|
Мерьем Узерли, түрк актрисасы: “ЭҢ ЧОҢ СҮЙҮҮМ ЖАНА КОРКУНУЧУМ – КЫЗДАРЫМ”№979 9-15-сентябрь, 2021-ж.
“Asian World TV Series Awards” – бул Азия чөлкөмүндөгү телесериалдардын дүйнөлүк фестивалы. Актриса Мерьем Узерли бул долбоордун амбассадору. Фестивалдын “атасы” сиз билген, биз билген айтылуу Садык Шер Нияз. Мындан ары жыл сайын Түркиянын Стамбул шаарында аталган фестиваль өтүп турат. Алгачкысы 2022-жылдын май айында болот дешүүдө. Тасма боюнча көп фестивалдар бар эмеспи, долбоордун негиздөөчүлөрүнүн айтымында, телесериалдардын фестивалы биринчи жолу уюштурулуп жатат. Бул “Aitysh USA” негиздеген дүйнөлүк долбоордун экинчиси. Биринчи долбоор “Asian World Film Festival” алты жыл мурун негизделген. Азиялык кинонун дүйнө жүзүндөгү эң ири кинофестивалы катары кадыр-баркка ээ. Мерьем Узерли эмнеге келгенин азын-оолак түшүндүрүп өттүм, эми келгендегисин баяндап өтөйүн. Маалымат жыйын борбор калаабыздагы чоң мейманканалардын биринде өттү. Коногубуздун эшиктен кирип келе жаткандагы жүзүндөгү ачык, эркин жылмаюусу жакты. Фестивалга түздөн-түз тиешеси бар инсандар, фестивалдын төрагасы Шухрат Ибрагимов, башкаруучу директор, бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучусу Асел Шерниязова, операциондук директор Бред Сайсон жана Мерьем Узерли орун алып отурушту. Фестивалдын түптөөчүсү Садык Шер-Нияз, аткаруучу директору Жорж Шамшум, долбоордун Стамбулдагы башкаруучу директору Мендерес Демир видео кайрылуу аркылуу сүйлөштү. Уюштуруу жакшы, баары өз ордунда, бирок таң калычтуу жана таарынычтуу жери – жыйын баштан-аяк англис, түрк, орус тилдеринде өттү. А түгүл Садык Шер-Нияз дагы орус тилинде кайрылуу жасады. Мындай жыйын өз тилибизде жүрсө мындан да барктуу, баалуу болот беле? Коногубузга да кыргыз деген элдин маанайын, маданиятын, дүйнө таанымын түшүнүү жакшы болот беле деген ой. Жыйындын ортосунда “даңазалуу доор” тасмасындагы Сүмбүл аганын ролун кыргыз тилинде сүйлөткөн актёр Нурдөөлөт Копоев сөз алып, Сүмбүл аганы сүйлөткөнүн айтты. Актрисага өз колу менен белек берүүгө уруксат сурады. Мерьем Узерли муну өтө кубануу менен кабыл алып, актёр менен селфиге түшүп, белегин алды. Жыйындын модератору ырчы Самат Дөөлөтбаков болду, ал актрисанын сөздөрүн орус тилине которуп турду. Түрк тилинде берилген суроолорду англис тилине которуп турганына караганда актриса түрк тилин жакшы түшүнбөйт. Эмесе, азын-оолак түрк актрисасы Мерьем Узерли менен болгон пикир алмашуунун урунттуу жерлерин сунуштайын. – Кутман таң, мени сыйлап чакырганыңыздар үчүн рахмат. Мен үчүн бул убак бир аз эрте, убакыттардын айырмасы менен Германияда азыр таң. Бирок силерди көрүп, толкунданып уйкум качып кетти. Сиздерге рахмат! “Asian World Film Festival” кино сыйлыгында мени калыстар тобуна чакырышкан. Ошондон бери фестивалдын уюштуруучулары менен тыгыз катыштамын. Мени долбоордун амбассадору катары чакырышканда сүйүнүп макул болдум. Дүйнө жүзүнө бул фестивалды жайылтуу мен үчүн сыймык! Долбоордун ичинде болгонум үчүн кубанычтамын. “Эки гана саатка келиптир” деп ойлобоңуздар, азыр иш графиктин жыштыгы үчүн сиздер менен көп убакытка баарлашуу мүмкүн болбоду. Биринчи жолу келишим, бирок акыркы жолу эмес. Дагы Кыргызстанга көп жолу келем, силердин өзгөчө жаратылышыңарды, башка шаарларды көргүм келет. М.У.: – Кыргыз эли тууралуу көп нерселерди уккам, бул жакка келерден мурда интернеттен карап билдим. Жаратылышыңарга суктандым. Эмки жолу бир күнгө эмес, көбүрөөк убакытка келем. Ошондо мындан да жакшы таанышам. М.У.: – Тилекке каршы, мен азыр эч бир ысымды айта албай турам. Эмки келгенде сөзсүз кызыгам. Ал эми дүйнөлүк актрисалардан Кейт Бланшет, Моника Беллуччи, Мерил Стриптин ойногондорун жактырам. М.У.: – Тескерисинче, Хюррем аркылуу мени таанышкандары мен үчүн сыймык. Роль мен үчүн жеңил болгон жок. Канча жыл өтсө дагы элдин мени бул ат менен байланыштырганы мага аябай жагат. Ал ролго чейин мен 10 жыл театр актрисасы болгом, дүйнөгө атымды тааныткан ушул роль болду. Азыр алдыңарда ким болуп турсам, муну ушу роль жана ушу долбоор жасады. Алдыда дагы башка ролдорум мени таанытат деп ишенем. Апрель, май айларында Стамбул шаарында 10 сериалуу долбоор башталганы турат. Анда башкы ролдордун бирин ойнойм. М.У.: – Биздин тилибиз башка болгону менен, дүйнө жүзүндөгү инсандар сезимдерибиз бирдей. Сүйүү, коркунуч эмне экенин билебиз. Бул нерсе бизди жакындаштырат. Мээмде, кабыл алуумда чек жок, актриса роль ойнош керек болсо бардык жерде ойношу керек. Ошол үчүн чакырсаңар сунушту кабыл алганга даярмын. М.У.: – Менимче, үй-бүлөм, кыздарым. Ар күн сайын кыздарыма эч нерсе болбосун, оорубасын, аларга эч бир жамандык болбосун деп Кудайдан суранам. Кыздарым менин эң чоң сүйүүм жана коркунучум! Нуржамал Жийдебаева Мерьем Узерли Бишкекте маалымат жыйын берди
Автор: Айзада Кыдырмышева
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
mariolan
![]()
13.09.2021. 10:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
кыргыз актрисалардан кимди тааныйсыз деген суроону жо́н эле койбопсунар
kkkk3259780
![]()
15.09.2021. 15:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
садык шеринер орусча суйлойт, шерон стоундан бата алып келген неме. да...
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|