|
Эльзар Өскөнбаева, ырчы: “ФОЛЬКЛОР ЫРЧЫЛАРЫ КӨП УЧУРДА ТАРТЫНЫП ТУРАБЫЗ”№940 10-16-декабрь, 2020-ж.
– Саламатчылык. Ооба, үй-бүлөм, балдарым менен үйдө элемин. Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинде жана Улуттук филармонияда иштейм. Эки жакта тең онлайн иштеп жатам. Азыр тойлорго гана барбасак, башка иштер үйдөн бүтүп жатат. Бирок жумушка барып келүүнү сагындык. – Мугалим болуп иштеп жатканыма 11 жыл болду. Шакирттеримдин алды Маданияттын мыкты кызматкери болушту. Филармонияда иштеп жатканы да бар. Алия Акылбекова деген шакиртим ырдап эл алдына чыгып жүрөт. “Таалай элеси” тобундагы Сурма менин шакиртим. Ал комуз менен жакшы ырдайт. Заман талабына ылайык эстрада багытында ырдап жүрөт. Алар маектеринде атымды атап калышса толкунданып кубанам. Устатты күтө билген адам устат болот деп коёт. Келечекте өзүмдүн устатым Роза Амановадай устат болсом деген тилегим бар. – Ооба, көбүнчө жаштар комуз укпайт, жаштарга көп таанымал эмеспиз. Улуу муундагылар “ушул кызым комуз менен ырдачу эле” деп таанып калышы мүмкүн. Биз, салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр, шумдук жылдыз болбосок да, “кыбыраган кыр ашат” болуп чакан күйөрмандарыбызга ыр тартуулап келе жатабыз. Андан артык кантип таанылыш керек экенин билбейм. Ал үчүн ички дүйнөсүнөн өзгөрүүлөргө даяр болуш керек окшойт. Же хайп жаратыш керек. Биз көп нерседен тартынабыз, көп нерсеге чек коюп алгандайбыз. Албетте, эч ким бизге чек койбойт, болгону өзүбүз жаңы ачылыштарды дароо жасап кете албайбыз. – Топко мүчө болгонума 6 жылдан ашты. “Бирик кыргыз, бириккенде байрагың бийик, кыргыз” деген концертти коюуга бир кыз жетпей калып, кыз издешкен. Ошол топто иштеген Мээрим Карыпова эже мени кастингге чакырып калды. Тоодо жүргөн жеримден шашып комузумду көтөрүп келип, кастингден өтүп кеткем. Ага чейин филармонияда иштеп калам деп ойлогон эмесмин. Мугалим болуп эле жүрө берем деп ойлочумун. Жетекчибиз Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев агайыбыздын талаптары катуу. Театрлаштырылган 5-6 концертибиз бар. Концерттердин сценарийлерин Аалы байке өзү жазат. Койгон режиссёру Алтынбек Максүтов. Ошол концерттерде актрисалык да кылдым. “Аял калп айтпайт, каңырыш угат. А эркектерчи?” деген концертибизди суроо-талаптар боюнча 11 жолу койдук. Ошол концертте “Боюнда бар 3 келиндин ушагы” деген интермедияны чын эле боюмда бар кезимде 7 жолу ойнодум. Кош бойлуу кезимде ойноо жеңил болгон. Ал эми жасалма ич салып алып ойногондо “ичим кыйшайып калган жокпу, түшүп калса эмне болот?” деп кооптонуп ойногом. – Жок. Актриса болом деп ойлочу эмесмин. Бирок Искусство институтуна тапшырганда мугалимдер “чачың узун, кашы-көзүң актрисалыкка туура келет” деп актрисалыкка бар дешкен. Мен болбой эле фольклор бөлүмүнө окуп алгам. Азыр биздин аткарганыбызды көргөн профессионал актрисалар кемчиликтерди табышса керек. Бирок аракет кылып жатабыз. – Кенедей кезимде эмнени кааласам, ошонун баарына жеттим. Бирок дүкөнчү боло элекмин (күлүп). Жаш балдар таттууларды жакшы көрөт да, кичинемде “таттуу саткан дүкөнүм болсо” деп кыялданчумун. Балким, келечекте дүкөн да ачып калабыз. Кийин 5-6-класска келгенде устатымды теледен көрүп калып, ага суктанып, ырчы болгум келе баштаган. Ошондо эле комуз черте баштадым. Бирок бизде комуз ийрими жок болчу. Өзүм эле черте берчүмүн. Кызыгы, кыйын чертем деп ойлочумун. Бул жакка шумдук ойнойм деп ойлоп келгем. Эже-агайларымдын ойногонун көргөндөн кийин “комуз черте албайт турбаймынбы” дедим. Азыр деле үйрөнүп жатам. Комуз түгөнгүс кенч, каза берсең тереңдей берет. – Жеңил эмес, бирок жетишкенге аракет кылам. 3 балам бар. Кичүүсү бирге чыгып калды. Жолдошум, кайын журтум колдошот, балдарды карап жардам беришет. Ошондуктан иштеп жүрөм. Жолдошум “ырдаба” десе, мугалим болуп деле жүрө бермекмин. Гастролго чыгуума да каршы чыкпаган түшүнүктүү үй-бүлөм бар, Кудайга шүгүр. – Ооба. Жолдошум музыкага жакын адам. Ага жакпаса ырдабайм. Анткени ал музыканы жакшы түшүнөт. Кайнатам комуз чертип ырдаган киши болуптур. Кайненем да жакшы ырдайт. – Сиз уят болгон окуя... – Шайлоо учурунда үгүт кампаниясында иштеп жүргөнбүз. Бир жерге барсак, жыгачтан сахна жасашыптыр. Сахнага чуркап чыксам эле, туфлимдин такасы жыгачка кирип кетип, чыкпай калды. Ырдап жатып такамды чыгарам деп ары-бери кыйшаңдай бердим. Эл эмне деп ойлоду, билбейм. Сахнанын ортосуна жетпей калып, ырымды аягына чейин сахнанын четинен жылбай ырдагам. Дагы бир ирет тойдо эки жашты тепкичтен чыгарып баратсам кыз көйнөгүнө чалынып, мени да тартып кетип кошо кулаганбыз. Бир чети күлкүлүү, бир чети уялткан окуялар. – Тун уулумду төрөп, эне статусуна ээ болгондо дүйнөдө мен гана бактылуу болгондой сезгем. – Жаңы ырдап чыгып жүргөндө бир эфирге бардым. Ырдайм деп бир күн кечке суук студияда кезек күтүп отургам. Бирок Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттерден мага кезек жетпей калды. Кыскасы, мени тоготпой коюшту. Ошондо “карап тур, кийин өзүңөр чакырып каласыңар” деген элем. Азыр жандуу ырдагандарды эфирге көп чакырышат. “Ырларымды алчу эмес элеңер. Азыр чакырып калдыңар” деп күлүп калам. – Жаш балдар сабалган окуяларды уксам калчылдап жаман болом. Бир жолу жаш баланын сабалганын видеодон көрүп алып, катуу ойлонуп кетиптирмин. Үйдүн алдында күндө айланып өтүп жүргөн темирдин үстүнөн өтүп кетип, унаанын асты түшүп калган. Перизат Музуратбекова Элзар Өскөнбаева: “Фольклор ырчылары көп нерседен тартынып турабыз”
Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
Janusia
![]()
15.12.2020. 12:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элзар, ийгилик сага! Унун абдан укулуктуу.
sabyr86
![]()
16.12.2020. 19:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ырдайсын комузун колунан тушпосун.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|