|
Улан Давлеткулов, Чубак ажынын шакирти: “УСТАТЫМ МУНУ АЙТПА ДЕЧҮ, БИРОК АЙТЫП БЕРЕЙИН...”№951 25-февраль-3-март, 2021-ж.
– Саламатчылык. Мен Чүй облусуна караштуу Москва районунун Заря айылында төрөлүп-өскөм. Үч бир туугандын улуусумун. Атабыз курулуш тармагында иштейт, апабыз мугалим. Үй-бүлөм бар. Келинчегим үй кожойкеси, үч кызды тарбиялап жатат. Өзү кытай тилинен котормочу. Кытай жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Мен мектепти аяктагандан кийин аскер кызматын өтөп, андан кийин Куралдуу күчтөр тармагында контракттык негизде 6 жылдай иштедим. Аскердик кызматты өтөп жаткан учурда Кыргыз улуттук агрардык университетинин сырттан окуу бөлүмүндө бажы иштери багытында билим алгам.
– Өтө жүйөлүү суроо. Устазыбыз өткөндөн кийин эң көп берилген суроо ушул болду. Устатыбыздын, албетте, орду бөлөк. Ошентсе да тарбиялаган шакирттери көп. Алардын бири Калысбек Заманбеков, учурда Египетте окуп жатат. Биз аны менен онлайн байланышып турабыз. Учурда калың элдин жүйөлүү суроолоруна Калысбек жооп берүүдө. – Айрым президенттердин мемуар жазып калтырган салты бар эмеспи. Устатыбыз да тамашалап “мен кийин мемуар жазам” деп калчу. Устатым менен болгон окуялардын баарын чогултуп, атайын китеп жазып чыксамбы деген ой бар. Анткени аны менен болгон кызыктуу, эл билбеген окуяларыбыз көп. Устатыбыз “элге кызмат кылып калайын” деп шашып жашачу. Чарчаганын такыр билгизчү эмес. Кеч жатып, эрте турчу. Дайыма шамдагай жана позитивдүү жүрчү. Тазалыкка, тактыкка бекем эле. Айтылган жерге кечикпей, өз убагында барчу. “Элди караңгылыктан акыйкаттын нуруна алып чыгалы” деп көп аракет кылды. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө “адамдар алган илимине амал кылышса болот эле” деп көп айтып калган. Анткени илим алуу менен ага амал кылып жашоо башка нерсе экен. Агайыбыз көзү өтөр алдында “Улан, сен эң жакын адамдарымдын бирисиң. Мага Кудайым сени өзү жөнөткөн” деп тамашалап айтты. Бул сөздү устаз чанда гана айтар эле.
Устатыбыз муну айтпа дечү. Бирок айтып берейин, айтканга туура келет. Бир жолу Умра сапарына барганыбызда көп суммада акча үнөмдөп китеп сатып алып, өзүбүз кукси жегенбиз. “Ушул китептердин элге пайдасы тийсин” дейт. Башкалар ресторанда жүрүшсө, биз бөлмөбүздө тамактанганыбыз эсимде. Ошондо Кыргызстанга 120 килограмм китеп менен кайтканбыз. “Китептер – менин байлыгым” дечү. Устатыбыздын китепканасында тонналаган китептери калды. Акыркы күндөрү жаштарга көбүрөөк маани беришибиз керектигин көп айтып калган. – Албетте, үй-бүлөсү менен катташып турабыз. Устатыбыз кичүү баласын, атын айтпай эле турайын, “менин жолумду жолдосо” деп калчу. Ал азыр 4-класста окуп жатат. Чындыгында, анын аалым боло турган дарамети бар. Ортончу баласы Египетте билим алып жатат. Улуу баласы борбор шаарыбыздагы жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. Ал дагы илимге кызыгып жүрөт. – Адам ийгиликке жетүү үчүн бир нерсени курмандыкка чалат. Устатыбыз өзүнүн ден соолугун курмандыкка чалды десем болот. Анткени “спорт менен алектенсем көп убактым текке кетип калат. Элге пайдалуу иштерди жасап калайын” деп эле чуркап жүрчү. Өзүнүн ден соолугуна анча көңүл бурбагандыгы да ошондон болсо керек. Ооруганын билчүбүз. Колубуздан келишинче аракетибизди кылдык. Көзү өтөр астында 5 күндөй жакшы болуп, өзүнө келип калган. Бирок жакын досторунун удаасынан каза болуп калганына катуу кайгырды. Бул оорусунун күчөшүнө себеп болду окшойт. Ал күнү деле жолукканбыз, досуна арнап макала жазып жаткан. Ошол күнү түнкү саат 12ден өткөндө балдар “устатыбыз ооруканага жатып калыптыр” деп калышты. Артынан барсак эле ушундай окуя болуп кетти. "Эртерээк алып барсак болмок экен" деп өкүндүк. Бирок тагдырга баш ийбөөгө арга жок экен. Устатыбыз “эгерде пендени алдыда жамандык күтүп турса, анда азыр өтүп кеткени жакшы” деп калчу. Аны акыркы сапарга узатып жатканда эмнегедир кайра бат эле жолугушчудай сезимдер боло берди...
Чубак Жалиловдун шакирти: "Устаз мемуар жазганга кызыкчу"
Автор: Гүлзада Абдрахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Устасыбыз жашайт биздин журокто!
Диний китептерди эмес, кыргыздын улуу инсаны Айтматовко окшогон улуу инсандардын руханий чыгармаларын окуу керек. Куранды деле араб интелегентери тузгон да. Курандын негизги автору арабтар.