|
Азамат Уланов, актёр: “АКТЁР БОЛБОСОМ КӨПТӨР МЕНИ МЕНЕН МУШТАШМАК”№975 12-18-август, 2021-ж.
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400 сантиметр куб Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 230 чакырым Чыккан жылы – 2007-жыл Баасы – 7500 доллар – Саламатсызбы? 9 жашымда атамдын астына рулга отуруп алчумун. Кичинеден үйрөнүп отуруп 12 жашымда өзүм айдап баштадым. 14 жашымда атамды жаныма отургузуп шаар ичинде айдап жүрдүм. 16 жашымда өзүм акча чогултуп унаа алдым. Бул менин үчүнчү унаам. Биринчи унаамды 2016-жылы алгам. 2014-жылдан баштап унаага деп акча топтой баштагам. “Апамды издеп” тасмасы чыкты. Топтогон акчамды атама берип, “машина алып коюңузчу” дедим. Ал учурда “Ата” тасмасы тартылып, шаардын сыртында 20 күндөй болдук. Келсем Фит алып коюптур. Аябай сүйүнгөм. Аны бир жарым жыл айдадым. Андан кийин Toyota Camry 30 алдым. Мага Toyota жагат. Аны 2 жылдай айдаган соң азыркы унаамды алдым. Муну “алтышка” деп эркелетем. – Ага “сени 50 пайыз, муну 50 пайыз сүйөм” деп башында эле айткам. – 17 жашымда окуп эле алгам. КВН, съёмка деп жүрүп сабактардын жарымына эле бардым. Ага чейин атам эрежелерди, жол белгилерин үйрөтүп жүрчү. Биринчи сынакты тапшыра албай, экинчи сынактан өткөм.
– Бир жолу орозо маалында ооз ачууга кечигип, үйгө шашып бара жаткам. Бирөө алдымда шашпай айдап бара жатат. Ашып өтүш үчүн каршы тилкеге чыктым, алдымдан машина чыгып калды. Өзүмдүн тилкеме кириш үчүн тигил байкени кысып катуу айдап кетип калгам. Үйгө жетип машинадан чыгайын деп жатсам эле жанагы байке катуу келип токтоду. Түшүп “чык машинадан” деп кыйкырып мени көздөй келе жатат. Жинденип келе жаткан байке мени көрүп жылмайып эле, “Азамат, сен белең” деди. “Байке, кечирип коюңузчу. Ооз ачканга шашып жаткам” деп келишип алганбыз. Мындай учурлар көп болот. Маршруттук такси айдаган байкелердин да жолун тороп алганда аркаңдан кууп келет. Айнекти ачсам “апей, Азамат, сенсиңби? Красавчик!” деп кетип калышат.
– Ооба, негизи мен актёр болбосом көп эле киши менен чабышмакмын. Эмдигиче 1-2 тишим сынмак. – Ооба, мен деле кыйкырам. Негизи өзүм ачуулуумун. Аялдар, кыздардын кандай айдаарын өзүңөр деле билесиңер да. Көлдөн келе жатканда катуу айдап келе жатсам, бир аял сол тилкеге чыгып алган. Өзүнчө эле шашпайт. Аркада унаа жыйылып калды. Жанына жеттим, кебелбейт. Сигнал басып айнегин түшүртүп, “эмне күбөлүктү сатып алдыңыз беле?” десем, “өзүңдү карап алчы, малыш” дейт. Унаа менен кысып туруп кетип калгам.Кээде жөө жүргүнчүлөр паркта басып бараткансып телефонун карап эч шашышпайт. Айнекти ачып “батыраак өтүп койчу” деп алым жеткенине айтам. Боюм да кичинекей да, аларга тийишсең жеп коёт го. Атам “жөө жүргүнчү шашпаса, демек, ал машина айдап көргөн эмес” деп калат. Өтмөктө бурулуп күтүп турсаң чуркап өткөндөр айдоочуну түшүнүшөт. – Азыр токтотпой калбадыбы. Башында тоскондо “эмне дейт болду экен?” деп коркчумун. Сыртка чыксам эле “ай, кандай, актёр, тасмаларга тартылып жатасыңбы? Чын эле Америкага бардыңбы? Тигил-бул” деп МАИчи байкелер менен жашоо жөнүндө 5 мүнөт сүйлөшүп турабыз. Анан “мейли, иним, кете бер” деп коёт. 11-класста сабакка шашып бара жаткам. Мектептин алдындагы аялдамага унаамды туура эмес коюп кетиптирмин. Сабактан чыксам машинамдын дөңгөлөгүнө аппарат тагып коюптур. Айнектер да караңгылатылган болчу. Жаш кез да, “крутой” болгуң келет дегендей. Кандай кылсам деп туруп калдым. 3 МАИ кызматкери бар экен. Аңгыча бирөө “эвакуаторду чакырчы, кетели” деди. Мен жетип барып “ассалом алейкум, байке” десем, “кандай, Азамат? Биякка бир “мырк” машинасын коюп кетиптир” деди. “Ал менин машинам эле” дедим. Бирөөсү ары жакта иштеп, экөө мени менен сүйлөшүп жаткан. Экөө аппаратты чечип “давай, бара бер, тонировкаңды сыйрып салчы” деди. Алардын көзүнчө чечип, кетейин деп жатсам үчүнчүсү келип “эй, каякка? Мен сага протокол жазам” дейт. “Тиги байкелер коё берди” дедим. Менин көзүмчө ызылдашып эле калышты. Бири келип “батыраак кетип калчы” деди. Акырын машинага отуруп кетип калдым. – Жок, унаа айдаганы бир дагы жолу пара берген жокмун. Тфү-тфү, көз тийбесин. – Жок, эми атайын бузбайсың да. Кээде шашып жатканда жол чыракта сары күйүп турса өтүп кетесиң же Ысык-Көлгө баратканда катуу айдап коёсуң. – 5500 сом. Ысык-Көлгө баратып камерага түшүп калгам – Досум аскерде эле. Саат түшкү экиге чейин Балыкчыга барып калыш керек болчу. Анда Camry 30 айдачумун. Максималдуу ылдамдыгы 180 болчу. 180 менен айдап баргам. – Ооба. 1-2-класстан эле атам машина жасаганда мени жанына алып алчу. “Бул мындай болот” деп астына киргизип көрсөтчү. Бир жолу чыксам машинам жүрбөйт. Капотту ачып аккумулятордун үстүндөгү клеммаларды 14-ачкыч менен чечтим да, 5 мүнөт күтүп турдум. Кайра барып таксам эле жүрүп кетти. – Карантинден бери токтоп калды. Режиссёрлор “сценарий көп, сен барсың, буюрса, болот” деп жатышат. Казакстандан сунуштар түшүп жатат. “Жата турган үй, тамак-ашка чейин каржылайбыз” деп чалгандар болгон. Ага карабай жок деп келем. Эки эжем өзүнчө жашайт. Мен кетсем ата-энем ээнсиреп калат. Каражат жагынан ата-энеме болушунча жардам берип турам. Көчөдөн байкелер, апалар жолугуп “сени сагындык, экрандан көргүбүз келип жатат” дешет. Мындай сөздөрдү укканда кубанасың. Азыр социалдык тармакта активдүү болгонго аракет кылып жатам. Динара Акимова Азамат Уланов: “Үйлөнгөнгө моралдык жактан даяр эмесмин”
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(6)
Nina.alex
![]()
16.08.2021. 09:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай немелерден маек деле албай эле койсонор болмок
Tyty1990
![]()
16.08.2021. 09:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Марат Жанталиевге ак илбирсти беришпей ушуга берип коюшканда негедир жаман көрүп калдым. Марат байкеге беришсе болмок экен өлүп деле калбадыбы. Бул малыш жаш келечекте алат болчу дагы
Altynbekova.01
![]()
16.08.2021. 11:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tyty1990,ошо да. Тим эле мактанат го асмандан алып тобоо
nargiz-sa
![]()
16.08.2021. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жылдыз оорусу менен ооруп жаткан мезгили экен
sabyr86
![]()
16.08.2021. 22:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буга окшогон ала коодон балдардан маек албай эле койгулачы сураныч.
ZHaziko
![]()
24.08.2021. 03:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрке абдан эрке экенсин!!! Шашып жатам анан бу тигил деп. Шашасынбы качасынбы эрежени бузгандарды жаман кором. Бир куну коросун бир нерсени анан шашканынды кором. Котту кыскан бай болот дейт. Зведанулся малыш. Ата энеме жардам берем деп мактана бересин милдет кылбачы!!! ГАИ болсом звезданарга карабай правилны бузгандардын баарын айрыйт элем. Анан кормоксунор эркелегенинерди! Машина айдаш сага оюунчук эмес! Бироонун омуру талкалап алышын мумкун! Ээсине кел! Шапалак менен озум барып чабап бир куну
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|