|
Данияр Эрматов, ырчы: «ЖУБАЙЫМ АТА-ЭНЕМЕ ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛГАН САЙЫН СҮЙҮҮМ КҮЧӨЙТ»№998 21-27-январь, 2022-ж.
– Саламатсыздарбы, жалпы “Супер-Инфо” гезитинин окурмандары? Москвага концерт коюп 2017-2018- – Буюрса, алдыда жаңылыктар көп. Чыгармачылык деле дыйканчылык сыяктуу, эгинди сугарып жакшы карасаң жакшы түшүм аласың го. Өткөн жылы менде бир аз тыныгуу болду. Ошол тыныгуунун артынан эми эки эселеп иштейм. Мурдатан эле үй-бүлөмдү биринчи орунга коём деп айтып келгем. Айтканымдай эле, үй-бүлөм, ата-энем, бир туугандарым менен убакыт өткөрдүм, айылдагы үйдө да жүрүп калдым. Эми бул жылы, буюрса, алдыда пландар аябай көп. Учурда жаңы клиптин үстүндө иштеп жатабыз. Ыр “Алло, жаным” деп аталат. Ырды клиби менен чогуу чыгаралы деп сактап жүргөнбүз. Гүлназ Чыныбек кызы экөөбүздүн аткаруубуздагы дуэт. – “Жолуккум келет” ырынын сөзү, обону Кубаныч Кожомберди уулу деген иниме таандык. “Алло, жаным” дагы ал жигиттин ыры. Негизи Гүлназ экөөбүз бир эле жолу дуэт ырдайбыз деп пландаганбыз, бирок кийинки ыр дагы экөөбүздүн аткаруубузга ылайык келип калды. – Мурун камкор ата деген сөздөргө ээ эмес элек да, башкача жагымдуу угулат экен. Ата болуу башкача сезим, аны түшүндүрүп бере албайм. Балалуу болгуча эле мен кичинекей балдарга жакын болчумун. Туура айтасыз, балалуу болгондон кийин өзгөрөт экенсиң, “бир үй-бүлөнү багыш керек, кандай кылсам туура болот?” деп мурункудан жоопкерчиликтүү болуп калат экенсиң. Кызым мага аябай жакын, тили дагы ата деп чыкты. Үйгө барсам аталап тосуп алат. Көбү кызымды мага окшоштурушат. – Көз тиет деген туура, ошон үчүн кызымды эч ким көрө элек. Элге көрсөткөндөн деле пайда жок. Мен өзүм ошол нерсени каалайм, келинчегим деле эл көзүнө чыгара бергиси келбейт. Наристе ошондой эле чоңойгону жакшы. – Эки жакка чыгып маек бергенди жубайым өзү деле каалабайт. Анын бул нерсени каалабаганы мага да жагат, мен туура көрөм. – Жакшы жубай, өзүнө тиешелүү иштерди жакшы аткарат. Ата-энеме жакшы мамиле кылат. Ал адамдарга канчалык жакшы мамиле жасаса менин ага болгон сүйүүм ошончолук күчөйт. Бардык эле эркектерде ушундай деп ойлойм. Эми үйдө сөзсүз түрдө майда-чүйдө түшүнбөстүктөр болот. Бул жакка келип алып эле периште боло берген дагы туура эмес. Андай нерсе ар бир үй-бүлөдө болот. Андайда бири-бирин түшүнүш керек. Кудайга шүгүр, экөөбүз тең көк бет эмеспиз. Түшүнбөстүк болсо бир аздан кийин эле сүйлөшүп кете беребиз. Таарынышып, сүйлөбөй койгон мага жакпайт. Ал ашып кетсе бир саат таарынышы мүмкүн, бат эле унутуп калат. – Мамилебиз баштагыдай эле жакшы. Сиз айткандай, чынында көп жолукпай калдык. Себеби үй-бүлөлүү болдук, ар ким өзүнүн үй-бүлөсү менен алек. Мурда бойдоктор көптүк кылат элек да, турган жерден эле чогуу бир жактарга кетип калчубуз. Азыр досторубуздун арасында эки гана бойдок калбадыбы, акырын эле жүрүп калышты. Аттарын атабай эле коёюн (күлүп). – Эң биринчиден, өзгөрбөшү керек. Ар кандай учур болот, бир учурда достордун бирөө көтөрүлүп, экинчиси банкрот болуп калышы мүмкүн. Ошол убакытта абалын сураган, бири-бирине жан тарткан адам дос. Ошондой кыйын убакта кетип калган адам дос эмес. Досуңдан күткөн нерсени башка бирөө кылса, аябай өкүнөсүң. – Бааны эл өзү берет. Алдыга талпынып жаткан ар бир ырчы аракет кыла бериши керек. Ырчы көбөйүп кетти деп деле айта албайм. Өзү эле иргелип калат. Мисалы, 10 кино бир убакта чыкса деле, ошолордун бирөөнө эле эл агылып келет. Чоң кафелерди алсак деле, бирөөндө эл батпай кезек күтүп турат, а жанындагы кафеде эл жок болот. Анын сыңарындай ырчыларды деле эл өзү тандап алат. Көбөйгөн сайын сапат өсөт, баары сапатка иштей башташат. – Сахнада кандай болсом, сахнанын артында деле ошондоймун. Мен баарына эле жакшы мамиле кылам, той-концертте деле сүрөткө түшкөнү келгендердин баары менен учурашып, сүрөткө түшүп жүрө берем. Бул мага жагат, себеби бул биздин кыялыбыз болчу да. Сиз айтып жаткан жаш ырчылардын мени баалаганына ыраазымын. Мен дагы ошолордой болуп ырдап чыккам. Мен дагы улуу ырчылардан жылуу сөздөрдү укканды каалачумун. Жакшы, таланттуу инилерим чыгып келе жатат, баарына ийгилик каалайм. Динара Акимова Данияр Эрматов: “Жубайым ата-энемди сыйлайт. Аны көрүп сүйүүм күчөйт“
Автор: Канимет Данияров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
1211
![]()
29.01.2022. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
привет
1211
![]()
29.01.2022. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|