|
Айганыш Абдиева, ырчы: «УБАГЫНДА АПАМДЫ КӨП ЫЙЛАТТЫМ»№970 8-14-июль, 2021-ж.
– Жакшы, рахмат. Жеке жашоомдо баары жакшы. Ошон үчүн маанайым да жакшы. Ыр кандай болсо жеке жашоомдо да абал ошондой болот дей албайм. – Жеке жашоомду бирөөнүн билишин каалабайм. Баары билсе анын эмнеси жеке? Жеке жашоо тууралуу сөз болгондо аябай кайгырам. Тынч, ошол адам менен бактылуу болуп жүрө берсем, башка адам башын салбаса, сонун болмок. Ал жакта баары мен каалагандай. Эч нерсеге өкүнбөйм, кайгырбайм. Жакшы көргөн адамым бар. Зарлык экөөбүз “мамилебиз жок” дей берип чарчадык. Улам эле "жок" дей берсек дагы актанып жаткандай сезилет экен. Кээде тамашалап “жакшы мамиледебиз” деп коёбуз. Зарлык менин кесиптешим, досум, күндө көрүшүп жүргөн жакын адамым. – Менде баары жакшы деп койсом туура болот го. Ар бир окуяны өзүнчө бөлүп айтсам көп нерсе ачылып кетчүдөй болуп жатат. Тынч эле жашайынчы. – Клипте менин кыялымдагыны тарттык. Кыялымда кыздуу болгум келет. Клип үчүн бир мырзанын сөлөкөтү гана керек болчу. Актёр издеп отурбай эле жаныбызда жүргөн Эльзар деген инибизди тарттык. – Постумду туура эмес түшүнүп алгандар болуптур. Мындай болгон: Зарлык экөөбүздүн “Жүрөгүңүздө ким бар?” ырыбызды бир байке менен эже уруксатсыз жаздырып, “биздин ыр” деп ырдап жүрүшкөнүн көрүп калдык. Мен аларды тааныбайм, бирок ырчылар экен. Ырдын автору Зарлык да. Сураса бермекпиз. Ошого жиним келип, “мындай кылганыңар туура эмес. Чоң эле эже, байке экенсиздер. Улуулар ушинтип жатса, жаштар кантет?” деп пост жазгам. Кийин алар менен сүйлөштүк. Алар “ырдабайбыз” деп кечирим сурашты. Ошондон кийин постту өчүрүп, командам менен сүрөт жүктөп, “Баары жакшы, чечишип алдык” деп жазсам, мурунку постту окубагандар өз ара урушуп кетишти деп ойлошуптур. Кудай сактасын, чогуу иштеп жатканыбызга 2 жыл болду, такыр уруша элекпиз. – Мурда үнүм өзүмө башкача угулчу. Анда мен “эмнеге мындай? Элдикиндей тунук чыкпайбы. Кыздардыкындай эле үн болсо болбойт беле?” дечүмүн. Акыркы 3-4 жылда үнүмдү жакшы көрүп калдым. Муну өзүм жасап алган эмесмин да. Берилген үндү туура пайдаланайын деп абайлап калдым. – Албетте, коркосуң. “Бузуп салыптырсыңар го. Жөн эле койсоңор болмок” дегенди укпасак экен дейбиз. Мунун жоопкерчилиги чоң. Кудайга шүгүр, азырынча андай сөз уга элекпиз. – Ишенем. Мени уят кылбайт деп билем. Жандуу ырдаш керек болсо ырдайм. Укмуш ырдайм дебейм. Адам кайсы тармакта болбосун ошол кесипти өмүр бою окушу керек. Мен да ырчылыктан өмүр бою сабак алышым керек. – Азыр бардык жактан эле селфи жасашат да. Бир жолу бир байке аябай жакшы сөздөрүн айтып, “сени көрүп турганыма кубанып жатам” деп колума калем , кагаз карматып, “жакшы сөздөрүңдү арнап койчу. Муну мен өмүр бою сактайм” деди. Көптөн бери автограф бере элек болчумун. Жагымдуу болот экен. Ушундай мени баалаган күйөрмандарым бар экен деп калдым. – Украинага же Москвага “Голос” сынагына баргым келет. Былтыр ошондой план түзүп алсак, карантин болуп калды. Быйыл да болбой калды. Анткени команда менен бирге алдыга койгон пландарыбыз бар. Аларды бузуп кете албайт экенсиң. Кийинки жылы сөзсүз барам деп пландап жатам. Муну көптөн бери кыялданып жүрөм. – Башка тилдерде да ырдап, башка өлкөлөргө аракет кылып көрсөк деген пландарыбыз бар. Мага Казакстанга, Орусияга барып иштеп, ошол өлкөлөрдүн атынан ырдоо сунуштары түшкөн. Менде патриоттук сезим күчтүү. Андай кыла албай койдум. Кайда барсам да Кыргызстандын атынан ырдагым келет. Андан көрө өзүбүз аракет кылып, биздин продукцияны жайылтсак дейм. – Ооба. Мен коркууну билбей чоңойгом. Балалуу болгондо коркуу сезими, назиктик кошо келди. Ойлонуп иш кылып калдым. – Биз кыйналып чоңойдук. Атам 30дан ашканда жол кырсыгынан каза болуп калган. Апам 5 кызды өзү багып чоңойтту. Убагында “5 кызды кантип багасың. Баланча кызыңды бер” деп сураган туугандарыбыз болуптур. Бизди эч кимге бербей, кыйналса да өзү баккан апамды күчтүү аял деп билем. Ал кезде СССР жаңы тарап, жокчулук болуп турган убак эле. Кандай күн болсо да апам бизди элден кем кылбайын деп аракет кылды. Мен 12 жаштан баштап апама базарда соода кылууга жардам бердим. 14 жашымда кафеде ырдап баштадым. Ошондон бери иштеп келе жатам. Иштебей калган жылым болгон жок. Жокчулукту, ачкачылыкты көрсөтүп, акча кайдан келерин көрсөткөн Кудайга рахмат. Акчанын кайдан келерин билбегендер да бар. Азыр баары жакшы. Апам иштебейт. Биз бардык жагынан колдогонго аракет кылабыз. – Мен апамды тарткам, сонун ырдайт. Апамдын жаш кезинде коомчулук кыздардын ырдап чыгышына түз карачу эмес экен. Ошондуктан апам ырдайм десе, ата-энеси болбой коюптур. Менин ырдайм дегеним, балким, апамдын кыялдарынан улам чыккан. Апам “кызым ырдап жатат” деп кубанса деп аракет кылам. Убагында тентектик кылып апамды көп ыйлаттым. Ар ким менен мушташа берчүмүн. Бирок аша чаап жаман жолго түшүп кеткен жокмун. "Ырларым менен гана хайп болгум келет" дейт ырчы Айганыш Абдиева
Автор: Медина Найманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|