|
Эльзар Өскөнбаева, ырчы: “КАЙНЕНЕМЕ “МИЛАШКА” КӨРҮНГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛГАМ”№1000 4-10-февраль, 2022-ж.
Эльзар Өскөнбаева: – Апама келин болуп келгениме 10 жыл болду. Кайын журтум Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Маман айылынан болот. Жолдошум менен бул жылдарда 3 балалуу болдук. Балдарым кайненемди “энелеп” аябай жакшы көрүп, күтүшөт. Кайненемдин айылдан келгени балдарым үчүн чоң майрам. Гүлийпа Алышпаева: – Биринчи жолу Эльзар менен уулум Чыңгыз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө таанышкам. Эльзар Каракол шаарына тойго келген экен, уулум үйдө эле. “Эне, Эльзарды үйгө алып келип тааныштырбаймбы?” деп калды. Мага ырчы кыз менен сүйлөшөрүн айтып жүрчү. Мен “жок, балам, келин болуп келе электе кантип үйгө келет. Андан көрө биз өзүбүз баралы” деп, үйдөн нан, жармамды көтөрүп алып Каракол шаарына таанышканы баргам. Таанышканда эле жакты, күлгөнү, шайырдыгы, сүйлөгөнү, айтор, мен үчүн балам экөө ынтымакта жашап кетсе эле болду эле. Э.: – Апам өзү аябай сүрдүү көрүнөт, көбү “кайненең абдан тартипке катуу болуш керек, ээ?” деп сурап калышат. Көз тийбесин, 10 жыл аралыгында катуу айтышып, таарынган күнүбүз болгон жок. Мен биринчи таанышууда аябай жоош кыз болуп, сүйлөбөй эле “милашка” көрүнгөнгө аракет кылгам. Ал эми жашоодо өзүм аябай ачыкмын да, оюмду такыр жашырбайм. Туура болсо да, туура эмес болсо да бетке айтмай адатым бар. Жолдошум менен көп деле кыз-жигит болуп сүйлөшкөн жокпуз, 6-7 айдай сүйлөшүп, үйлөнүп алганбыз. Үйлөнгөндөн кийин кызмат кылып деле кыйраткан жокмун, бир жумадан кийин шаарга келгенбиз. Анткени менин да, жолдошумдун да жумушу бар эле. Апам бизге көп келет, кээде сагынганда ай сайын эле чакыра беребиз. Г.: – Эльзар аябай ачык, шайыр келин, мүнөзү меникине окшош. Кыйратып кызмат кылбадым дегени менен, мен такай шаарга келип 2-3 ай келинимдин колунда турам. Неберелерим да мени аябай жакшы көрүшөт. Абдан сыйкор, кечээ айылдан келсем мени тосуп алды. Кызыктуу окуя боюнча айтсам, кудаларым менен таанышканда, кийин той болуп жатканда деле ары-бери өтүп кудагыйым мага “кудагый, кызымдын чыгармачылыгын түшүнүп, жардам берип койсоңуз” деп эле айтып жатты. “Жолтоо болбоңуз, тоскоолдук кылбаңыз” деп айта алган жок. Анан тамададан микрофонду сурап алып “келин жаман эмес, алтындарым, келген жери жаман. Эльзарды эч убакта таарынтпайм, колдон келсе жардам берем, чыгармачылыгына тоскоол болбойм, колумдан келсе неберелерди карашам” деп кудаларыма убада бергем. Кудагыйым азыр “сиз ошондогу убадаңызга турдуңуз” деп ыраазы болуп калат. Э.: – Ооба, 10 жылдан бери эле апама жүгүнөм. Көлдө "бели сынган адам гана жүгүнбөйт" дешет экен. Кайнатам көп жыл мурун каза болгонуна байланыштуу апам азыр эч кимге жүгүнбөйт. Келиндин кайненеге жүгүнгөнүнө эмне жетсин. “Кандайсыз, жакшысызбы?” деп отурбай, жүгүнүп туруп жумушуңду кылып кете берген жакшы го. Э.: – Аябай катуу деле таарынткан жок болушум керек. Неберелерине болушуп жатып таарынып калышы мүмкүн мага. Себеби балдарым аябай тентек да, кээде эмоциямды башкара албай катуу урушуп же колум тийип кеткен учурлар болот. Бир жолу апам “эгер неберемди дагы менин көзүмчө чапсаң, мени чапкандай кабылдайм, анткени мени ургандай болот” деп айткан. Ошондон кийин апамдын көзүнчө балдарымды урушпаганга аракет кылам. Улуу баламды төрөгөндө эч нерсени билбейм, энелик тажрыйбам жок, апам 2-3 ай биз менен жашап, мени тыңытып кеткен. Күндө шорпо жасап берип, баламды карашып аябай камкордук кылган. Ар бир эле кайнене анте бербесе керек деп ойлойм. Бир жолу иш сапар менен Сауд Арабиясына 24 күнгө бармакпыз, кызым 1 жашта эле. Дароо эле баралбайт болушум керек дедим. Баралбайм го десем жолдошум деле “мейли анда” деп сүйүнүп калды. Апама айтсам “эмнеге барбайсың, ыйык жерге сыйынып келесиң биротоло, ал жакка акчалуулар да жете албай жатканда сен бекер болсо да бара албайсыңбы? Баргының, балдарыңды мен барып карап берем” деп калды. Ошондо аябай сүйүнүп кайненеме ыраазы болгом. Азыр деле чет мамлекетке барган сайын апам балдарды карашып, колунан келген жардамын көрсөтүп келет. Г.: – Мен келиндеримди жамандатпайм, дароо жообун берем. Айрымдар “сени катуу кайнене болот десек жумшак болдуң, келиндериңе жалынып эле турасың” деп калышат. Чынында алтыным, берекем деп жалынып эле турам. Ысык чайым дайын, курсагым ток, кийимим бүтүн, үй таза, неберелерим жанымда турса кантип келиндериме ыраазы болбойм? Бул жашоодо сый эле керек. Бүгүн барбыз, эртең жокпуз, сыйлашып жашайлы, алтындарым. Э.: – Ичимде бир аз “кайненеме жакшы келиндик кызматымды кылбай калдым” деген ойлор болот. Бирок кайын журтум анын баарына түшүнүү менен мамиле кылгандыктан андай ойлорду жууп кетет. Кээде кайындарым “сен идиш жуубай ырдап эле берчи” деп той-топурларда ырдатып калышат. Качан айтканым эсимде жок, бир жолу апама “халат кийип, жоолук салынып ырдагандан тартынам, мага ыңгайсыз” деп айткан экенмин. Ошондон кийин чай куюп жатканда “ырдап берчи” дегендерге кайненем “ай, менин келиним халатчан, жоолук салынып кызмат кылып жүргөндө ырдабайт, сахнадан ырдайт” деп жайгарып коёт. Кайненем менин таламымды көп талашат. Г.: – Эльзардын ар бир ыры жагат. Кээде “апа, ушул ырды жаңы жаздырдым, бул клипти жаңы тарттырдым” деп көрсөтүп калат. Ар бир эмгегине баа берип “азамат” деп кубаттап коём. Мага өзгөчө “Агатайым” деген ыры жагат. Ашканада болсо чымчыма, мантысын тамшанып жейбиз. Лунара Бекиева "Кайненеме "милашка" көрүнгүм келген" дейт ырчы Эльзар Өскөнбаева
Автор: Нуркыз Курманбек кызы
Оператор: Нурбай Самарбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|