|
Гүлжигит Алыкулов, футболчу: «ЕВРОПАГА КЕТҮҮ – БАШКЫ МАКСАТЫМ»№993 17-23-декабрь, 2021-ж
– Саламатсыздарбы, Бишкекте үй-бүлөм, досторум бар, аларды сагынып келем. Ошон үчүн көбүрөөк убактымды алар менен өткөргөнгө аракет кылам. Негизи футболчуларга тез-тез эс алуу керек. Машыктыруучуларыбыз түзүп берген программанын негизинде машыгып, эс алып, өзүбүздүн формабызды кармап турабыз. Эс алуу күндөрү досторум менен убакыт өткөрүп, калган убактымда байкелеримдин кичинекей балдары менен алек болдум. – “Кайрат” клубу Өлкө чемпиондугунда 2020-жылы жеңүүчү болгон элек, бул жылы, тилекке каршы, 3-орунду алып калдык. Ал эми өзүмдүн оюнума баа берсем, күткөнүмдөй болбой калды. Бирок командамдын ийгилиги үчүн болгон аракетимди жумшадым. Казакстандын кубогун утканыбыз бул сезондун жакшы бир трофейлеринен болду десем болот. Буюрса, кийинки жылы жакшы оюндарды көрсөткөнгө аракет кылабыз. – Албетте, ар бир оюнда утушубуз керек. Бул жылы Дүйнө чемпиондугуна чыгалы деген биздин жакшы үмүттөрүбүз бар болчу. Японияда өткөн оюндарда Монголия курама командасына каршы жакшы оюн көрсөтө албай койдук. Негизи биз ута турган команда болчубуз. Ал эле эмес, Тажикстан менен болгон оюнда да жакшы оюн көрсөтө алган жокпуз. Жеңиштер, аны менен бирге жеңилүүлөр болду. Кандай болбосун кыргыз футболунун курама командасы алдыга умтулуп келе жатабыз. – Футболдук карьерам эми гана башталып келе жатат. Ар бир эле оюнчу Европага умтулат. Кудай буюрса, ошого аракет кылып иштеп жатабыз. Кыргыз футбол күйөрмандары менин Европага кетишимди каалап жатышат, буюрса, бул ишке ашат деп ойлойм. Азыркы башкы максатым – Европага кетүү. Жакшы клубдарга барганга аракет кылабыз. Эми клубду өзүбүз тандабайбыз да. – Мындай маалымат кандайча тараган мен билбейм. “Рубин” азыркы клубума, агентиме байланышка чыкканбы, менде так маалымат жок. Негизи Орусия, Европадан мага, агентиме, клубга байланышка чыккандары андан бетер жакшы. Топ клубдардын чакыруусуна, албетте, даярмын. Алгач азыркы ойноп жаткан “Кайрат” клубу менен сүйлөшүшөт, алар бир чечимге келгенде маалымат мага айтылат. Ошентип баарыбыз чогуу чечебиз. – Жанар байкем (ред.: улуу агасы) экөөбүз спорт жаатында көп сүйлөшөбүз, акыл-насаатын айтат. Өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек, эл менен кандай сүйлөшүшүм керек, баарын ошол агам өзү көзөмөлгө алып турат. Манас байкем менен көп тамашалашам. Ал интервьюга барганда өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек экенин айтып кеңеш берет. – Албетте, алар деле тарбиялуу кыздар менен сүйлөшүүмдү каалашат да. Азырынча сүйлөшкөн кызым жок. Албетте, социалдык тармактардан кыздар жазып турат. Эми өтө көп эмес (күлүп), бирок фанаттарым бар. Кыздар менен сүйлөшүүнүн убактысы келет деп күтүп жатам. Үй-бүлө курууга аябай эрте. Азырынча футболду, карьерамды гана ойлойм. – Негизи каныбызда бар болуш керек, достор менен жүргөндө, үйдө куудулданып койгон учурларым болот. Жанарбек агам дагы убагында футбол ойночу, ошонун жолу менен мен дагы бул жаатка келип калдым. Футболчу болбогондо ким болмокмун, чынында ойлонбоптурмун, ким билет, балким, актёр, куудул болмокмун. – Ооба, Түркияда окуп жүргөндө жашым 18ге чыга элек болгондуктан апам жанымда жүргөн. Азыр 21 жаштамын, эркин болушка убакыт келди. Апам Бишкекте, бирок дайым колдоп жатканын сезип турам. Апам экөөбүз көп сүйлөшөбүз, жаңылыктарымды айтып турам. Эне да, санаасы тынбайт. Энени урматтап, сүйүш керек. Ийгиликтеримди апама арнап турам. – Жылкынын этинен жасалган беш бармагын. – Атам спортко жакын болчу. Футболго бара баштаганда бир-эки оюнумду барып көргөн. Атам арабызда болгондо кичине болсо дагы ийгиликке жеткенимди көрсө жакшы болмок деп ойлоп кетем.
– Манас мырза, Гүлжигиттин токтоо мүнөзү кимге окшош? – Гүлжигиттин мүнөзү Жанар байкесине окшош. Камеранын алдына келгенде токтоо сүйлөп калат. Жашоодо тамашакөй, куудул жигит. Кичинекей кезинде көп сүйлөчү, көчөнү чаңыткан тентек болчу. Достору менен алыс жакка кетип калып, издеп таппай апамдан канча таяк жедим. Олуттуулук жигитти көркүнө чыгарат дейт го. Кийинчерээк ошондой болуп кетти Гүлжигит машыгууларда жүрүп мектепте өтө деле жакшы окуган эмес. Окуучу кезинде эле футбол менен чет жакка көп чыкчу. Кийин 10-классында Түркияга кетти. Ал жакта деле окууну кыйраткан жок, бирок машыгууну кыйратты. Азыр китептерди көп окуйт, “мына бул китепти окусаңыз, жакшы экен” деп мага дагы кеңеш берип калат. – Жакында эле Казакстандын Кубогун утушпадыбы, ошондо башка бир маселе менен байкемдин үйүнө барсак, оюн башталып калды. Оюн талаасына Гүлжигит чыкты, топ буга тийгенде жүрөктөр дүкүлдөп, апам байкуш отура албай улам ары көздөй басып кетет. Негизи эле гол кирбей калса “ий” деп кейип, гол кирсе “ба-а” деп кыйкырып кубанган эмоциялардын коштоосунда көрөбүз. Ал эми Гүлжигит Бишкекке келгенде баарыбыз жакшы көргөн тамактарын жасайбыз. Туугандардыкына улуулата кезек менен барып жүрүп эле эс алуу күндөрү бүтүп калат. Динара Акимова “Футболчу болбосом актёр же куудул болмокмун” дейт Гүлжигит Алыкулов
Автор: Нуркыз Курманбек кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Tyttty1990
![]()
20.12.2021. 13:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат Европа эле эмес дүйнө суктанган футболчу бол. Эң негизгиси акчага көөп кетпе. Ийгилик
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|