|
Айыма Бекболиева, ырчы: «МҮНӨЗҮМ АТАМДЫ ТАРТКАН»№939 3-9-декабрь, 2020-ж.
– Саламатсызбы? Атым Айыма. 1-класстан 5-класска чейин түрк лицейинде окудум. Кийин жеке мектепке которулдум, азыр 7-класста окуйм. Ырдаганды, бийлегенди аябай жакшы көрөм. «Алга» тобунда үч жылдан бери солист болуп ырдап жүрөм. – Бул ырдын сөзүн, обонун ырчы Илима Дүйшеналиева жазган. Өзүм ырдайм деп жаздырган экен, бирок мага белекке берди. Мага да жагып ырдап чыктым. Клипти Баяман Осмонов тартты, сюжетин продюсерим, апам Анжелика Кайратовна менен биргеликте иштеп чыгышты. Клипте азыркы өспүрүмдөрдө актуалдуу болуп жаткан телефон аркылуу таанышуу, алгачкы сезимдер сүрөттөлөт. Моделдик агенттикте иштеген балдар тартылды, алар бийлегенди билишпейт экен, биз үйрөтүп жаттык. Мага кызыктуу болду. – Ырдаганды жакшы көрөм. Бала бакчадан, мектептен дагы ырдачумун. Азыр дагы бул нерсе мен үчүн кызыктуу. Бирок кийин ырчы боломбу белгисиз, балким, хобби катары гана калат. Чоңойгондо башка кесипти тандап каламбы, билбейм. Апам ырдаганды жакшы көргөнүм үчүн эле жардам берет, репертуарымда 4-5 ырым бар. Акыркы ырымды өзүм тандадым. – К-рор стили жагат, бирок мен америкалык ырчыларды сүйүп угам. Ариана Гранде, Тейлор Свифт сыяктуу ырчылардын ырларын жактырам. – Көп мугалимге вокалга барып жүрдүм, бирок эң көп Айжан Газиевадан сабак алдым десем болот. Жамиля Муратова, Илима Дүйшеналиева эжелерден да сабак алгам. – Токтоомун, бирөөлөр менен такыр урушкум келбейт. Менде атамдын да, апамдын да мүнөздөрү бар. Атамдын жоош, токтоо жагын тарткам, апамдын эл менен тез тил табышкан мүнөзүн алгам. Бирок бирөө жиниме тийсе же капа кылса, катуу жинденип кетем (күлүп). Сиңдим Элима мага караганда «шустрая». Эки сиңдим бар, Элима жана Айлин. Айлинди тамактандырып, чачтарын тарап, кийинткен жагат. Куурчак менен ойноп жаткандай жагымдуу (күлүп). Элима болсо курбум сыяктуу, кээде менин кийимдеримди сурабай кийип алат. Аны менен талашып-тартышып калабыз. Үйдө үчөөбүз калганда экөө мени угушат. Экөөнү тең жакшы көрөм. – Апам шайыр, аны менен эч качан зерикпейсиң. Туура эмес нерселерди жасап койгондо апам көп урушпай, сөз менен түшүндүрөт. Үчөөбүздү бирдей жакшы көрөт. Бирок Айлин кичине болгону үчүн ага бир нерселерди көп алып берет, көбүрөөк көңүл бурат. Айлин биздин эрке кыз. – Саякаттаганды жакшы көрөм. Мектепте саякаттоо уюштурулуп, көп жолу чет өлкөлөрдү кыдырганбыз. Венеция, Париж сыяктуу чоң шаарларда жана Италияда болдук. Ал эми каникул учурунда үй-бүлөбүз менен чогуу эс алабыз. Апамдар менен Түркия, Дубайга барганбыз. – Бар (күлүп). Кээде мектепке жолукканы келишет же студияга келип «таанышып алалыбы?» дешет. Социалдык тармактардан да жазган балдар бар. Бирок азырынча балдар мени кызыктырбайт, кичинекей кызмын да. «Алга» тобунда кыздардан эң бою узуну менмин, баары 16 жашта, а мен 13 жаштамын. Ошого эле мени чоң кыз деп ойлоп калышат окшойт (күлүп). – Үч топтун тең курамында болчумун. Азыр топту кыргыз тилинде «Алга» деп атап алганбыз. Анда Аяна, Мадина, Сезим деген кыздар бар. Мамилебиз жакшы, биз эже-сиңдидей эле болуп калдык. Мисалы, бирөөнө бир нерсе жакпай калса уялбай эле айтабыз. Апам баарыбызга бирдей мамиле жасайт. – Ооба, атама сырларымды айта алам. Аны менен тез-тез көрүшүп турабыз. Каникул убагында бизди көчөгө алып чыгат. Көпкө сейилдейбиз, кафеге отуруп сүйлөшөбүз. Атамды жакшы көрөм. – Азыр продюсерим апам, музыкалык директорум Илима эже болуп дагы башка ырларды даярдап жатабыз. Кийинки ырларым кыргыз тилинде болот. Баары жакшы болсо, балдар күнүндө жеке концертимди берем деп кыялданып жатам. Ошо, мени менен болуңуздар (күлүп). Нуржамал Жийдебаева “Апам ырчы болгону үчүн эмес, өзүм каалаган үчүн ырдагым келет“
Автор: Нуржамал Жийдебаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(12)
erik3
![]()
07.12.2020. 14:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Айыма. Ушундай сулуу, татынакай болуп журо бер. Сага ийгилик. Эн башкысы бул жашоодо эркин бол. Бироонун оюна коз каранды болбо. Ар кимиси артынан, астынан ушак айтып басынтып суйлой беришет. Кыргыздар бироонун ийгилигин коро албаган калкпыз. Аларга сен багынба. Мамаңдай озуно бекем бол. Озунду сулуу алып, жасанып журо бер жана ийгилик сени гана ээрчисин. Бар бол. Ар кимиси озунун коз карашын тануулай беришет. Сен алардын идеялогиясына жүгүнүп калба.
asyl1998
![]()
07.12.2020. 15:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыр, бий менен кобуроок машыккыла балдар жана кыздар. Адамдын ден соолугуна ото пайдалуу.
narynbek2001
![]()
07.12.2020. 19:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Айыма. Ушинтип бий, ыр менен машыгып жатсан толук колдойбуз. Бий менен машшыккандын ден соолугу, акыл эси да бекем болот. Дененин кыймылдап турушу бир эле ден соолука эмес акылга да он таасирин берет. Бийлегиле, ырдагыла
narynbek2001 түзөттү 2020-12-07 19:50:43
BemaAzat9290
![]()
08.12.2020. 08:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын ийгилик каалайм
Omyrova
![]()
08.12.2020. 15:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик жаш талантка.Канатынды күүлөп алыска уч.
fanatka19
![]()
08.12.2020. 20:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ийгилик Апандын эл деп соккон журогундой журок ар бирибизде болгондобу,бат эле онугуп кетмекпиз.
sabyr86
![]()
08.12.2020. 20:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер инфо Айзуура Иманвлиевадан интервью алыныздарчы,кантсе дагы эл акынын кызы эмеспи.Акын тууралуу Гулбу Ороскул тууралуу эскеруулорун уккубуз келет.Айзууранын тайнеси менен деги эле мамасы каза болгондон кийин достору менен мамилеси кандай ушул тууралуу суроолор кызыктырат.Достукту даназалап ырдаган Достор тобу эмне учун досуна эскеруу концерт беришкен жок.
sabyr86 түзөттү 2020-12-08 20:16:55
admin_media
![]()
10.12.2020. 11:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86,Сунушуңузга рахмат)
Asem-1995
![]()
09.12.2020. 00:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак жол жолуң ар дайым ачык болсцн
Jazgul2026
![]()
13.12.2020. 10:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам Супер Инфо Ынак Осмоналиевден интервью алгылачы,корунбой кеттиго ырдабай да калды.
Jazgul2026
![]()
13.12.2020. 10:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыма сага ийгилик!
meni_kut
![]()
13.12.2020. 13:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо илгерки эски ырчыларды таап интервью алгылачы,Кичинекей Гулмира, Артык сапар дуети Артыктан.Ташкент кызы Гулдон
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|