|
Танк биатлончулары: “МЕКЕНИБИЗДИ 24 СААТ БОЮ КОРГООГО ДАЯРБЫЗ!”№980 16-22-сентябрь, 2021-ж. Үстүбүздөгү жылдын 22-август–4-сентябрь аралыгында Орусияда өткөн “Танк биатлону” жана “Десанттык взвод” мелдештеринде Кыргыз командасы 1-орунду ээледи. 14-сентябрда президент Садыр Жапаров аталган мелдештерде ийгилик жараткан аскер кызматкерлерин сыйлап, "аскерлердин бул жеңишин Токио Олимпиадасында жеңишке жеткен спортчулардын ийгилигине тете баалашыбыз керек" деди. Учурдан пайдаланып Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө барып, Кыргыз намысын татыктуу коргогон жигиттер менен баарлашып кайттык. – Ооба, бир ай Орусияда жүрдүк. Алгач “Танк биатлону” мелдешине даярдыктар жүрдү, андан соң Москванын “Алабино” аскер окутуу талаасында оюндар башталды. Кыргызстан курама командасын тандап алуу туру Баткен шаарында өттү, ошол жактан даярдыктарыбызды көрсөтүп, 10 экипаждын ичинен 4 экипаж Москвадагы оюндарга катышканга мүмкүнчүлүк алдык. Ар бир экипажда үчтөн аскер болот. Бул мелдештер 2013-жылы Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун демилгеси менен негизделген. Биз быйылкы мелдешти кошкондо 8-жолу катышып жатабыз. 2-дивизиондо 8 мамлекеттин арасынан 1-орунду камсыздадык, буюрса, эмки жылы 1-дивизиондо мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүн утуп алдык. Биринчи дивизиондо күчтүү делген Кытай, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн командалары бар. Орусиялыктар атайын мелдештин кубогун, катышуучуларга кол сааттарды тапшырышты, акчалай сыйлык менен да сыйлашты. Айтор, кыргыз армиясынын духун жана деңгээлин кайсы бир тепкичке көтөрдүк десем жаңылышпайм. – Ооба, президент Садыр Жапаров энчилүү кол сааттарды, анан жалпы командага акчалай сыйлык тапшырды. Бул нерсе аскерлерге жакшы мотивация болот деген ойдомун. – Экөө тең жакшы болсо жеңиш камсыздалат. Анан да мыкты танкист болуу үчүн намыс, чыдамкайлык керек. – Айтсаңыз, “Танк биатлону” мелдештерине даярдыктар кандай жүрдү? – Биз 2020-жылдын декабрь айынан баштап курама команда чогултуп, даярдыктарды баштаганбыз. Кыргызстан курамасы 2014-жылдан бери аталган мелдештерге үзгүлтүксүз катышып келет. Бизге чейин мурдагы жетекчилер таптап даярдап койгон аскерлер да бар болчу. Негизи эле танкисттер жыл сайын алмашып, мыктылары тандалып турат. Бул мелдештерде 65 пайызы жаңы кошулду, ал эми калгандары мурунтан “Танк биатлонуна” катышып жүргөндөр. – Эми ал эмоцияларды сөз менен жеткирип бере албайм. Намыс, сыймыктануу, мекенге болгон сүйүү күч алып, ичим ысып, алоолонуп бараткандай сезим болду. Ал сезимдер сыртка да чыгып, көздөн жаш чыгып кетти окшойт. Өзүңүздөр деле көрдүңүздөр, биздин аскерлер кандай оюн көрсөтүшкөнүн. Мындай жигиттер менен Кыргызстан дайыма коргоодо турат, биз мекенибизди 24 саат бою коргоого даярбыз. Интернет желесине тараган видеодон күйөрмандык кылгандар арасында прапорщик Саламат Серкебаевдин аскерлердин ийгилигине сүйүнгөнүнөн ыйлап жибергенин көрүп көзгө жаш тегеренди. Ал каарманды да таап, суроо узатканга үлгүрдүк. – Саламат мырза, танктын үстүнөн Кыргызстандын желеги желбиреп баштаганда ыйлап жибердиңиз, эмоциялар толкуп ташып кетти окшойт ээ? – Ооба, жарым финалда да, финалда да 1-орунду алганыбызга катуу сүйүнүп кеттим окшойт. Ыйлаганымдын себеби – дивизиондо Тажикстан финалдын жарымына чейин биздин командадан ашып келе жаткан, ошондо “эмнеге биз жеңилишибиз керек?” деп катуу кабатырландым. Биздин 3-экипаждын балдары танктарын мыкты башкарып, алардан ашып кетишти. Жигиттер финалдык финишке жакындап, танктан желегибиз желбиреп жатканда толкунданганымдан көздөн жаш чыгып кетти. Эми бул сезимимди мекенин сүйгөн, чын жүрөгүнөн бир нерсеге күйөрмандык кылган адам гана түшүнсө керек. – Ооба, мекенди коргоо – бул мыкты кесип. Өзүм 2003-жылы аскерге кызмат өтөөгө келип, ошол бойдон келишим түзүп, бул жакта иштеп калдым. Кичинемден эле аскер кызматкери болгум келчү. Учурда жаңы келген аскерлерди тарбиялап, мекен коргоочу мыкты муунду өстүрүп жатабыз. – Биринчиден, аскер кубаты жактан күчтүү мамлекеттер менен мелдешүүнүн өзү чоң тажрыйба. Экинчиден, биз катышып эле тим болбостон, 1-орунду камсыздадык, бул да өлкөнүн армиясынын репутациясына таасирин тийгизет. Кайсы бир деңгээлде биз аскерлерибиздин даярдыгынын мыктылыгын далилдей алдык. Бизде окутуу, аскер техникаларын колдонуу жагын үйрөтүүдө маселе жок, болгону мелдеш талаалары Орусияныкындай тегиз, ыңгайлуу эмес. Балким, бул маселе деле жакынкы күндөрү чечилип калар.
VII Эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн «Танк биатлону» жана «Десанттык взвод» мелдештери – бул аскердик спорт. АрМИ оюндары өзүнүн маңызы, спорттук негизи боюнча Аскер кызматкерлеринин эл аралык олимпиадасы катары калыптанып калды. Оюндун алкагында кыргыз танкисттери 8 мамлекеттин командасы менен мелдешип, 1-орунду алса, курсант-десантчылары 12 өлкөнүн командасы менен күч сынашып, 1-орунду камсыздаган. “Танк биатлону” менен “Десанттык взвод” сынактарынын катышуучуларына мелдештерде жеңиши үчүн акчалай сыйлык катары Президенттин резервдик фондунан 1 миллион 880 миң сом бөлүндү. Кыргызстандын курамасы «Танк биатлону» жана «Десанттык взвод» 2-дивизионунун финалынын жеңүүчүсү катары кийинки жылы 1-дивизиондо мелдешке катышуу укугун алды. Лунара Бекиева “Мекенибизди 24 саат бою коргоого даярбыз"
Автор: Медина Найманова
Оператор: Равшан Тойчиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Nina.alex
![]()
20.09.2021. 11:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыйраттынар. ТАжиктер Желегин Биздин Аймакка Илип Атканда Кайда Эленер
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|