|
Айдана Тыныбекова, актриса: “МИЛЫЙ” ЖИГИТТЕР ЖАГАТ”№967 17-23-июнь, 2021-ж.
Туулган жылы – 2002-жыл, 20-декабрь Бою – 165 сантиметр Салмагы – 50 килограмм Билими – КМУнун журналистика бөлүмүнүн студенти Учурда – бийчи, актриса – Саламатсызбы? Ата-тегим Жалал-Абаддан болот. Өзүм Бишкекте төрөлүп-өскөм. Журналистика факультетинин 1-курсун аяктадым. Учурда “Береке” бий ансамблинин солистимин. Ансамблде 8 жылдан бери бийлейм. – Чоңойгондон бери бул кесип кызыктыра баштады. 10-классты бүткөндө сериалга тартылып калдым. Ошол маалда эле журналистикага тапшырам деп чечип койгом. Сериалда диктор кыздын ролун аткаргандыктан бул кесип ого бетер жагып калды. – Азиядыга эң мыкты гримдөөчүлөрдүн бири Айгүл Кыдыралиева деген эжем бар. Ал аталган сериалдын режиссёруна мени сунуштаптыр. Өң-келбетим башкы каармандын ролуна туура келгендиктен бул ролго тандап алышты. Бирок жашым жете элек болгондуктан “балким, аткара албай калсачы” деп кооптонушкан экен. Ошондуктан “эпизоддук ролдорду аткарып көр” деп сценарий беришти. 3 каармандын ролун ыйлап аткарышым керек болчу. Берилген ролдорду аткарып видео аркылуу жөнөткөндө актёрдук чеберчилигимди жактырышкан. – Бул сериал тасма талаасындагы дебюттук ролум болгондуктан башында образга кирүү оор болду. Бирок көп жылдан бери камера алдында бийлеп жүргөндүктөн сүрдөгөн жокмун. – Ата-энем башында кооптонушту. Баш тарталы деп да ойлодук. Бирок жакшылап кеңешкенден кийин таенем мени коштоп жүрмөй болду. Таенем тартуучу топ менен жакшы тил табышып кетти. Режиссёр менен эне-уул сыяктуу болуп калды. Сериалдын 2-сезону тартылганда өзүмдү эле жиберишти. – Анда 18 жашка чыга элек болчумун. Анын үстүнө сериал Ошто тартылды. Кыз баланы тааныбаган адамдарга кошуп жиберип койгондон коркушту. Азыр ата-энем чыгармачылыгымды колдойт. Тартуу иштери кеч бүтүп калса да түшүнүшөт. – Ата-энем элдин көз алдында болууну каалабайт. Болгону атам милиция кызматкери, апам технолог экенин айта алам. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, 2 эжем бар, мен эң кенжесимин. Таенем 71 жашта. Акылы тунук, баскан-турганы тың, кыйын киши. Мага кеп-кеңешин берип турат. Көптү көргөнгө көрөгөч болуп калган окшойт. Анын айтканын укпай, өз билгенимди жасап койсом дайыма адашам. Бирок адам адашпаса өсүү болбойт эмеспи. – Кичинекейимде кыздар-балдардын бийлегенин көрүп бийлегим келчү. Ал кыялым орундалды. Актриса да болгум келчү, ал дагы орундалды. Чыгармачылык мен үчүн бир гана акча табуу, атымды чыгаруу үчүн эмес. Жан дүйнөмө жагып аткарган иш. – Ошто сериалдын 2-сезонун тартып жатканда кичинекей балдар “сүрөткө түшүп алалы” деп келишкен. Бир жолу кафеде тамактанып жатсам жанымдагы эжелер “бул “Эфирдеги” кыз го, чоң кыз деп жүрсөк, кичинекей эле турбайбы. Жакшы аткарган” деп сүйлөшүшкөнүн угуп калдым. Чыдабай кетип аларга ыраазычылыгымды билдиргем. Ушинтип жакшы сөздөрүн айтып, сүрөткө түшүшсө жүрөгүм жылып калат. – Мурда кыйынсынган, агрессивдүү жигиттерди жактырчумун. Азыр оюм өзгөрүп, андайлардан коркуп калдым. Жумшак, оор басырыктуу, жоопкерчиликтүү, чечкиндүү мырзаларды жактырам. Романтик болсо жакшы болмок. Анткени романтикага жакынмын. Көпчүлүк “кыздар акчалууну эле карашат” дешет. Бирок акчасы жок болсо да аракетчил жигит менен сүйлөшсө болот. “Акчам жок, асмандан акча түшөт” деп отурган жигитти эч ким карабайт. Акча болгон жакшы, себеби баскан-турганың акча болуп жатпайбы. Сырткы келбети тууралуу айтсам, “милый” жигиттер менин табитимде. Боюнун узундугу маанилүү эмес. – Жок. Чачын боёбогон, Тикток тартпаган жигит болушу керек (күлүп). Тикток тарткандарга каршылыгым жок. Болгону мага андайлар жакпайт. Көп нерсе үйрөнгөнгө жашы улуу болгону да жакшы го. “Мынча жаш улуу болсун” деп чектөө коё албайм. Сүйүү келип калса жүрөккө айла жок да. – Буюрса, турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, балалуу болуп калам. “Мода үйүн” ачсам керек. Балдарымдын мээримдүү энеси, жолдошумдун бактылуу аялы, бизнесвумен болуу менин кыялым. Динара Абдыкадырова "Сериалга тартылуу учурунда таенем кошо жүрдү" дейт актриса Айдана Тыныбекова
Автор: Медина Найманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Real98
![]()
22.06.2021. 00:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени издеп жүрүпсүң да кокуй,кайдан табам сени?!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|