|
Мирбек Иманбеков, ырчы: “АПАМ МЕНЕН АГАМДАН АЙРЫЛГАНДАН КИЙИН ООРУП КАЛДЫМ”№987 4-10-ноябрь, 2021-ж.
– Рахмат! Маданият кызматкерлеринин күнүндө ушундай сыйлыкка ээ болдум. Негизи өтө чоң эмоция менен барган эмесмин, бирок расмий алгандан кийин толкундансам болобу (күлүп). Наам чын эле стимул болот экен, муну алгандан кийин эми башкасын алсам деп ойлоно баштайт экенсиң. – Азыр, шүгүр, дары ичип жатам. Түркияга барып текшерилип, ден соолугум жакшы экенин билип, жан дүйнөм тынч алып, маанайым көтөрүлүп калган учур. – Диагноз жөнүндө азыр айта албайм. Бизде деле күчтүү дарыгерлер бар, болгону техника, медициналык аппараттар дээрлик жок экен, ошол жактан биздин медицина алсыздык кылат. Так диагноз коюп беришти. Түркиялык дарыгерлер текшерип, айыктырса болот деп жиберишти. Ички органдарымда, ашказан, боор, бөйрөгүмдө бир аз маселе бар экен. Өзүмдү күндөн күнгө жакшы сезип жатам. Өтө сезимтал болуп кеткем, ооруп жаткан адамдарды көрсөм эле “айыгып кетсе экен” деп калгам. – Ооруп жатканда бир туугандарым, келинчегим, атам жанымдан чыккан жок. Уктап жатсам да жанымда күзөтүп турушту. Өкүл атам ырчы Урмат Усенов түркиялык дарыгерлер менен сүйлөшүп берди, колунан келген жардамын аяган жок. Өзүңөр билгендей, илгертен берки досторум ырчылар Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев колдоп турушту. Шоу-бизнестегилерге ыраазымын, материалдык, моралдык жактан жардам беришти. Ыры да, чыры да бар шоу-бизнесте ынтымак өтө күчтүү экенин сездим. Мен да ошол ынтымактын ичинде болгонума сыймыктандым. Ошондой эле элдин колдоосун сездим. Өзүмө чалып сурагандар, жазгандар, жакшы тилек, батасын арнагандар көп болду. Элдин уулу болгонумду ушундан улам сездим. Ыраазы болуп көзүмө жаш толгон учурлар болду. – Жаңы образ кылгым келбей калды. “Ит болот же хит болот” дегендей, элге ал образым жакпай калды (күлүп). Көрөлү дедик, көрдүк, элге жакпады. – Сагынбайм деле, бирок жылмайып эстейм. Ал күндөрдөн мага эстелик каттар калды. Ал кезде социалдык тармактар жок, кат жазышчу эле күйөрман кыздар. Султан Садыралиев “мага мынча метр жазылган кат келди” деп бир дуу болду эле го (күлүп). Мага андан да узун жазылган кат келген. Ошо Султандын интервьюсун окуп калган күйөрман кыздардын бири чычалап кетип “мына сага” деген окшойт да (күлүп). 20 метр кагазга жазылган кат алып келип, концертимде берип кеткен. Бирок мен айтып чыга алган жокмун элге, анткени Султан айтып койгон эле. Канча жылдан кийин болсо да күйөрманымды эстеп, азыр айтып отурам. Азыр ал кыздар 2-3 балалуу болуп, үй-бүлөнүн очогун жагып отурса керек. Эстеп жылмайып калам. – Кыйын болду. Шоу-бизнесте буркан-шаркан болуп жүргөн жашоодон кийин айылга барып тынч жашоо өткөрүүгө көнүү бир аз оор болду. Чыгармачылыкка болгон кусалык күнү-түнү жашады. Бирок ата конушума барып уулдун милдетин аткарышым керек эле. Ортодо кырсыктар болуп кетти. Апам каза болду, анан агам каза болуп калды. Жан дүйнөнүн каалаганын эмес, жашоонун нугу менен кеттим. Айылга барганымдын жакшы да жактары болду. Туугандарым менен аралашып, катташтым. Көп нерселерди билбечү экем, үйрөндүм. Ырдап дагы жүрдүм. – 5-6 жыл мурун болгон. Такыр ырдагым келбей, соолуган гүлдөй болуп калгам. Анан убакыттын өтүшү менен ошол абалдан чыктым. Жан дүйнөң оодарылып, анан бир убакыт келип анын баарын жеңип, кайра ырдагың келип калат экен. Азыр, тескерисинче, ырдагым келип жаткан учурум. Оор сыноону башымдан өткөргөндөн кийин бугумду ырдап чыгарып салгым келип жүрөт. Жаңы ырларды чыгарып, клип тарттырып жатканда ооруп калдым. Эми, буюрса, даярдап жатам. Эл ошол ырлардан да менин башыма келген нерселерди түшүнсө керек. – Апамды жоготкондо өзүмдү жоготкондой болдум. Мен көп ойлоном, анан эч кимге да жарылып сырымды айтпаган адаммын. Апам менен гана ичимди төгүп сырдашчумун. Апам кеткенден кийин анте турган адамым болбой калды. Эмоцияларымды ичиме катып калдым. Кийин агам дүйнөдөн кайтты. Ошол нерселер менин ооруп калышыма себеп болду окшойт. Ичке катпаш керек экен, бул нерселер ооруга айланып чыгат тура. Өзүңдү кыйнабай, кыжалат болбой кубанып, күлүп жашаш керек экен. Сырды эми ырдан чыгарыш керек болуп калды. – Сырдашам, бирок апама айткандай баарын төгүп бере албайм. Келинчегим тирегим, жакшы эне, жакшы жубай. Жашоомдо кандай күндөр болсо да жанымда турду. Мени, балдарымды эле эмес, атамды да карайт. Атамды жакшы караганына өтө ыраазы болом, менден да көбүрөөк кам көрөт. Атам да өз кызындай көрөт. Эки кыз, бир уулубуз бар. Кичине кызым азыр бир жарым жашта. Кылыгы менен ичибизди эзип жиберип жатат. Силерге келерде да туфлимди сүртүп, чачтарымды оңдоп жиберди. Уктап калсам үстүмө өзүнүн кийимдерин жаап, азыртадан камкордук кылып жатат. Мунун баарын апасынан көрүп жасап жатат да. Көз тийбесин деп эле жүрөбүз. Нуржамал Жийдебаева “Элдин уулу болуп калганымды ооруганда сездим
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
06021701
![]()
08.11.2021. 21:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыздын таланттуу уулдарынын бирисиң Кудайым шыпаа берип сакайып кет балам чыгырмачылыгыңа ийгилик
Isikkolumkeremet
![]()
09.11.2021. 08:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы адам менен ушундай маектер жанына тынчтык тартуулап мээнди эс алдырып откон кезди эске салып бир кубандырат.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|