|
Ая София Шамшиева, Болот Шамшиевдин жубайы: "Ортобуздагы 39 жашка карабай бактылуу жашадык"№942 24-30 декабрь, 2020-ж
– Ооба, байкаганыңыздай, оор жыл болду. Мен үчүн, балдарым үчүн андан да оор. Анткени булар атасына аябай жакын эле. Эми алаксып келе жатканда кычап карантин болуп калды. Ал дагы кошул-ташыл болду. Жакшы жагы – бир туугандарым, атабыздын достору, жакшы мамиледе жүргөн адамдар бар. Алар чалып алаксытып, колдоо көрсөтүп турушту. – Бул атабыздын каалоосу болчу. Бизди, балдарды элдин көзүнөн кызганып, суук көз, суук сөздөн сактаар эле. Мен карапайым эле жашоодо чоңойгон кыз элем. Көп адам топтолгон жерден сүрдөп, тайсалдап турчумун. – Болот Төлөнович менен 2007-жылы таанышкам. Ошол учурда аябай оор абалды башынан өткөрүп жүргөн экен. Мурунку аялы менен болгон чырды коомчулук билсе керек. Ошол стресс менен жүргөн учуру экен. Мен анда жаш кыз болчумун. Бир тааныш эже «аябай жакшы адам бар, оор абалда жүрөт, жардам берип коёлу» деп айтып калды. Оюмда эч нерсе жок эле кафеге баргам. Таанышып, сүйлөшүп отурдук. Эртеси ошол эже «ушул киши кор болуп калды, үйүн жыйнап берип койбойлубу?» деди. Чочуп «эже, бирөөнүн үйүн жыйнап көргөн эмесмин» десем бир нерселерди айтып көндүрдү. Бул атабыздын суранычы менен уюштурулган нерсе экенин мен кийин билдим. Эжеге «мага жакшы кыз керек эле, балалуу болгум келет» деп айткан экен. Мени жактырып калганын кийин билдим. Мына ушул отурган үйгө келип жардам берип кеткенбиз. Ошондон кийин тааныш болуп калдык. Мени күндө жумуштан тосуп алып үйүмө жеткирип, абалымды сурап турчу. Камкордук кылчу аябай, мен да көнүп калдым. Ошентип 9 айдан кийин уулубуз төрөлдү. Дагы 1 жылдан кийин экинчи уулубуз, кийин кызыбыз төрөлдү. – Мен айылда төрөлүп, чоңойгом. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайда окугам, кесибим – экономист. 10 бир тууганбыз, атамдын каза болгонуна 20 жылдай болуп калды. Бизди ата-энем «өз эмгегиңер менен нан таап жегиле» деп катуу тарбияда чоңойтушкан. Менимче, ошол жөнөкөй мүнөзүм, көп нерсеге чыдамкайлыгым жакса керек. Оор жумуштан эч коркпойм. Ал чоң маселе көргөн нерсени мен тез эле жайгарып «ушундай эле болот» десем сүйүнүп, «сен айылда өскөн үчүн тың турбайсыңбы» деп калчу. – Атабыз менин жашым тууралуу такыр айткысы келчү эмес. Кызганчубу, билбейм. Ал менден 39 жаш улуу болчу. Жаңы баш кошкондо ал «бул 40 жаштан ашкан келин, жаш деп ойлобогула» деп тамашалап калчу (күлүп). Бирок жаш айырма такыр билинчү эмес. Ал болгону цифра эле болчу. Болот Төлөнович үйдө аябай энергиялуу, тамашакөй, көп нерсени билген адам эле. Түнү менен сүйлөшүп кызыгым тарачу эмес. Окуяларды күлкүлүү, кызыктуу айтып берчү. Ал билбеген нерсе жоктой сезилчү. Кызыктуу адам, эми аны сөз менен түшүндүрө албайм. Аны менен жашаган жылдарымда чоң институттан өттүм десем болот. Дүйнө жүзүн кыдырган, терең адам болчу. Чогуу көп өлкөлөргө бардык, саякат жасадык, легенда болгон адамдар менен жолугуп чай ичишип жүрдүк. Учакта балдардан да жүдөбөй чогуу алып жүрчүбүз. Атасы балдарына көп нерселерди көрсөтүп айтып берчү. Москва, Америка, Кытайда, айтор, көп жерлерде болдук. – Атам каза болгон. Апам ичинен таң калды окшойт. Бирок каршылык көрсөткөн жок. Кийин баарыбыз көнүп кеттик. Апам бул кишиден бир аз жаш эле. Кайненесине «мама, телевизорду күйгүзүп коёсузбу?» деп калса, апам телевизордун пультуна чейин алып келип жанына коюп койчу. – Аябай сүйүндү. Балабыз төрөлгөндө менин тиземди кучактап алып ыйлады. «30 жыл бою ушул баланы кыялданып жүргөм» деди. Эки кичине эркек бала, анан кичине кыз элесинде тура берчү экен. Кийин достору айтып калышты. «Болот, сен мурун эле ушинтип кыялданчу элең, кыялың ишке ашыптыр» дешти. Көрсө, Кудай берет экен. Балдарын аябай жакшы көрчү, кубалашып ойноп кетчү. Атасына экинчи баламдын мүнөзү окшош, өңү, келбети биринчи уулума окшош. Кызым толук көчүрмөсү. – Эл катары эле кинолорун көрүп, залкар адам экенин билчүмүн. Ушундай адамга турмушка чыгам деп кыялданган да, максат койгон да эмесмин. – Оор деп айта албайм, башкача болду. Бир нерсе жакпай калса чарт-чурт болуп, жарылып кетчү. Ошол учурда сүйлөбөй, эс алгандан кийин акырын айтып калчу элем. Ак көңүл болчу. Мен жолукканда ал киши 66да эле. Мурун, угушума караганда, чатак мүнөздөрү болгон экен. Артисттер «биз Болот агай менен иштегенде ашыкча үн чыгаргандан коркчубуз» деп айтып калышчу. Бирок мага андай мүнөзүн көрсөткөн жок. Балалуу болуп калганы үчүн да аябай жумшак болуп калды. Мени деле балдарындай эркелетип турчу. – Каза болгондо келди деп айтышты. Бирок өзүм көргөн жокмун. Боз үйгө кириптир. Мен чыкканда кирген окшойт. «Актёрлор менен келди» деп айтышты. Ал кишинин өзүнүн үй-бүлөсү бар. Тойлордо кезигип калчубуз, учурашып эле калбасак, сүйлөшүп көргөн эмеспиз. – Аябай жакшы жүргөн. Чын эле тойго барганбыз. Өзү тамакты аябай тандап жечү. Ошол жактан келгенде «туура эмес тамак жеп алдым окшойт» деп калды. Эртеси дене табы көтөрүлүп баштады, «Тез жардам» чакырдым. Алар келип ийне сайып кетишти. «Ооруканага алып баралы» десе болбой койду. Өзүнүн врачы бар эле, ал келип анализдерди алып кеткен. Эртеси өздөрү чалып «анализдер жакшы эмес, тамчылатма дары алып кетпейсизби? Үч күндөй жатыңыз» деген экен. Макул болуп, даярданып алып ооруканага жөнөдүк. Өзүнүн буту менен басып кирди. Врачтар «ууланып калыптыр» деп эле ошого жараша дарылай беришиптир. 2012-жылы өтүнөн операция болгон. Ал боордун иштешин жайлатат эмеспи. Маселе боордо болгон экен. Толук анализдерди албай эле үстүртөдөн дарылай беришиптир. Муну врачтар өздөрү да айтышты. Натыйжада бөйрөктөрү иштебей калды. 29 күн ооруканада жатты. Күндүз улуу балдары карап, түнкүсүн мен карап жаттым. Көп нерселерди айтты. Ал сөздөр экөөбүздүн ортобузда эле калсын. «Үч балам жаш, балдарды жакшы кара» деп көп өтүндү. Эмнегедир эч кимди көргүсү келбей жатты. Ошондон улам ал мурунку жашоосундагы адамдарды кечирбей кеттиби деп ойлоп калдым. – Кино тарткысы келчү. Үйдө отуруп калганына аябай кыжыры кайнап кетчү. Кожомкул тууралуу тасма тартам деп жатып ишке ашыра алган жок. Кыргыз тарыхына аябай кызыкчу, архивди казып эле жүрчү. Бюджет жок болуп тасма тарта албай аябай стресс болду. Акча сурап президент, министрдин баарына жалдырап кирди, суранды, кат жазды. Бир тасмамды тартсам деп арманда кетти. Мындай адамдар иши жок отуруп калышса канатын кескен куштай болуп калат экен. Дем ала албай кетчү. Тасмага акча жоктон улам отуруп алып китеп жазды. Биринчи китептин бет ачары болуп, экинчисин чыгарып, бет ачарын кылууга жетишпей калды. Өзүнүн апасы Авина апабыз мыкты врач болгон. Анын туулган күнүндө «бет ачары болот, апамды эскерем» деп жаткан. Апасынын туулган күнүндө өзү үзүлүп кетти. Апабыз 100 жашка чыкмак экен, ушул датаны белгилейм деп жаткан. – Каза болгондон алты айдан кийин нотариуска барып документ өткөрүш керек экен. Мен ал тууралуу ойлогон эмесмин. Анткени тирүүсүндө өзү бөлүштүрүп кеткен. Улуу балдарына «силер бутуңарга тургансыңар, үй, машине алып бердим, чет өлкөдөн окуттум. Эми болгон нерсем кийинки үч баламда калат» деген. Бул сөздү ал баарына айтчу. Улуу балдары «папа, бизге эч нерсенин кереги жок, ушу балдарыңарды эле чоңойтуп алгыла» дешчү. Атабыз ошол сөздөргө аябай ишенип алган. Мен деле мурасына эч ким кийлигишпейт болуш керек деп ойлогом. Улуу балдары адвокаттарды жалдап, «бөлүшөлү» деген сөздөрдү айттырышты. Мен дагы юристтерге кайрылууга аргасыз болдум. Мыйзам менен мурастары алты адамга бөлүндү. Мага, үч балама, анан мурунку никедеги эки баласына. Автордук укук деле ошондой боло турган болду. – Эки окуя тең ден соолугун алып койду. Эки учурда тең күнөөлүү адам табылган жок. Аябай стресс болду. Айрыкча машинеси өрттөнүп кеткенде жаман болду. Кан басымы көтөрүлүп кетти. Ким экени билинбеген боюнча калды. – 12 жылдан ашык чогуу жашадык. Ар бир күнүбүз майрамдай болуп сонун жашадык. Эң негизгиси, мен ага үч бала белек кылып, ал мага өзүнүн үч бөлүгүн таштап кеткенине ыраазымын. Ая София Шамшиева, жубайы: “Болот тиги дүйнөгө эч кимди кечирбей кеткендей сезилди”
Автор: Нуржамал Жийдебаева
Оператор: Равшан Тойчиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(11)
asefsa
![]()
28.12.2020. 11:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
39 жаш,Жантай чао болуптурда
Nurzada_0111
![]()
28.12.2020. 12:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул аялынын тушунугу бир аз азыраак окшойт. Мага ошондой сезилди.
Erlan_95
![]()
28.12.2020. 20:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nurzada_0111, Озунор чыныгы ушундай акылы озгочо адамдар менен суйлошуп отурбаган окшойсуз))
i-bilim
![]()
28.12.2020. 15:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуу адамдын артында ишин улап, атын өчүрбөөчү урпактары калыптыр. 67-72 жашында балалуу болгон керемет да, чын эле мүмкүн турбайбы деп отурам. Улуу баласы менен кызы Шамшиевге аябай окшош экен.
Omyrova
![]()
28.12.2020. 16:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
27жашта 66жаштагы Шамшиевге тийген экен ээ.Азвр 39да болсо,отто эле чооң көрүнөт экен...мейли,жашоосуна ыраазы болсо болду да.
nazira...
![]()
29.12.2020. 23:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тооба, менин башыман ылдый алтын менее көөмп салса да ынамак эмесмин. Тааныштырган аял да ортодо акча алса керек, жаш кыздын кийинкисин ойлобой. Бирок молодец ыраазы экен баарына. Мага кызыгы А. Темирова менен эмнеге ажырашканы болуп атат. Ал да бир топ жаш эмес беле. Бөлүштүргөнү келгенде чөн балдарынын ичи ачышкан го. 71 жаш аз да, дагы жашамак экен.
Datka7777
![]()
02.01.2021. 19:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira...,бироонун неге ажырашканы менен ишинер не
Aidan_Ek
![]() SUPER.KG видео
01.01.2021. 11:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу аял экен, кыргыздын чыгаан инсаны менен омур кечирип, балдарды жарыкка алып келген.
Baktyluu_bolgum_kelet
![]()
01.01.2021. 21:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өзүнөн 39 жаш кичүү кызга кызыккан ата деле оңой эмес экен
bema_bema
![]() SUPER.KG видео
01.01.2021. 21:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон балдары талашпай эле койбоптурда,кичинекей экен балдары
sely
![]()
02.01.2021. 15:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самара Каримова отдыхает.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|