: – Сен айт. Айтурган: – Ооба, ошол ырда айтылгандай жакшы жолдош. Төлөгөн: – Вау, рахмат! Төлөгөн: – Жумшак болгонго аракет кылам. Ал чыгармадан кийин баары эле менден жумшак жолдош болуумду күтөт да. Мен жумшак болгонго, түшүнгөнгө, колдогонго, колуна кол, бутуна бут болуп бергенге аракет кылам. Бирок менин да жубайыма талаптарым бар, аны моюнума алам. Төлөгөн: – Мектепти бүткөндөн кийин окуган эмес. Өзү деле окууга кызыкпаптыр. Өзү каалаган, сүйүп жасаган жумушу – чачтарачтык. Башында эле «окуйсуңбу?» десем, «окуп эмне кылам?» деген. Бирок мен жубайымды турмуш тиричиликке керектүү ийне саюу, тигүүчүлүк сыяктуу курстарга катыштырып үйрөтөм деп өзүмө сөз бердим. Айтурган: – Жок. Кыз киши өз адамын тапса, жашап кетерине көзү жетсе, баш кошо бериши керек.
Төлөгөн Мамыров: "Жубайыма жетүү үчүн үйүнө барып калпак кийгизгиле деп отуруп алдым"
Автор: Медина Найманова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Нак 18 жаштагы интервью болуптур))
Али жашоо алдыда, ылайым эле ушинтип жаш болуп, жашоонун кыйнчылыгына сынбай, билбей, бактылуу откуло!
Ушул оюңарда түбөлүк туруп бактылуу болгула