|
ИЛГИЗ АБДАЛИЕВДИН АВАЗ АКИМОВДОН АЛГАН ҮЙҮНДӨ КОНОКТО№989 18-24-ноябрь, 2021-ж. Үйлүү болуу кандай сонун сезим. Жакында ак өргөөлүү болуп, мына ошол сонун сезимди жашап жаткан ырчы Илгиз Абдалиев менен жубайы Назима Муратбекованын кубанычын тең бөлүшүп, үйүндө конокто болуп кайттык. Алар жакын досу, ырчы Аваз Акимовдун үйүн сатып алышты. Үйү менен Ильгиз мырза тааныштырат. “БАЛАСААКМЫН, БАЛАМДЫН ЖАНЫНАН ЧЫКПАЙ ЖҮРӨМ” – Конуш жайлуу болсун! Үйлүү болгондогу сезимдер башкача бекен? И.: – Үйдү күтүлбөгөн жерден алып калдык. Биз Ат-Башыда ата-энемдикинде болчубуз. Бир күнү Аваз телефон чалып, “досум, ушундай үй албайсыңбы?” деп үйдү сүрөттөп берди. Угуп туруп “эй, досум, сенин үйүңө окшошуп жатат го” десем күлүп койду. Мурун эки жактан үй чыгып калганда "дагы коё туралы, дагы акча чогулталы" дей берчүмүн. Аваз бул үйдү сатам дегенде эле көңүлүмө жакты. Баары даяр, досумдун акжолтой үйү. Ата-энем менен кеңешип үйдү алып калдык. Өзүмдүн чогултуп жүргөн акчам бар болчу. Үйдүн баасынын көпчүлүк бөлүгүн берип койдук. Калганын акырындан берип кутулмай болдук. Аваз менен Айдана мындан чоң үй алышты, алар көчөрү менен Ат-Башыдан келип эле биз бул жакка көчүп келип алдык. Бул үйдү дапдаяр абалында алгандыктан мурунку оокаттарыбыздын айрымдарын жакындарыбызга бердик, кээ бирин саттык. Мурун жер тамда турчубуз да, көп кабаттуу үйгө баарын ташып келе албайт экенсиң. И.: – Уулубузга 7 ай болду. Анан уулумдун тою менен үй тойду чогуу берсек деп калчумун. Буюрса, тилегибиз ишке ашканы турат. Эми тушоо той менен үй тойду чогуу беребиз. И.: – Чынында, балабыз төрөлгөндөн бери чыгармачылыкка баш-отубуз менен кирише албай жатабыз. Бирок чыгармачылыкта элемин, бул менин 9 жыл бою окуган, нан таап жей турган кесибим. Даярдап жүргөн жаңы ырларым бар, буюрса, элге сунабыз. Келинчегиме да ырларды жаздыралы деген пландарыбыз бар. И.: – Тойлорго жар-жар айтканга дайыма башка ырчы кыздарды алып барчумун. Анан жубайым ырдаса эмнеге болбосун деп аны ырдатып көрдүм, жөндөмү бар экен. Кочкор районунан тойго чакырышып, “жеңени жар-жар айттырыңызчы” деп калышты. Алгачкы сапарыбыз ошол жакта башталды. Андан кийин эле тойлорго чакыруулар түшүп баштады. Башында бир аз уялды, ырды жаздырабыз деп студияга барганда аппаратка көнбөй жатты. Н.: – Үн жаздыра турган баланын мүнөзү оорбу же мен ага көнө албай койдумбу, айтор, микрофондун жанында туруп эле өзүмчө жаман болуп жаттым. Ырдайын десем үнүм чыкпайт. Негизи студиядан сүрдөйт экенсиң. Анан Илгиз “жакшылап ырдабайсыңбы, жана жакшы эле ырдап жатпадың беле” деп урушуп баштады. Араң турган мен ыйлап баштадым. Ыйлагандан кийин үнүм такыр чыкпай калды. Үйгө келип экөөбүз жарашып, кайра даярданып баштадык. “Мени урушпасаң жакшы ырдайм” деп эртеси барып жаздырдык, ошону менен жар-жар айтып кеттим. Н.: – Дайыма жаныбызда алып жүрөбүз. Сиңдимди же кайнимди кошуп алып эле жөнөйбүз. Биз ырдаганы киргенде алар карап турушат. И.: – Балабызды алып эле тойлоп жүрөбүз. Мен негизи баласаакмын, баланы бирөөгө таштап кете албайм. Назима өзү жалгыз карап калса бага албай калчудай ишенбейм (күлүп). Ошондуктан дайыма баланын жанында жүрөм. Жумгалга, төркүнүнө “баланы алып өзүм барып келейин” дейт, “жок, баланы бага албайсың” деп жанына кошо барып бир жума жүрүп келдим. – Көнүп баратам. Кээде эртең менен туруп боёнуп отургуң келбей көчөгө чыгып кетсең, кишилер таанып калат, эркин жүрө албай калат экенсиң. Динара Акимова Илгиз Абдалиев “Үйдү башка бирөө сунуштаса, мынчалык аракет кылбайт элем“
Автор: Канимет Данияров
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
ChagyIgan7
![]()
22.11.2021. 12:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакпайт ушулар
Nina.alex
![]()
22.11.2021. 14:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир тойго ырдап чыгып коюп эле озун атактуу сезип алыптырго . ээн эркин журо албайт экенсин деп
Nina.alex
![]() SUPER.KG видео
22.11.2021. 15:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман мелочь окшойт куйоосу
KaGaH
![]()
22.11.2021. 15:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы үй болсун!куттуктайм
akmanai
![]()
28.11.2021. 23:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйунор куттуу болсун. Ичи суйууго, берекеге бакытка анан наристенин кулкусуно толсун. Коп ийгилике жеткиле.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|