|
Эрлан Андашев, ырчы: «СУПЕР-ИНФО» МАГА ЧОҢ МОТИВАЦИЯ БЕРДИ»№940 10-16-декабрь, 2020-ж.
– Ассаламу алейкум, гезиттин жалпы жамааты, ардактуу мекендештерим! Баарыңыздарга Америкада иштеп жүргөн мекендештердин атынан салам айтам. Американын Огайо штатынын Цинциннати шаарында жашап жатканыма 8 жыл болду, өзүбүздү жергиликтүү сезип калганбыз (күлүп). Кайда жүрсөк дагы ар бир кыргыздын жүрөгү Кыргызстан деп согот. Муну айтпасак да түшүнүктүү. – Эртең же кийинки жылы деп айта албайм. Баары буйрук менен болот экен. Биз Америкага «1-2 жыл иштеп, кайра кайтабыз» деп келгенбиз. Карасак эле 8 жыл өтүп кетиптир. – Баарын сагынам, жеримди, элимди, туугандарымды, досторумду, көчөлөрдү, тамактарды жана башка. – Өзгөрдү. Жашоого, үй-бүлөгө болгон көз карашым өзгөрдү. Жашоону сүйүп жашаш керек экен. Бар нерсени баалаганды, учурду баалаганды үйрөндүм. Жашоодогу биринчи баалуулук – үй-бүлө. Андан кийинкиси – жакшы көргөн ишиң менен алек болуу. Өзүңдү кыйнап, каалабай эптеп-септеп иштебеш керек экен. Ошондой эле өлбөй жашачудай мамиле кылбаш керек. Анткени 5 же 10 жылдан кийин эмне болуп кетерин билбейбиз. Акчанын артынан чуркап да өмүр өткөрбөш керек. – Кыргызстандагы окуяларга көз салып турабыз. Бул окуя биздин убакыт менен кечинде башталды. Түнү менен көз ирмебей интернетти карап, сарсанаа болуп көрүп отурдум. Кайсы жакта болсо да ар бир мекендешибизди өлкөнүн келечеги ойлондурат деп ойлойм. Бул окуяда жаштардын көз карашынын өзгөрүп жатканын, туура жолдо келе жатканын көрдүм. Менде жаштарга үмүт пайда болду. – Спорт менен аябай катуу машыгып жатам десем туура болбой калат. Ден соолугума бир аз кам көрүп жатам. Ал бизге берилген аманат. Канча байлыгыбыз болсо да ден соолугубузга татыбайт. Ошондуктан баарыңыздарды спорт менен машыгууга чакырам. – Көкүрөктө жаткан чыгармачылык коё бербейт экен. Адам өзү жактырган нерсе менен алектенсе жумуш деп эсептелбейт тура. Менде жалгыз калган учурлар көп болот. Ошол маалда эргүү келет. Америкага келгенде чыгармачылыкты токтотуп, «шашпай убактым көп болгондо кайра ырдап баштайм» деп ойлогом. Америкада жүрүп деле ырчылыгымды улантууга Эрмек Нурбаев, Мирбек Атабеков жана Курал Чокоев түрткү болду. Эрмек Нурбаев 2 жыл мурун Америкага келгенде мени музыкалык долбооруна тартып кеткен. Курал Чокоев менен телефондон сүйлөшүп жатканда «азыр иштөөгө мүмкүнчүлүк болуп жатса, аны эмнеге эртеңкиге калтырасың, иште» деген. Мирбек Атабеков менен жолдо баратып ырларымды угузсам, ал дагы «ушул ырларды чыгарышың керек экен» деп калды. Ушул адамдар түрткү болуп, кайрадан ырдап чыктым. Баштап алгандан кийин токтотпогонго аракет кылып жатам. – Бул ыр «Эфир» телесериалынын режиссёру Нарбото Нарбаевдин сунушу менен саундтрек катары жазылган. Сөзүн Эрнис Түмөнбаев жазды, обону мага таандык. Негизгиси ыр чын жүрөктөн жаралды. Эл жакшы кабыл алат деп күткөн эмесмин. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет деген чын экен. Эл ырымды угуп жатканы чоң сыймык. Бул бизге чыгармачылыгыбызды мындан да мыкты деңгээлде улантууга чоң күч-кубат берет. – Учурдан пайдаланып «Супер-Инфонун» жамаатына ыраазычылык билдирем. Добуш берүүнүн акыйкат жүрөрүнө былтыр өзүм күбө болдум. Бул бизге чоң мотивация болду. Ирина Шотт менен пландар көп. – Ырчы айым менен ырдай турган «Бирге болом» деген ырым бар. «Кайсы ырчы кыз жеткире ырдай алат?» деп ойлонуп жүрөм. Мындан тышкары испан тилиндеги бир ырдын үстүнөн иштеп жатам. Алдыда мыкты деңгээлдеги, өзгөчө концертимди берүү максатым да бар. – Ооба, бул жылы бардык өлкөлөргө терс таасирин тийгизген апаат башталды. Кыргызстанда элдин бир муштум болуп бири-бирине жардам бергени жакшы көрүнүш болду, ал үчүн сыймыктандык. Чет жактагылар да колубуздан келген жардамыбызды бердик. Америкада өкмөт элине кол сунуп жатты. Бул жакта жардамга муктаж адамдар жокко эсе. Анткени баары жумуш менен камсыз болгон. Элге бир топ жеңилдиктер берилди. Мисалы, насыясы барлардын насыя төлөө мөөнөтү 3 айга узартылды. Бул жакта да насыя алгандар көп. Ал эми жумушсуз отуруп калган ар бир үй-бүлөгө 1200 доллардан берилди. Пандемияда элге көп кыйынчылык деле келген жок, анчалык көйгөй жаралганын көргөн жокпуз. – Бул жакта эл мыйзамды ыйык тутушат. Мыйзамды сыйлоо – бул тартип, өнүгүүгө карай жол. Мыйзам үстөмдүк кылганы үчүн бардык кызматкерлер өз иштерин жоопкерчиликтүү аткарышат. Адамдар бири-бирин сыйлоону, мамиле курууну да билишет. Мисалы, жолдон полиция тоссо, ал жаранды сыйлайт, өзүн тааныштырып, эмне себептен токтотконун гана айтпастан, «эмне үчүн жол чырактан туура эмес өтүп кеттиңиз? Балким, буга мажбур кылган себептер болгондур?» деп сурайт. «Кечиресиз, байкабай калдым» деп же дагы башка себепти айтып, түшүндүрүп бере алсаң коё берет. Кыргызстанда МАИ айдоочуга кыйын болот, айдоочу тараптан да сыйлоо жок. Биз мамиле курганды да үйрөнүшүбүз керек. Жөнөкөй мисал, Кыргызстанда бирөө бирөөнү тиктеп карап калса, «эмне карайсың, жакпай жатамбы?» деп орой сүйлөп кирет. Америкада мындай учурда ал сага жылмайып «салам» деп коёт. Ушундай үлгүлөрдү алсак болот. Перизат Музуратбекова АКШда жашаган Эрлан Андашев SUPER.KG порталына маек берди
Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Менимче Супер инфо гана эл ичинен таланттуу адамдарды элге алып чыгып, элге таанытып жатат окшойт.