|
Бектур Усенов, актёр: “КАЙНЕНЕМ БАТИР БЕРСЕ ЖАШАЙ БЕРМЕКМИН”№951 25-февраль-3-март, 2021-ж.
Туулган жылы – 1995-жыл, 22-июль Туулган жери – Бишкек шаары Бою – 178 сантиметр Салмагы – 74 килограмм Билими – Кыргызстандын Эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн – Чыгармачылыкка болгон сапарым университетте окуп жүргөндө эле башталган. КВН, “Тамашоуго” катышып, сценарий жазганды үйрөндүм. “Не жаңылык?” деген долбоорду тарттык. “Азия Микс” командасы менен иштешип, “Санжар Live” долбоорунун сценарийин жазыш үчүн Алматыга чейин барып иштеп келгем. Бул жакка келгенде “Кошунаны тандабайт” сериалынын режиссёру Радик Эшимовдон актёр болуу сунушу түштү. Кастингге барып, каарманым Адилеттин ролун аткарып берсем, “жарайт экенсиң” деди. Көп жерде “биз сизге кайра чалып коёбуз” деп акырын узатып коюшат эмеспи. Ошондуктан “таарынтып албаш үчүн ушинтип айтты го” деп ойлодум. Анткени 2 жумадай байланышкан жок. Башканы тартып башташса керек деп жатсам, “баягы ролго даярсыңбы?” деп чалып чакырып калышты. – Тескерисинче, жагат. Өзүмдү дале кичинекей баладай сезем. 40 жашка чыкканда 30 жашта деп ойлошсо жакшы да. – 1-сезондо 40 пайыз окшошпуз. 2-сезондо 70 пайыз. 1-сезондо тажрыйбам аз болчу. Каарманым Адилет кандай адам экенин сезбей жаткам. Көп учурда туура эмес ойноп, көп дубль менен тартылып кыйналчумун. 2-сезонго катуу даярдандым. Анын үстүнө сценарийин өзүм жазганга каарманым кандай адам экенин жакындан сезип жаттым да. 1-сезондо Адилет жашоосуна дайыма нааразы боло берген, колунан эч нерсе келбеген каарман болсо, 2-сезондо ийгилик жарата баштайт. – Кыйын болду. Анткени сериал интернетке жүктөлөрү менен чыдабай комментарийлерди окуп баштачумун. “Могу актёруңарды алып салгылачы”, “мунуңар балык эмес, же эт эмес го”, “Адилет эркек эмес экен” деп жазышчу. Тажрыйбалуу актёр-актрисалар менен тартылып жаткандыктан алардын жанынан өзүмдү ансыз да алсыз сезчүмүн. Негативдерди окуп алып ого бетер жаман болуп жүрдүм. Бирок режиссёр “жаман комментарийлерге капа болбо. Эгер негатив жазылып жатса, демек, образыңды жеткиликтүү аткарып жатасың” деген. 2-сезондо Адилет ийгилик жарата баштагандыктан негатив комментарийлер токтоду. – “Кайненең батир берип жатса жыргап эле жашай бербейсиңби” деп жазышчу. Бирок Адилет намыскөй болгондуктан күч күйөө болуп жатканына капалана берчү. Эгер Бектур аял алганда кайненеси батир берсе, Адилеттей болуп жашоосуна нааразы болбой эле, жакшынакай жашап, өзүнүн үйүнө акча чогулта бермек. Өркүндөп-өссүн ошондой кайненелер (күлүп). – Биринчи сезондо бир учур имараттын чатырынан тартылган. Мен көп сүйлөгөн, бир жерде отура албаган адаммын. Ошол жакта ары-бери чуркап, ойноп жүргөм. Бир маалда чатырдын бордюруна секирсем жарымы пенопласт экен. Теңселип, өзүмдү араң кармап туруп калдым. Көрсө, имараттын четин пенопласт менен кооздоп коюшат тура. Эгерде бир аз эле арыраак секиргенимде 15-кабаттан кулап түшмөкмүн. Кудай сактады. Ошол окуядан кийин режиссёр “эгерде ошондо кулап кетсең, мейли эми, башка актёр таап келели деп сага кайгырбай эле, башкасын тартып салмакпыз” деп тамашалап калат (күлүп). Үйдөгүлөр бул окуя тууралуу билишчү эмес. Бул маекти окуп билишет го. – Башында атам каршы болду. Анткени ата-энемдин жалгыз уулумун, 3 эжем, 1 карындашым бар. Атам бала кезде бизди катуу кармачу. Билимге көп маани берер эле. Уруп-согуп тарбиялаган эмес. Билим алууга мотивация берчү. Мисалы, үйдө Sega оюну бар эле. “Эгер жадыбалды жаттап айтып берсең, ыр жаттасаң ойнотом” дечү. Ошондой мотивация бергенден уламбы, баарыбыз мектепте отличник болчубуз. Атам жаштыгын мамлекеттик кызматка арнады, азыр пенсияда. Ошондуктан мамлекеттик кызматта иштегенимди каалачу. Чыгармачылыкты тандаганыма каршы болуп, “болду, жетишет, жаш кезиң өтүп жатат, олуттуу болбойсуңбу” дечү. Апам болсо “башкалардай наркоман болуп кеткенден көрө, чыгармачылык менен алектенгени жакшы” деп колдоду. Атам кийин мени телевизордон көрүп “баламдын чымыны бар окшойт” деп калды. Азыр каршы эмес. – Биринчиден, чет өлкөдөгү жашоо кызык болчу. Экинчиден, чет өлкөгө барганда кара жумушта иштегим келчү эмес. Ошондуктан “кантип чет өлкөдө жакшы кызматта иштесе болот?” деген суроонун үстүндө ойлоно баштаганда дипломат кесибин сунушташты. “Мисалы, кайсы бир өлкөгө элчи болсоң балдарың да ошол жакта окуганга мүмкүнчүлүк алат, айдоочуң болот” дешти. Ошону угуп дипломат болом дедим. Бирок бул мен тандаган кесиптин туу чокусу экен да. Ага тырмышып жетиш керек экен. Балким, бул кыялым 45 жашка чыкканда орундалмак. Анан “карып калганда ал жакта эмне кылам?” дедим. 3 ай кесибим боюнча иштеп көрсөм жаккан жок. Кайра эле чыгармачылыкты тандадым. – Жүрөгүм бош эмес. Убак-сааты келгенде сүйүктүүм менен тааныштырам. Динара Абдыкадырова "Сериалга тартылып жатып 1 өлүмдөн калгам" дейт актёр Бектур Усенов
Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
Nina.alex
![]()
01.03.2021. 09:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Болбогон кинолор,ары жок актерлор
Birimdik5555
![]()
01.03.2021. 13:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сонун кино,баары жакшы ойношот ийгилик
Isikkolumkeremet
![]()
02.03.2021. 08:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уландысы барбы ушу кинонун.кутуп жатабыз.уй булобуз мн.билендер жооп кутом
Kurbanaiym.
![]()
07.03.2021. 14:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты актёр тартылган кинолору аябай жагат
Gulina90
![]()
08.03.2021. 08:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец,назданбай жүрөгүм бош эмес дептир,башкалар жашырышатко тим эле.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|