|
Нуриза Бектурова, вайнер: «ЖИГИТИМ ҮЧҮН АКТРИСАЛЫКТЫ ТАШТАДЫМ»№943 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
– Саламатчылык! Кичине кезимден эле чыгармачыл чөйрөгө кызыкчумун. 17 жашымдан баштап клиптерге, тасмаларга тартылып келе жатам. Жалпы 30дан ашык клипте образ жараттым. Кесибим боюнча экономистмин, бирок бул тармакка такыр кызыкпайм. «Баягынын кызы окубай жүрөт» деген сөз болбошу үчүн эле тапшырып койгом. Быйыл дипломум колго тийди. Балким, үй-бүлөлүү болгондон кийин кесибим менен иштээрмин. Азырынча өзүм кызыккан чөйрөдө иштеп жатам. Модель, актриса болчумун, учурда жигитим Медер экөөбүз вайн тартып жатабыз. – 17 жашымда Нурмат Садыровдун «Кыргыз кызы» деген клибине тартылдым. Инстаграмдан өзү мага жазып калды. Ага чейин кыргыз көйнөк кийип мода көргөзмөлөрүнө катышкам, ошондон көрүп жазыптыр. Алгач менден кыргыз көйнөк сурады. Анан «сен да тартылып берип койчу» деди. Макул болуп, Суусамырга бардык. Мен аттарды көрөрүм менен минип, тоо тарапка чаап кеткем. Ошондо «сен атты укмуш чабат турбайсыңбы» дешип, башкы ролду сунуштап калышты. Улам-улам клиптерге тартыла берип, саны 30га жетип калыптыр. – Сериалдарга, тасмаларга сунуштар түшүп жатты. Жан дүйнөм актрисалыкты аябай каалайт, бирок баягы эле элибиздин менталитетинен алыс кете албайт экенсиң. «Күйөөсү уруксат бербейт. Кыз кишиге бул кесип болбойт» деген сөздөр менин жашоомдо да орун алды. Жигитимдин каалоосу менен актрисалыкты таштайын деп чечтим. Кинолорго да катышпай калдым. Түндө калып, шаардан сырткары чыгып тартылып жүргөнүмдү көрүп жактырбай жүрдү. «Токтотчу ушунуңду» деп суранды, мен макул болдум. Бирок ушул чөйрөдөн алыстабайбыз, вайн тартып жүрөбүз. – Вайн тартканда экөөбүз элебиз да (күлүп). – Медер экөөбүз теңбиз, бир тайпада окучубуз. Экөөбүз алгач дос болуп жүрүп, кийин аябай жакын болуп кеттик. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 5 жыл болуп калды. «Вайн тарталы» деп башында Медерге айтсам көңүлдөнгөн эмес. Кийин кайра өзү сунуштап калды. Биринчи вайныбызды тартып – Экөөбүз 5 жыл сүйлөшүп жүргөн убакта бир да жолу башка кыз менен таанышып, жазышканын көргөн жокмун. Мен ага толугу менен ишенем. 5 жыл аралыгында ал менин ата-энемди таанып калды, мен аныкын тааныйм. Ата-энем вайндарыбызды көрүп «Медерди урушуп эле басып жүрөсүң, кайын журтуң сени албайбыз деп чыкпаса болду» деп күлүп калышат. Вайндардан улам Медер мени көбүрөөк жакшы көргөндөй, мен ага эркелей бергендей сезилет экен. Мен эрке деле эмесмин, болгону образ ошондой. Экөөбүз бирдей эле бири-бирибизди сүйөбүз. – Бар, кызганчаактыгы. Ошонун айынан тасмаларга тартылбай калдым да. Калган эч нерсесин оңдогум келбейт, кандай болсо ошондой жактырам. – Мектепте 9-классымдан баштап сулуулук сынактарына катышып жүрдүм. Кийин Айкөл Аликжанованын моделдик курсун бүтүрдүм. 1-курста мода көргөзмөлөрүнө чыгып жүрдүм. Көп жолу сулуулук сынактарына катыштым. Тажрыйба топтоп алып «Кыргызстан сулуусу-2018» сынагына катышып, биринчи орунду жеңдим. Бирок ушунун баарынан көңүлүм калды. Анткени мен катышкан сынактардын баарында тааныш-билиш болуп, сыйлык сатылып кетет экен. – Мага уялганынан эле биринчиликти беришти. Баш байгени башка кыз утуп алган. Майда-чүйдөсүнө чейин айткым келбейт, бирок биринчиликти өз күчүм менен алгам. Нуржамал Жийдебаева Нуриза Бектурова, актриса, вайнер: “Жигитимдин талабы менен клип, тасмаларга тартылбай турган болдум“
Автор: Медина Найманова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
assanov97
![]()
04.01.2021. 09:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жигити патцанго
assanov97
![]()
04.01.2021. 09:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жигити укасындвйле корунот экен
Luna15
![]()
04.01.2021. 17:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жигитим,жигитим деп эле жаман болдуго,эми экоо уйлонушсо экен,5,6 жылдан ашык суюшуп жургондор башка мн турмуш куруп кеткендерин коп эле кордум
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|