|
Сагын Эргешов, ырчы: “КАЙРАТ НУРТАС СОТКО БЕРЕМ ДЕСЕ ДАЯРМЫН”№938 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
Туулган жылы – “Баарыңардан бир жаш улуумун” Билими – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок Учурда – Ырчы Репертуарындагы ырлар: “Арман”, “Сени менден башка эч ким сүйбөсүн”, “Кусалык”, “Жүрөгүмө жашап алдыңбы?” жана башка – Салам! Макул, айтып берейин. Мен Өзгөндүн Шоро-Башат айылында туулгам. Үйдө чыгармачыл адамдар жок, жалгыз мен аралаштым. Бирок апам кичине кезинде ырдаганга кызыкчу экен. Атамдын болсо куудулдук жагы бар, тааныштар атама “куудул болсоң болмок” деп калышат. Үйдө 7 бир туугандын эң кичүүсүмүн. – 6-класста окуп жүргөнүмдө мектепке Маматпазыл Дубанаев аттуу музыкант агай келип, окуучуларды ырдатып көргөн. Ошондо бир топ окуучулардын арасынан мени тандап алып, ата-энем менен сүйлөшүп, мага ырдаганды үйрөтүп чыгармачылыгымды ойготту. Жубайы экөө мага өз баласындай мамиле кылышчу. Агайдын “Болбосун согуш”, “Күчүгүм”, “Ынтымак” деген чыгармаларын ырдап чыккам. Алар жергиликтүү радио, телеканалдардан кетип жүрдү. Ал агайым 2-3 жыл мурун каза болуп калыптыр. Арты кайрылуу болсун. Агайдын чыгармачылык жолума эмгеги чоң. – Ооба, жергиликтүү телеканалдарда иштегендер “алпаруучу бол, сага жакшы жарашат” деп кызыктырышкан. Алпаруучу болуп багытым бурулуп кетти. Азыр кайра ырчылыкка кайтып келдим. – Чогуу иштеген досторум “өзүңө иштеп көрбөйсүңбү” деп көп айтып калышты. “Жумуштан чык, ырда, жардам беребиз” дешти. Мен да көздү жумуп жумуштан чыгып кеттим. Мурдагыдай айлык жок, бирок нан таап жеш керек да, ошондо аракет кыла баштадым. Бир окуяны эстеп кеттим. Бул дагы менин ырдап чыгышыма түрткү болгон. Кичине кезимде бир ирет телевизордо Мирбек Иманбеков “Ата-эне” деген ырын ырдап жаткан. Ошондо апам “балдарымдан бирөө ырдаса, башка ырчылардай болуп бизди сахнага алып чыгып, ыр арнаса” дегенин угуп калдым. Ал сөз жүрөгүмдө сакталып калган. Кийин деле апамдын ошол кыялын орундатам деп жүрдүм. – Буюрса, 2021-жылы орундалат. Кийинки жылы Бишкекте тушоо кесүү концертимди берем деп пландап, даярдыктарды көрө баштадым. Ага чейин ушул жылы декабрь айында элден бата алайын деп Өзгөндө чай-концерт өткөргөнү жатам. – Ооба, тойдо тамада болуп да иштеп жүрдүм, ошондо акча чогултчумун. Ал акчама алгачкы “Арман” деген ырымды жаздырып, клип тарттырдым. Ошентип уланып кетти. Чыгармачылыгымды акырындап бир нукка салганга аракет кылып жол издеп жатам. Бир клибим миллион көрүүчү топтоду, жаман эмес. – Инстаграмдагы баракчасына, менеджер деп көрсөтүлгөн адамдарга кайрылдым. Бирок эч кандай жооп болгон жок. Болбой эле сотко берем десе берсин, ага да даярмын деп ырдап чыктым. Анткени ыр мага аябай жагат. Ошол ырды ырдайм деп көңүлдөнүп алгам. Мен бир нерсеге көңүлдөнүп алсам, ал болбой калса, кайра башка ишти башташым оор болот. Көп убакыт маанайым жок жүрөм. Кайрат Нуртас тараптан эч кандай реакция болгон жок. Бирок казак телеканалдарында талкуу болгонумду көрдүм. Ал жакта сүйлөгөндөр “кыргыз бир тууганыбыз да жакшы ырдаптыр” деген ойлорун айтышты. – Ооба, оор экен. Аны шоу-бизнеске аралашкандар түшүнсө керек. Менин устаттарым көп болгондуктан жеңил болуп жатат. Жалпы Өзгөн өнөрпоздору, анын ичинде Алтынай Нарбаева, Кенже Дүйшеева, Гүлзада Рыскулова менин устаттарым. Ушул адамдар менен кеңешип турам. – Алтынай эже менин чыгармачылыктагы апам. Ал да “сен менин көкүрөгүмдөн төрөп алган баламсың” дейт. Комментарийлерге “өзүңдүн апаң турганда башканы апа дейсиң, уятың жок” деп жазып калышат. Апам Бишкекке келгенде мени “чыгармачылыгына көз салып жүр” деп Алтынай апама табыштап кеткен. “Сага жол көрсөтүп жүрөт, анын үстүнө сенден бир топ улуу, эже дебей, апа де” деп мага да насаатын айтты. Ал киши өз апамдай эле кам көрөт. “Манты жасап койдум, чай ичип кет” деп чакырып турат. “Садагаң кетейин” деп эркелетет. Апам экөөнүн мүнөзү да окшош. Экөө тең жароокер, мээримдүү, эч кимдин көңүлүн оорутпаган адамдар. – Чыгармачылыкта рамка болбойт. Биз тасмалардан деле ачык кадрларды көрүп жүрбөйбүзбү. Жетелешкен, кучакташкан кадрлар баналдуу болуп калды. Чектен ашпай, бирок ошол рамкалардан чыгып романтиканы, азыркы жаштардын реалдуу жашоосун көрсөткөн клиптерди тартам. – Атайын эмес. Инстаграмдагы экөөбүздүн атыбыздан ачылган баракчалардын бирөөсүн да биз ачкан эмеспиз. Азыр да “экөө урушуп кетишкенби, чогуу сүрөт илбей калышты” деген талкуу жүрүп жатат. Чогуу жүрсөк “эмне эле ээрчишип жүрөсүңөр, соо эмессиңер” дейт. Айтор, жаза беришет. Азыр деле чогуу жүрөбүз, экөөбүз жакын доспуз. Жөн гана сүрөт илбей, тынч эле жүрөлү деп чечтик. – Сүйлөшкөн кызым жок. Буга чейин маегимде сулуу, фигурасы жакшы, өзүнө караган кыздар жагат деп айтып алып талкууга кабылгам. Андан кийин мындай кыздар жагат деп айтпай турган болдум (күлүп). Тажрыйбалуу адамдар өз адамыңды тапканда сезесиң дешет. Таба элек окшойм. Жубайым үйдө отуруп балдарымды караса, жумуштан келсем тамагын жасап, жакшы маанай менен тосуп алса деп кыялданам. – Мен жетишерлик таап келип жатсам, аялымдын үйдө отурганы жакшы го. – Болгонун болгондой айтып коём деп тепкиге кабылдым. Ал берүүдө обу жоктонуп жооп бериш керек эле, обу жоктонуп жооп бергем. Ошентип кабыл алып коюшсун. – Ооба, маанилүү. Эл эмне деп жатканын билишим керек. Колумдан келишинче мага жазылган ар бир комментарийге жооп берем. Мурун жаман сөз жазгандар менен айтышып кетчүмүн. Азыр антпей калдым. Фейктер жаза беришет. Балким, аны жанымда жүргөн эле адам жазып жатат. Перизат Музуратбекова "Эми мага жаман комментарийлер да жага баштады" дейт ырчы Сагын Эргешов
Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Кыз тепкичтен кулап кетейин деген ырында, декламация айтып аткандайле болгон)