|
Кудайберди Айтбосунов, ырчы: «МЕН АНЫ САБАЙМ, ЖИГИТ СӨЗҮНӨ ТУРУШУ КЕРЕК»№964 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
– Жакшы, рахмат. Орозо башталгандан бери залга күндө барып машыгып жатам. Буга чейин деле залга барып турчумун. Өткөндө агайдан “залга келип жүргөнүмө канча болду?” деп сурасам, “бир жыл. Бирок бир жылдын ичинде жарым жылдай эле келдиң” деп жатпайбы. Мен келип кичине машыгып, анан Инстаграмга видео, сүрөт тартып коюп кетип калчумун да. Анан бир жума жоголуп кетчүмүн. Мен келгенде агай “инстаграмщик, келдиңби?” дечү (күлүп). Азыр видео тартканга шай келбей калат. Бир чети мага жакшы мотивация болду. 9 килограммга арыктадым. – Бул хайп эмес. Биздин беттешти хайп деп ойлогондор болушу мүмкүн. Бирок чындык экени көрүнүп эле калбадыбы. Бир блогер бала бизди элдештирейин деп чакырган. Видеону көргөндөр түшүнөт. Ал жактан конфликт күчөп кетти. Бакыт өзү “хайпожорик” экен. Бул окуя ал үчүн чоң плюс болду. Мага хайп керек эмес. Көңүл бурбай койсом болмок. Бирок “сени сабайм” деп айтып алгам. Артка жол жок болчу. Ал мени акырындан ушул абалга алып келиптир. Мага жакын байкелер “сага эмне кереги бар, токтотпойсуңбу?” дешти. “Байке, менин дарегиме жаман сөздөр айтылып, ашатып сөгүп жатса, кантип унчукпай турам? Сиз деле урмаксыз. Менде да намыс бар” дедим. Ырчы болсом эле эч нерсе кыла албайт деп ойлошот. Биз баарын кыла алабыз. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Кудай буюрса, жеңем деп турам. Ал менден катуу таяк жейт. Сиз мага ишенбей жатасыз го. Силер да ишенип койгула. – Мен ага жарнама таап бергем. Ал сөзүнө турбай, байкелердин жарнамасын тартпай, бир канча убакыттан кийин акчасын кайра берип койгон. Көрсө, башка жактан кымбатыраак жарнамага буюртма алган экен. Ошол себептүү ортобузда келишпестиктер чыкты. Минтип уланып, рингге чейин жетти. Эркек болгондон кийин айткан сөзүнө турушу керек да. Ошентип урушуп кеткенбиз. Мени колдогондор көп. Ошол мага дем берип жатат. Комментарийлерди окуп жыргайм. Көчөдө баратсам да “давай, сен утасың” деп колдоп жатышат. Ансайын машыккың келет экен. Кээде “ырчымынбы же мушкерминби?” деп ойлоп кетем. Ишеничти актайбыз. Биринчи жолу сахнага чыкканда толкунданып, калчылдадым эле. Эми биринчи жолу рингге чыкканда кандай болот экен? – Дос балдарым “башында ата болгонуң билинбейт. 4-5 айдан кийин балаң бир аз күлүп, аз-аздан кылыктары чыгып калганда сезиле баштайт” дешет. Меники да азыр көп билинбей эле. Балама 3 ай болду. Бирок менин колумдан бала жакшы уктайт экен. Келинчегим “уктатчы” деп алып келип берет. Көтөрсөм эле уктап калат. – Айымдарга оор болот экен. Баланы курсакта көтөрүү, төрөө, андан кийин бала түнү менен ыйлап апасын уктатпайт, иши кылып кыйын экен. Ошондуктан аялдарга болгон көз карашым өзгөрдү, мурдагыдан көбүрөөк сыйлап калдым. Бала уктаганда кичине жумуш кылайын деп тыпырайт. Анда деле жетишпейт. Калганы ошондой эле. Өзгөргөн жокмун. Төрөгөндө да Айчүрөк мени жумуштан алаксытпайын деп өзү эле такси менен төрөт үйүнө барып төрөп койду. – Үй-бүлөмдү ашыкча сөздөн, көздөн алыс кармап, аларды коргогум келет. Жеке жашоомду эч кимге көрсөткүм келбейт. – Ооба, жакшы комментарийлерди жазып жатышат. Ушул ырдын клибин тартуу түйшүктүү болду. Кыштын күнү 4 унаа болуп Караколго бардык. Орто жолдон бир унаабыз бузулуп калды. 4 күн суукта кар кечип жүрүп тартканбыз. Бир унаа жайкы дөңгөлөк менен экен, ал тайгаланат. Клипмейкер Эрнист Сыдыков жайкы спорттук бут кийим кийип алыптыр, кар кечип жүрүп буту былчылдап суу болду. Мен болсо тартып бүтөрдө ооруп калдым. Толгонайдын туулган күнүн жолдон тостук. Ал “Куба байке, курбу кыздарым менен тосмокмун да” дейт. Ушинтип тартып келсек хард диск күйүп кетип, клип өчүп калбадыбы. Баягы команда топтолуп, кайрадан Караколго бардык. – Жоок (каткырып). Ошол эле бут кийимин кийип алыптыр. Баягы эле жайкы дөңгөлөк менен кеттик. Ошентип кайрадан клипти тартып келип, элге тартууладык. Бирок жемишин берип жатат. – Жок. Эмнеге кызганмак эле? Толгонай карындашым да. Аны бир тууган карындашымдай көрөм. Жубайым экөө жакшы сүйлөшүшөт. Бирок башкалар “экөөңөр аябай жакшы жуп болмоксуңар”, “экөөңөр үйлөнсөңөр болмок” деп айта беришет. – Ооба. “Мен сизди сүйөм” деп да жазышат. Аларга жооп бербейм. Кээ бирлери “сүйөм” деп жазып, артынан “жооп берип койбойсузбу” деп жаза беришет. Дагы жооп бербей койсоң сөгүп баштайт. Эми муну аялым окуса кийимдерим дарбазанын сыртына чыгып калат го (күлүп). – Ар бир адам өзүн сулуу деп эсептейт. Өтө сулуумун же сулуу эмесмин дебейм. Орточо эле. Бир жолу интернеттен пластикалык операциянын рекламасы улам чыга берди. Үйдө отуруп “сурма жасатайын деп жатам. Сурмам жок, жасатсам сонун болуп калам” деп тамашаласам, атам “токтот андайды” деп жини келип, баары каршы чыгып урушту. – Жок. Андай ой келген эмес. Мүмкүн болсо мээме мээ коштурмакмын. – Музыкасынын башталышындагы бир кичинекей бөлүгүн кесип алып, жаңы аранжировка жасаганбыз. Ошол бөлүгү жаккан. Аны ойнош кыйын. Обону, сөзү такыр башка. Бул өтө деле плагиат болбосо керек. Перизат Музуратбекова "Бакыт Макеев менен беттешем деп 9 килограмм арыктадым"
Автор: Медина Найманова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
Nina.alex
![]()
31.05.2021. 09:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дурак
Belek1710
![]()
31.05.2021. 12:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне болду бүгүн 31го кимиси жеңди?
jaskaaa
![]()
31.05.2021. 14:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Belek1710,Кудайберди женген окшойт
Sara1993
![]()
02.06.2021. 12:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ООО Боже элдер эмне менен алек а бул эмне менен, Мекенибиз кыйналып жаткан мезгилде бул адам эмне кайсыл иш менен башын оорутуп жатат . Баткенге жонотуп койуш керек , Ошончолук мушташкысы келип жатса Таджиктер менен мушташсын. Мал дагы минтип ойлонбосо керек.
Sara1993
![]()
02.06.2021. 12:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Фуууууууууууууууу что за УРОД
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|