|
Гүлжигит Калыков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “БОРБОР АЗИЯДА КЫРГЫЗ ЫРЧЫЛАРЫ АЛДЫДАБЫЗ”№977 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
– Саламатсызбы? Министрликтен “Борбордук Азиядагы мамлекеттердин өлкө башчыларына концерт болот, барып берсең жакшы болмок ” дешти. Макул болдум. “Жол азабы – көр азабы” дегенди ушул сапарда жакшы түшүндүм окшойт. Түркмөнстанда коронавирус жок болгонуна байланыштуу эл аралык каттамдарды жаап салган экен. Бишкектен Ташкент шаарына учуп, ал жерден поездге отуруп алып Бухара шаарына 8 саат жол жүрдүм. Эртең менен бирөө мени тосуп алмак, эч ким жок. Элдин баары тарады, иши кылып күттүрүп жатып келди. Өзбекстан менен Түркмөнстандын чек арасынан ПЦР тест тапшырдым. Эгерде менден ковид чыгып калса кайра артка кетүү коркунучу бар эле.Төрт саат күтүп, тест жыйынтыгы жакшы чыгып, андан ары жолду уладык. Түркмөнабад деген жерден Ашхабадга, андан ары Авази деген шаарга учтум. Менден мурун биздин жердештерден Гүлзинат эже (ред.: Суранчиева) бармак, ал барып калыптыр. Репетиция кылып жаттык, таңкы саат 3кө чейин даярдандык. “Улуттук кийимдериңерди кийгиле” деп калышты, биз алган эмеспиз. Ажобуз менен учуп келчү делегациядагылардын бирине табыштап, улуттук формаларыбызды ала келишмей болду. – Улуттук кийимдери эле эмес, 5 өлкөнүн боз үйү тигилди. Кыргыздардын боз үйү өзгөчө болду. Жолдун азабын айтпадымбы, министр Кайрат Иманалиев келгенде “байке, кетип жатканда кыпчып ала кетиңизчи” дедим. “Аракет кылалы” деди. “Биздин ажобуз эрте учат, концерттин аягына чейин болбойт экен” деп калышты. Аягына чейин отурса экен деп тиленип жаттык. Концерт мыкты деңгээлде өттү, артыбызда салют атылып, президенттер кол булгалап коштошуп жатса Тажикстандан барган ырчылар дүпүрөп эле залдан чыгып кетсе болобу. Көрсө, алар да президенти менен кошо кетишмек экен (күлүп). Биз маданиятты сактап, ажолор коштошуп далысын салганда “фырр” дедик. Чуркап баратып президентибизден алдыга чыгып кетиптирбиз (күлүп). Президенттин учагы деген аты эле болбосо эски экен. Ичи да ысык. От алганда эшиктери ачылып кетти. Коопсуздугу тууралуу айтсам, абалы өтө начар. Ажобуздун жеке врачы менен жанаша отуруп келдим. Ал “биздин учакты Германиядагы учкучтар эски модель экен деп сүрөткө түшүштү” деп күлдү. Эки саатта аман-эсен учуп келдик. Ушундай кызыктуу нерселер менен коштолду сапарыбыз. – Мага да кызык болгон, өзбекстандык Озатбектин ырын көп угушат болуш керек деп ойлоп жаткам. Андай болгон жок, Димаш Кудайбергеновдун фанаттары көп экен. Көп лайк алды, комментарий жазылды. Юлдуз Усманованы жаман көрүшөт экен, “биздин элди жамандаган аял менен сүрөткө түшөсүң” деп жаман сөздөрдү жаза башташканда алып салдым (күлүп). Димаш менен 2012 -жылы “Мейкин Азия” фестивалында таанышкам. Жакшы саламдашып, сүйлөшүп калдык. – Мени эле чакырышат деп айта албайм. Башкалар деле барышат. Негизи менин “капризим” жок, дароо макул болом. Ырдап баштагандан бери эч биринен баш тартпайм. Чыгармачыл инсандардын таланты эле эмес, адамгерчилиги да болушу керек. Балким, силерге мени эле чакырып жаткандай сезилип жатышы да мүмкүн. – Жок, тескерисинче, биздин ырчылар ырдаган үнгө, обонго баары кызыгышат. Техникалык жактан жакшы жасалбай, клиптерибиз жакшы тартылбай жатышы мүмкүн. Бирок чыныгы өнөр жактан №1 болуп келе жатабыз, боло беребиз. – Далил – биз ырдаган ырлардын көбүн казактар, өзбектер которуп ырдашат. Дүйнөлүк аренага чыгуу жагынан акыркы жылдары казактар озуп баратат деген ойго да кошулам. Димаш дүйнөнү багындырып жатат. Иманбек деген ырчысы “Грэмми” сыйлыгын алды. Буларга негизи мамлекет катуу колдоо көрсөттү. Кино болобу, комузчулук болобу, ырчылык болобу алдыда элебиз деп ойлойм. – Тасмага биринчи жолу тартылган жокмун, мурун эки чоң тасмада роль жараткам. Пандемия башталганга чейин эле 12 сериядан турган сериалга тартылып баштаганбыз. Убактылуу токтоп турган, августтун ортосунда аягына чыктык. Эмил Эсеналиев, мен, Самат Эркинбеков үчөөбүз достордун ролун аткарабыз. – “Аялыңыз менен чогуу интервью бериңиз” деп көп чакырышат, бирок биз баш тартып келебиз. Анткени мен көз тиет дегенге көбүрөөк ынанам. Баракчама жубайым менен бактылуу учурдан сүрөт киргизип койсом ошол кечте башка бир себеп менен кыжылдаша түшөбүз. Уулум сыртка чыкса эле көз тийип калат. Элге көп көргөзбөйм. Кызым 2 жашта, уулум 4 жашта. Аябай баласаак экенимди экөө төрөлгөндө билдим (күлүп). Келинчегим кесиби боюнча иштечү, азыр балдар менен үйдө. – Ырчы болбосом, спортчу болмокмун деп ойлойм. Азыр машыгууга көп барбай жатам, ачык айтыш керек. Анткени тармактык маркетинг менен иштеп жатам, чет өлкөгө көп барам. Ал жакта маянам көп болуп жаткандыктан кээ бири “чыгармачылыкты таштап эле койбойсуңбу?” деп калат. Мен эки тарапты тең алып кетем деп жатам. – Тескерисинче, бул чыгармачылыкка салым кошо турган нерсе болду. Байкасаңыз, көбү эле тойго арналган ырларга ыктап калышкан, азыр, тескерисинче, азайып сапатка басым жасап жатышат. Тойдун эле көзүн карабай, маянасы жогору жумушта иштесек, чыгармачылыкка да ошончо жакшы көңүл бура алабыз. Нуржамал Жийдебаева Гүлжигит Калыков: “Президенттин учагы аябай эски экен”
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
nargiz-sa
![]()
30.08.2021. 16:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлзинат Суранчиеванын өзүнүн формасы эмес экени билинип калыптыр
sabyr86
![]()
31.08.2021. 22:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмгек синирген артист)) ушул соз озуно канчалык ынгайлуу угулат болду экен.
AZIK01
![]()
04.09.2021. 19:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдыдабыз дейби?
Yahoo
![]()
07.09.2021. 00:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AZIK01,бул озбектердин концерттерин коро элек окшойт .
Egizderim-baktim
![]()
05.09.2021. 17:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булонузду жарыя кылбаганыныз жакшы экен, уй булолук бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|