|
Чолпон Талипбек, ырчы: “ТАТЫКТУУ МЫРЗА ЖОЛУКТУРА ЭЛЕКМИН”№942 24-30 декабрь, 2020-ж Музыкалык долбоордун кастингинен өткөн катышуучулар радиого келип маек берип жатышканын угуп кыз чебелектеп жиберди. “Мен да кастингден өтпөдүм беле? Эмнеге мени чакырган жоксуңар? Анкетамды издегилечи” деп радионун телефонун тешип улам чала берди. Музыкалык долбоордун продюсерин көк бет кыздын мүнөзү кызыктырды. “Бул кыздын мүнөзү укмуш го, келип көрсүнчү” деди. Бул кадам экөөнү тең адаштырган жок. Бири өз киндигин өзү кесип тагдырына бурулуш жасаса, экинчисине таланттуу, сулуу ырчынын продюсери болууга шарт түздү. Ошентип мындан11 жыл мурун кыргыз эстрадасына Чолпон Талипбек аттуу бийкеч кадам таштады. – Бул жылы туулган күнүмдү өзгөчө тосоюн дедим. Анткени жашоомдун жаңы этабы башталып жаткандай сезилди. Ошондуктан жалгыз саякатка чыктым. Бул саякат жан дүйнөмө керек болуп турган. Анын үстүнө карантин маалында үйдө отуруп депрессия болдум. Сиз айтып жаткандай, “30 жашка чыктым, эмнелерге жетиштим?” деп ойлондум. Жаңы дем, жаңы күч топтоп келиш үчүн Түркиянын Бодрум шаарына барып туулган күнүмдү белгиледим. Унутулгус туулган күн болду. 30 жаш – жаштыктын толуп турган учуру. Бул жашымда тоону томкоруп жибербесем да, эң башкысы, кичинекей кезимдеги ырчы болуу кыялымды орундаттым. Азыр сүйүктүү жумушум бар, жакындарым жанымда. Аларга жардам бергенге, каалаган белектерди тартуулаганга кудуретим жетет. – Жеке жашоомдо баары жакшы. Мен үчүн жалгыз жүрүү нормалдуу көрүнүш. Жөн эле мамиле кургум келбейт. Азырынча татыктуу мырза жолуктура элекмин. Баарынын өз убактысы болот. Быйыл чыгармачылыкка басым жасайын деп чечтим. – Эң негизгиси, өзүңө жакын болгон теманы көтөрүп чыгуу, өзүңө жаккан стилде кийинүү, өзүңө жаккан жанрдагы ырларды ырдоо. Тандоо мүмкүнчүлүгү бар эркин артист болуу. – Биз ашпозчу сыяктуу жаңы даамдарды тартуулап турушубуз керек. “Элге ушундай ырлар жагат турбайбы” деп бир өңчөй ырларды аткара бербей, изденип турушубуз зарыл. Жаңылануу киргизгенге аракет кылып келем. – Менин оюмча, сүйгөн кесипти аркаласаң эч качан иштебейсиң. Жакындарым “кыз киши жакшы кесиптин ээси болушу керек. Жылуу-жумшак жерде эсепчи болуп иштейсиң” деп финансы техникумунда окутушкан. “Ушул окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрсөң өзүң каалаган кесипти аркаласаң болот” дешкени стимул берди. Окуу жайды бүтөрүм менен дипломду ата-энемдин колуна карматып, көкүрөгүм самап жаткан каалоону орундатыш үчүн Искусство институтунун режиссура кафедрасына тапшырдым. Ырчы болуу кыялым коё бербей койду. Каякта кастинг болбосун биринчи чуркап жөнөчүмүн. Биздин муун “Фабрика звёзд”, “Народный артист” сыяктуу долбоорлорду көрүп чоңойду. Ошондо “мен дагы Москвага барып, кастингге катышып ырчы болом” деп ойлочумун. “Non-Stop” дуэтине кошулганым тагдырыма бурулуш жасады. “Кастингди эмне кыласың? Сахна кыз кишиге болбойт” деп жүргөн жакындарым чыгармачылыгым жемишин бере баштаганда колдоп башташты. – Ар бир мезгилдин жакшы жактары болот. Мага жашоомдун азыркы этабы жагат. Башында кандай болот деп коркуп жаткам. “Non-Stop” дуэтине келгенде 19 жашта болчумун. Ошол топто жүрүп чоңойдум. “Бул жакка барасыңар, муну кыласыңар” деген бирөөнүн жетегинде жүргөнгө көнүп калыптырмын. Жалгыз иштеп калганда кыйын болду. Бирок жарым жылдан кийин буга чейинки жашоомду бирөөгө артып койгонумду сездим. “Эми жашоомо, чыгармачылыкка болгон жоопкерчиликти өз колума алышым керек” деп иштеп баштадым. – Карантин маалында 10 килограммга толуп кеттим. Мындан улам хейтерлер көбөйүп кетти. Маектерден качып, эч жакка чыкпай, толгонумду көрсөтпөгөнгө аракет кылып үйдө эле отуруп калдым. “Арыктаганда фотосессия кылам. Арыктаганда клип тартам” деп жашап калат экенсиң. Бирок бул туура эмес экен. Ошондо өзүмө чакырык таштап “ушундай темп менен кете берсең 50 жашта ойгоносуң. Жапжаш кезимде эмнеге ушинттим деп өкүнөсүң” деп өзүмдү колго алып спорт залга жазылдым. “Зона комфорта” дегенден чыкканга аракет кылдым. Бир жарнамага чакырып жатышкан, андан баш тартып жүргөм. Макул болуп тартылып, видеону жүктөсөм хейтерлер толтура болду. Алардын ачуу сөздөрү да керек болчу. Окуп алып “жок, мен андай эмесмин. Сөзсүз калыбыма келем, келбетиме, ден соолугума кам көрөм, жетишет” деп иштеп баштадым. Башында хейтерлерге ыйлачумун. Чыгармачылыкта жүргөнүмө 10 жыл болуптур. Иммунитет пайда болду. Жакындарымдын, мени урматтаган адамдардын оюн сурайм. Кээ бирлер “ойлонуп калсын” дегендей атайын ар кайсыны жаза беришет. Андай сөздөргө сынбайм. – Сырлары деле жок. Туура тамактанам, жаман адаттардан алысмын. Спортко жакынмын. Көп жөө басканга аракет кылам. Апам экөөбүз ээрчишип алып сейилдейбиз. Карантин маалында туура тамактанбай калгам. Кайра өзүмдү колго алдым. – Апам өзгөчө адам. Өтө мээримдүү, боорукер. “Сиз өтө эле боорукерсиз. Мындай кылсаңыз болмок” деп калабыз. Ал бизди ишеним менен тарбиялады. “Антпе-минтпе” деп чектеген жок. “Силерге ишенем, мени уят кылбайсыңар” дечү. Ушул принцип менен өстүк, ишенимин актадык. Сиңдилерим Мадина менен Медина “апам биздин тумарыбыз. Апам менен кайсы кастингге барбайлы сөзсүз өтүп кетебиз” деп айтып калышат. Ошондуктан апабыз ар бир жасаган кадамыбызда дайыма жаныбызда жүрөт. Бир жолу аларды Казакстандагы долбоорго чакырышканда апам “болду, Казакстанга көчөбүз. Мади менен Меди кыйналып калышпасын. Мен силер менен барам. Эч нерсеге кабатыр болбогула, баары жакшы болот, үй сатып алабыз” деген. – Жакында “Барба” деген ырымды тартууладым. Карантин учурунда аялдарга карата зомбулук көбөйүп кетти. Көп учурда аялдар элдин, үй-бүлөнүн сөзүнөн чыга албай, арыз жаза албай же жазган арызын кайра кайтарып алганга мажбур болушат. Кордук көрүп жашай беришет. Ошол нерсени ырым аркылуу көрсөттүм. “Барба, ансыз деле жашай аласың. Биринчи орунга өзүңдү, бактыңды коюшуң керек. Жашоо бир гана жолу келет” деген ойду бергим келди. Теле, радио жаатынан да сунуштар түшүп жатат. Жакында Бишкекте жаңы радио ачылат. Ошол жакка ди-джей катары чакырышты. Эртең мененки шоуну алып барам. Угармандар менен баарлашканды сагыныптырмын. Алар үчүн да, мен үчүн да кызык болот. Андыктан Жаңы жылда жаңы долбоорлордон көрүшөбүз. Динара Абдыкадырова Чолпон Талипбек, ырчы: “Мага жашоомдун азыркы этабы жагат“
Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(9)
Asel69
![]() SUPER.KG видео
26.12.2020. 21:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чолпон абдын сулуу кыз. Коздору бакырайган кыз
ainura220888
![]()
28.12.2020. 13:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озуда синдилерида аябай жагат
jengoo
![]()
28.12.2020. 14:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3чу размерге чонойтоюн денен оюу бар бекен
Datka7777
![]()
28.12.2020. 20:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
З0 жашка чыкканча оз тенинди эмес озунду таппай калган экенсин! Маселени жигиттерден эмес озундон изде анда
Ais8
![]()
28.12.2020. 21:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
30 жашка чыгыпсын тенинди таап турмушка чык эми
Baktyluu_bolgum_kelet
![]() SUPER.KG видео
28.12.2020. 23:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч жакпайт.Уну да жок Кыйындыгынан эле жүрөт сахнада
Nursul
![]()
29.12.2020. 10:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой койгулачы ай көрүнбөй кеттиңиз десе үйдө жөн жатпай ушунча ыр жаздырдым клип тарттырып да жетиштим деп урдура беришет же сапаттуу ырлары жок тиякта эс алып келдим бийякта эсалып келейин деп жатам дегенинердин элге не кереги бар анын
Isikkolumkeremet
![]()
30.12.2020. 23:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын.нон стоп дуетинер тарап кеткени олло жаман ичим ачышты.соонун пара эленер.быйыл созсуз куйооого тием деген кинодо да сонун аткаргансынар
Arlenchik
![]()
01.01.2021. 22:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан куйоого чыгары менен силердин ишинер эмне!Буйруган кунун чыгат да,сындаганга кыйынсынар,же бир озунор ошого татыктуу болсонорчу.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|