|
Джонни, ырчы: “МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕН КАЧКАНЫМ ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРАЙМ”№952 4-10-март, 2021-ж.
Чыккан жылы – 2007-жыл Кыймылдаткычынын көлөмү – 4600 сантиметр куб Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 280 чакырым Түсү – кара – Салам! Чоң рахмат, айтканыңар келсин! Белекке унаа алган сонун экен. Буга чейин “Поле чудес” берүүсүнөн, ГИВ оюндарынан эле унаа белекке бергенин көрүп жүрчүмүн. Үйлөнүү тоюмда бир туугандарым күтүүсүз сюрприз жасашты. Чынында, мындай чоң белек болорун билген эмесмин, күткөн да эмесмин. Бир туугандарым сөз сүйлөгөнгө чыгып, “бизде сюрприз бар, экранды карап коюңуздар” дешкенде куттуктоо болсо керек деп ойлогом. Анан эле ушул унаанын сүрөтү чыкты. Башында ишенип-ишенбей жаттым, толкундандым. Азыр жыргап айдап жүрөм. Учурдан пайдаланып бир туугандарыма ыраазычылык билдирем. Менин 3 байкем, эжем, карындашым бар. – Үчүнчү байкем 15 жылдан бери Орусияда иштейт, ал жакта жеке ишкерлиги бар. Ошол байкемдин идеясы экен. Ал Орусиядан ушул унааны көрүп жактырып калып, бир туугандарыма сунуштап, ошол жактан жүктөтүп келиптир. – Лексустун бул моделин көчөдөн көп көрчүмүн. Маани берчү эмес экенмин, сонун унаа тура. Жумшак, жагымдуу. Арткы орундукта отуруп массаж алсаң болот. Муздаткыч, печка, кондиционер, экран бар. Бул унаанын баасы 12 миң доллардан кымбат. Белекке келгендиктен бир туугандарым канчага алышканын билбейм. Тулпарымда 400дөй аттын күчү бар. Дагы эмнесин айтсам? – Жок, бензинди көп ичкени гана болбосо, сонун унаа. 100 чакырымга 18-20 литр бензин ичет. – Жакшы билем. Айдоочулук күбөлүктү мындан 10 жыл мурун алгам. Автомектепте окуп, эл катары сынак тапшырып алгам. Бизде саналуу гана эрежелер колдонулат. – Ооба. МАИ кызматкерлеринен качкан күндөрүм да болгон. Айдоочулук күбөлүгүмдү үйдө унутуп калып, байкабай эреже бузуп алган учурум болот. Токтоюн десем, документим жок. Анда айып пул төлөшүм керек болот да. Ошондо качууга туура келет. Кармалып калган да, кармалбай качып кеткен да учурум болгон. – Ооба, качкан туура эмес. Качканым үчүн МАИ кызматкерлеринен кечирим сурайм. – Шаарда жолдор тар, машина көп, дайыма эле тыгындар. Бир жерге кечигип шашып жатсаң унаалар кысып, алдыңа чыгып алышат. Эрежени сактабагандар көп. Айтор, кыжырга тийген учурлар көп болот, кыйкыргың келет. Жубайым да “рулга отурсаң эле кыжырдана бересиң” деп калат. Жол чыракта токтоп турганда айдоочулар эмнеге сигнал бере беришет? Ошого таң калам. Ар бир жол чыракка токтогондо жок дегенде бир жолу сигнал басылганын угасың. Сигналды кыска эле бериш керек. Кечке басып туруп алышат го. Чочуп, өзүңдү киши өлтүргөндөй эле сезесиң. Кызыл күйүп турса жашылдын күйөрүнө 1-2 секунд калганда өзүң деле айдаганга даярданасың. Бирок эмнегедир жашыл күйөрү менен артыңдан сигнал беришет. Унаа дароо учуп кеткидей ракета эмес, жылат да күтүп турсаң. Мен ошондой айдоочуларды өзүмчө жазалайм. Жашыл күйөрү менен сигнал берсе, атайын айдабай отуруп алам. Жашыл өчөйүн деп калганда өтүп кетем. Тиги өтө албай калып калат. Айрымдар жөө жүргүнчү өтүүчү жолдон адам өтүп баратса да сигнал баса беришет. Ал туура эмес. Мен жолдо сигнал бербейм. Анткени башка мамлекеттерге барганда көрүп калдым, сигнал берген адамды жаман көзү менен карашат. Бир унаа токтоп калса, күтүп турам. Жылбай жатса, түшүп барып, “баары жайындабы?” деп сурайм. Унаам токтоп турган жерден сүзүп кеткен учур көп болгон. Үйдөн чыксам эле бир жери сүзүлгөн, бампери же эшиги кыйшыйып калган болот. Же номер калтырып коюшпайт. – Кыргызстандын жолдорунда унаа айдап жүргөн айдоочуларга баа берем. Ал үчүн нерв темирдей бекем болушу керек. Бардык унаалардын ходовкасы биздин жолдордон өлөт. Башка өлкөлөрдө ходовка жасап иштеген жумушчулар да, жасачу жайлар да жок экен. Өзүңүздөр билесиздер, бизде андай жайлар көп. Анткени жолдорубуз ошондой. Көпчүлүк учурда унаанын ходовка бөлүгүндөгү тетиктер жарактан чыгып калат. – Айрым айымдар жакшы айдашат, мырзалардан өткөн шумахерлер бар. Жолдун ортосуна түшүп алып айдагандар да бар. Фара күйгүзсөң да, сигнал берсең да түшүнүшпөйт, музыканы даңкылдатып коюп алышат. Артынан “ушул унааны аял башкарып баратат” деп ойлойсуң. Карасаң чын эле айым болуп калат. – Ал башкара албайт. Бирок кызыгып, “ушундай унаа алам” деп тандап жүрөт. “Унаа айдаганды күн жылыганда үйрөтөм” деп койгом. Күн жылыды, эми үйрөтөм. Карындашыма да унаа айдаганды үйрөткөм. Тажрыйбам бар. Бирөөгө кыйкырбай, жай түшүндүрүп үйрөтүш керек. – Аптечка, өрт өчүргүч, ачкычтар, дамкрат, кошумча дөңгөлөк. – Эч нерсе жок. Эки канистра жатат. Мен жакшы айдоочу эмесмин. – Чыгармачылыкта көптөн бери пауза болуп калды. Кирише элегиме 1 жылдан ашты. Үйлөнүүгө даярданып, башка жумуштар менен алек болуп жүрүп калдым. Жакшы пландарым бар. 30га жакын обонум турат. Айрым обондорума текст жазыла элек. Анда-санда өзүм да текст жазам. Бирок “бөдөнөнү да касапчы сойсун” деп ырдын сөздөрүн көбүнчө акындарга ишенем. Жарыкка чыга элек ырларым көп. Буюрса, жакында чыгара баштайм. Перизат Музуратбекова “МАИ кызматкерлеринен качкан учурларым болот, ал үчүн кечирим сурайм”
Автор: Медина Найманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|