|
Султан Садыралиев, ырчы: “КРИЗИСКЕ КАБЫЛЫП КӨРӨ ЭЛЕКМИН”№967 17-23-июнь, 2021-ж.
– Саламатсыздар, ооба, жыйырма чактыдай досторум ырды уккандан кийин ушундай суроо менен кайрылышты чын эле (күлүп). "Мен кайсы жериндемин ырыңдын?" дегендерге бир эле жооп бар, "сен өзүң кайсы жериндемин деп түшүнсөң, ошол жериндесиң" дедим. Идея ыр жаздырган студияда пайда болду, баарыбыз отурганда эле “менде бир дос бар” деп ырдап калдым. Кайрыктар окшошо түштү. Обонун чыгардым, ким ыр жазган студияга келсе эле “сенде кандай достор бар?” деп сурай берчүмүн. Алар айтып берип, сөзү бир саптан кошулуп жатып жаралып калды. Ортодо маданиятсыз сөздөр да чыгып кетти (күлүп). Өзүмө жакпай жаткан жерлерин акын агабыз Жылдызбек Турсунбаевге көрсөтүп, чогуу оңдоп чыктык. Ыр элге жаккан болсо кубанычтамын, жакшы достор көп болсун, ээ?.. – “Менде бир дос бар, тууган болуп калгандай” (ырдап). Үчөөбүз достон да өтүп кеткенбиз. Бир тууган болуп калдык окшойт. Сагынышып калганда ушинтип айрыла албай калабыз. Студенттик жатаканадагы кезден бери жөлөшүп-таяшып, чогуу келе жатабыз. Башкача болушу мүмкүн эмес го. – Ооба, өзгөрткөн. Ал кезде эми бала эле болчумун да. Сахнада жүргөнүмө 15 жылдай болуп калды. Эркектер өзү токтолушу кыйын болот окшойт, ошол учурда бир аз кыйын болуп калсам, азыр чын дилимден элимден кечирим сурайм. Эл менин жамандыгымды жашырып, жакшылыгымды ашырып келе жатат. Ыраазычылык билдирем. – Ооба, көп эле ырларымды ырдап жүрүшөт. “Байтерек” тобу “Эгиз жүрөктү”, Айкын “Жөнөкөй жигитти” ырдап жүрөт. Ыр ырдалыш үчүн жазылат да, мен антип бирөөдөн ыр кызганганды туура көрбөйм. Көп ырларымды жаш ырчылар ырдап жатышат. Кээ бири сурайт, кээ бири сурабай деле коёт. Кийин угуп калам. Аларга таарынбайм деле. – Замандын талабы деп эле түшүнөм. Ильяз Абдыразаков маегинде “Супер-Инфо” мурун Инстаграмдын ролун аткарчу” дептир. Ошол туура, бардык маалыматтар сиздердин гезит аркылуу элге тарачу. Күйөрмандарымды сагынам, жык-жыйма элге жандуу үн менен концерт бергим келет, ырахаттанып жыргап алгым келет. – Жок, мен ушуга эмнегедир кабылбайм. Ырларды чыгаруу, ырдоо кесибим. Токтолуп же такалып калган учурум боло элек. – Жок, андай да болбойт. Мактангандай болбоюн, бирок жубайым жума сайын жарым саат тренинг өткөрүп турат. Жан дүйнөм менен ал сүйлөшүп, дартын чече алат. Ошол киши дарылап, айыктырат. Кыйналган учурга жеткире элек. – Ооба, өзгөрөт. Көп нерседен коркуп каласың, өзүңдөн эмес, албетте, "мен бир нерсе болсом тигилер кантет?" деп ойлонуп каласың. Абайлап турасың. Балдарыма да аябай жумшакмын. – Келинчекти алгандан кийин сөзсүз карап, капа кылбаш керек. Эркектер аялдарын машинага окшоштуруп коюшат. Анын сыңарындай убагында карап, бузулган жерин оңдоп, май куюп жакшы карасаң эле жакшы сакталат экен (күлүп). Бул эми тамаша. Жубайым өзү жасанып, боёнуп жүрбөгөн үчүн да жаш көрүнөт болуш керек. Биздин баалуулуктарыбыз да окшош, мен жашоону кандай кабыл алсам, ал дагы ошондой кабыл алат. Сүйүү чогуу жашаганда азайып кетет дешет, биздики, тескерисинче, көбөйүп бара жатабы дейм (күлүп). Ушул убакта деле жаңы баш кошкондой эркелешип турабыз. Балдарыбыз да буга көнүп калышкан. Бир келген жашоодо эми ушундай таттуу жашап өтүш керек. – Өмүрдүн өзүн баалап калдым окшойт. Атырыла бербей шүгүр деп, каниет кылып жашап калдым. Анткени өмүр өтө тез өтөт экен, бир жолу көзүмдү ачсам апам мектепке алып барып жаткан, дагы бир жолу көзүмдү ачсам эле үч баланын атасы болуп калыптырмын. Эми бир жолу көзүмдү ачсам 70те болуп каламбы (күлүп)? Ошол үчүн жашоону татыктуу жашап өтөлү. – Өзүмдү анча жогору баалай албайм. Мен тууралуу китеп жазылбайт болуш керек. Ошондуктан айта албайм. Нуржамал Жийдебаева Султан Садыралиев: “Жан дүйнөлүк кризиске кабылып көргөн жан эмесмин”
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
albinochka2015
![]() SUPER.KG видео
18.06.2021. 13:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроо калбадыбы супер?эски суроолорду кайталап
Mubarak
![]()
21.06.2021. 23:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскабы балдары,жубайынын кесиби жонундо сураса болмок екен
Nina.alex
![]()
25.06.2021. 00:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ондуу комментарии жок. Эч кимге кызык болбой калыптыр ырчы. Кризис ке кабылганын ушул
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|