|
Алексей Филатов: “ӨМҮРҮҢДӨ БИР ГАНА ЖОЛУ 15 ЖЕ 20 ЖАШТА БОЛОСУҢ...”№980 16-22-сентябрь, 2021-ж.
Дайыма туулган күнүмдө биринчи куттуктаган адам Алексей болчу. Кайда болсом да мага ошол күнү кыпкызыл розаларды жөнөтчү. Ушундай нерселерге өтө көңүл бурчу. “Болчу” деген сөздү такыр ага колдонгум келбейт. Бирок... Лёша менин эң мыкты шакиртим, асыл адам эле. Аз гана жашап өтүп кеткени кандай кейиштүү... Бир жыл мурун өз баракчасына мага арнап ыйлата тургандай пост жазган. Анда: “Жекшемби күнү саат 7:00дө телефонума чалуу келди. Окуучу кезим, уйкум кана уктап ала турган күнүм бир гана жекшемби эле. “КТРге кел, азыр монтажер бош, сюжеттерди жасап салалы” деди. Шашып ордумдан туруп, саат 8:00дө жетип бардым. Мындай эс ала албаган жекшембилер көп болду. Бирөөнө да баш чайкап барбай койгон жокмун. Мен үчүн телекөрсөтүүлөрдүн эшиги ачылып жаткан кез эле. Жылдар өтүп жатты, бир жолу ал мага “өзүңдүн долбоорлоруңду ачканга убакыт жетти, режиссёр жана редактор болосуң” деди. Мен мындай адамды мурун жолуктурган эмесмин, анын ар көз карашынан мага чоң үмүт кылып жатканын байкачумун. Жан дүйнөмдө бул адамга чоң ыраазычылык жашайт. Өмүр бою ага ыраазымын. Ал – Ассоль Молдокматова! Жан дүйнөңүздө дайым гүлдөр жайнап турсун, туулган күнүңүз менен!”- деп жазган. Постту азыр окуп алып мага ушунчалык оор болду. Тилекке каршы, мен чет өлкөдө болгондуктан аны узатуу зыйнатында болбой калдым. Бирок уюштуруу иштерине аралыктан болсо да аралашып, колдон келген жардамымды берип жаттым. Алексей тайнесинин жанындагы көрүстөнгө коюлду. Алексейдин апасы гана бар болчу. Ал жалгыз уул. Апасына кайрат айтып, кайгысын тең бөлүшөм!
Ал өзгөчө болчу. Чачын ар түскө боёп, гель менен тургузуп алып жүрчү. Кийингени да башкача эле. Эл аны түшүнбөй, кодулап эле ар түрдүү сөздөрдү айта беришчү. Коргоп эле жүрчүмүн. “Сагынып жатам, жолугалы” деп калар эле, анан жолукчубуз. Акыркы жолу көп убакыт көрүшпөй жүрүп жолуктук. Ошондо өзгөрүп кеткенин байкадым. Шаңдуу, шайыр, бир орунда тура албаган жигит болчу, ындыны өчүп бараткандай сезилди. Жоошуп, үнү да акырын чыгып калыптыр. “Алексей, сен Казакстандын, Орусиянын алдынкы каналдарынан чыга турган жигитсиң, өзүңдү баалабай, барктабай жатасың. Сенин тилиң укмуш да, аракет кыл!” деп урушкан элем. Ал учурда телеканалдагы музыкалык студиянын башкы редактору Мирлан Самыйкожо болчу. Андан өтүнүп, “Алексейге ылайыктуу долбоор болсо кош” дегем. Өзү чыгынбай койду окшойт. “Жеке жашооң кантип жатат?” десем, “азыр жалгыз элемин” деди. Аталарыбыз жок болуп, бизди апаларыбыз жалгыз өстүргөн үчүнбү, экөөбүздүн жан дүйнөбүздөгү жараларыбыз окшош эле. Көздөрүбүздөн дилибизди түшүнчүбүз. Чын эле бир тууганымды жоготкондой жаман болдум. Апам да жакшы көрчү, ал дагы ыйлап жатат. Жаш кетти...
23-август – Сен кайсы бир убакта өзүңдүн жападан жалгыз жашооң тууралуу ойлонуп көрдүң беле? Убакыт ушундай тез өтүп жатат, сен аны ойлогондо селт этесиң, бирок эч нерсе кыла албайсың. Жашың азыр канчада? 15 же 20? Оу, балким, 28? Эч нерсе эмес! Жөн эле окуп кой. Суткада 24 саат бар. Ар бир күн терезеңден чачырап тийген күндүн нурунан башталат. Бирок сен азыр мектепке, колледжге, же жумушка барам деп наалыйсың. Ойгон, күнүм! Бир гана жолу сен мектепте окуйсуң, бир гана жолу кайсы бир нерселерге бейгам карайсың. Бирок ушул нерселер сенин жашооңдо маанилүү окуя болушу мүмкүн. Күлкү. Биринчи сүйүү! Кубаныч. Жолугуу. Сабактан качуу. Күүгүм. Жай. Жашооң кайда учуп бара жатат? Ойлон. Учурду баала! Учурду азыр жана бүгүн жаша! Анткени өмүрүңдө бир гана жолу сен 15 же 20 жашта болосуң... Нуржамал Жийдебаева Филатовду кесиптештери эскеришет
Автор: Медина Найманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|