|
Анжелика, Айыма: “КЫЗДАРГА КАТУУ ТАРБИЯ КЕРЕК”№1000 4-10-февраль, 2022-ж.
Анжелика: – Саламатсызбы? Айыма бала бакчага барганда “Супер-Инфого” чогуу интервью бергенбиз. Андан бери биринчи жолу... Айыма: – Саламатсызбы, рахмат, жакшы болуп калдым. Анжелика: – Азыр сүрөткө түшүп жатып кызым эңкейсе жүрөгүм зырп деп жатты. Бирок, шүгүр, убакыттын өтүшү менен жакшы болуп келе жатабыз. Анжелика: – 15 жылдык тажрыйбасы бар, ичимдик ичпеген курбум рулда болчу. Жол тайгак болуп машина сол тарапта турган даракка урунган. Ага урунуп бизге чейин эле бир нече жол кырсыгы катталыптыр. Ошол айылдын дарыгерлери “кандуу дарак, силерге чейин да көп жолу жол кырсыгы болгон” деп айтышты. Бир жылдан кийин ошол жерге бардык, кан чыгардык. Милиция кызматкерлери, Жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери менен сүйлөштүм. “Даракты кыйсак кандай болот, чирип деле калыптыр” десем, алар “жакында жолду кеңейтебиз, бул бактын баары алынат, сабыр кылып туруңуз” дешти. Акимчилик кырсыктын санын көрүп, уруксат берип даракты кыйышты. Айыма: – Апам бир маселе болсо отургузуп алып шашпай түшүндүрөт. Кандай нерсе болбосун апама айтсак ал түшүнөт, колдойт. Жалгыз отуруп алып апама маселелеримди айтам, мага кеңештерин берет. Апамдагы баалаганым – бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтуп келе жатканы. Айыма: – Апам менден “жактырганың барбы?” деп сурап калат. Азырынча мен жигиттер тууралуу ойлоно элекмин (күлүп). Анжелика: – Айыманын Элима деген “куйрукчасы” бар да. Ал баарын айтып келет. Айыма үчүн такыр коркпойм, анткени сиңдиси жан сакчысы (күлүп). Айыма: – Кичирээк кезибизде классташтарым Элимадан коркушчу. Бирөө менин жиниме тийсе дароо сыртка “разборкага” алып кетчү. Чоңойгону бир аз токтолуп калды. Анжелика: – Элима “баланча Айымага алып барып берип кой деп мага шоколад берди. Бирок ал бала мага жакпаган үчүн шоколадын жеп туруп, Айымага айтпай койдум” деп келет. Мен эне менен баланын ортосунда ачык сүйлөшүү болушу керек деп ойлойм. Анжелика: – Айыма бир туугандарынын улуусу болгон үчүн жоопкерчиликтүү. Тамак жасаган, үйдү караган, сиңдилерин көзөмөлдөгөн ушул кызым. Айыма оор басырыктуу, Элима шок, Айлин эрке. Айыма сиңдилерине атаандашып теңелбейт. Мүнөзү жумшакпы десем, жардамчы кыздарым “Айыманын мүнөзү ого-го-го” деп калышат. Кызым чыныгы мүнөзүн мага көрсөтпөйт окшойт. Өзүнүн жемин жедирбей, кимди болсо да ордуна коё алат экен деп калдым. Анжелика: – Кээде эркектин да, аялдын да ордунда болгонуң үчүн кыйналасың. Жарылам, апаң катуу эле жарылат, ээ, Айыма (күлүп)? Кыздарымды отургузуп алып ыйлап суранган учурларым болот. “Жаман сөз жабышпасын силерге, тарбиялуу болгула” дейм. Иштер менен болуп көп учурда мектепке эмне кийип барып жаткандарын көрбөй калам да, “апасы кайда жүрөт, каралбай калыптыр” деген сөз болбосун деп эртең менен “өзүңөрдү сүрөткө тартып мага жөнөткүлө” дейм. Кээде рюкзактарын ачып “ревизия” кылып жиберем. “Конфеттин кагаздары болбосун, калем саптар пеналда болсун, баары иреттүү болушу керек” деп турам. Айыма: – Чогуу керебетте жаткан жагат (күлүп). Кечээ эле Стамбулдан учуп келди, эртең менен көзүмдү ачсам мени менен уктап жатат, аябай кубандым. Кучакташып өбүшүп калдык. Айыма: – Апамдын эмнеге үйдө көп болбой жатканын түшүнөм, ошол үчүн антип айткан эмесмин. Бирок үйдө көп болушун каалайм. Анжелика: – Айыма токтоо да, Элима ошентип эле айткан. Ал кезде оор жүк моюнума түшүп батирлеп жүргөн убак эле. Бир күндө 4-5 тойго барып калчумун. Кыздарым мектептен келгенде мен кетип жаткан учурлар болот. Эртең менен алар турганда мен кеч келип уктап калып, көп көрүшпөй калчубуз. Ошентип жан талашып иштеп жүрүп ооруп калдым. Бир учурда той-топурдун баарын токтоттум, жарнама, Инстаграм менен иштей баштадым. “Чет өлкөдө жылдыздар жарнама менен акча табат экен, биз эмне отурабыз?” деп иштей баштадык. Кудайга шүгүр, азыр кыздарыма убакыт жетиштүү болуп калды. Дем алышта сөзсүз чогуу бир жакка барабыз. Анжелика: – Катуу кармайм кыздарды, бул нерсе керек го деп ойлойм. Өзүмдүн кыздарым да анча коркпойт, мен продюсерлик кылган топтун кыздары менден коркушарын байкап калам. Апалары “Анжеликага айтам” деп коркутушат экен. Коркуу эмес, бул сыйлагандык болуш керек. Үйгө киши келсе кыздарым тыптынч отурушат. “Апама тоскоолдук жаратып койбойлу” деп турушат. Мен дагы ошондой тарбия алгам. Таза эле бекитип койбойм, чакырып сөз сүйлөтөм. Анткени элдин алдына сүйлөөнү да үйрөнүү керек да. Катуу мыйзамдар бар. Мисалы, бирөөнүн үйүнө эч кимиси жатып калбайт. Өзүм да бирөөнүн үйүндө уктай албайм. Айыма: – Апам бизди катуу кармаганы эле туура деп ойлойм. Анткени кыздарга катуу эле тарбия керек. Бирок дайым эле катуу деп айта албайм, апам кээде бизден да кичине болуп кетет (күлүп). Биз менен ойноп-күлүп кетет. Анжелика: – Мектептин машинасы келгиче сыртка чыгышпайт. Айыманын фанаттары көп, кээ бир чоң эле блогер жигиттер Айыманын жүзү менен “мамилебиз бар” дегендей видео чыгарып, катталуучу топтогонго аракет кылган учурлар болду. Айыма: – Бир жолу мектептен чыксам эле камера тартып жүрөт, бетимди жаап кетип калгам. Кийин чыгарып жиберишиптир, өзүнө “өчүргүлө” деп жазгам. Бирок өчүрбөй койду, кийин блоктоп салдым. Анжелика: – Кээ бир фанаттары мектебинин алдына барып туруп алышат, анан жардамчы кыздарым барып алып келишет. Анжелика: – Түшүндүрүү деле болгон жок. Ажырашууну мен маселе деп ойлобойм. Жашообузда бир учур болду, ак эмгегим менен акча таап келип жатканда “кайда жүрөсүң, эмне кылып жүрөсүң” деп адилетсиз айыптоо, кээде сөккөн учурлар болду. Жай отуруп эле ажырашууну чечтик. “Кыздар экөөбүздүкү, эки башка үйдө деле тарбия берсек болот” деп чечтик. Анын үстүнө кыздар атасы менен көп убакыт өткөрүшөт. Кыздарым атасынын үйүндө эле жүрөт, Айыма атасына манты түйүп берет (күлүп). Кыздарымдын атасы жакшы адам, бактылуу болушун каалайм, азыр бир туугандай эле болуп калдык. Айыма: – Мен атама да, апама да бакыт каалайм. Ким менен болгону мен үчүн маанилүү эмес, аябай каалаганым – экөөнүн тең бактылуу болуп жашашы. Экөөнү тең жакшы көрөм, анткени экөөнүн тең кызымын! Анжелика: – “Супер-Инфонун” түстүү болуп чыккан 1-санына сүрөтүм чыккан. Кийин 40 бет болуп чыкканда да юбилейлик деп мени тарткансыңар. Көп жылдан бери ийгиликтүү иштешип келе жатам. Каалаарым нускаңар көбөйсүн, биргеликте 1000 санга эле эмес, 2000-3000 санга чейин чогуу бололу. Ийгилик! Айыма: – Куттуктайбыз, ийгиликтүү гезит болуп жүрө бериңиздер! Нуржамал Жийдебаева “Кыргызстанда мага үй алып бере турган эркек жок“
Автор: Нуркыз Курманбек кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(8)
XATSAN125
![]()
07.02.2022. 13:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Турпа туура катту тарбия керек болбосо сага окшоп сойку чалыш болуп куну отуп кетет ары бери ар кимдин астында жатып журуп
BISHKEK-312
![]()
11.02.2022. 23:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
XATSAN125,Мунун кызы уже өзүнө окшоп жп боло баштады, тоесть артист болуп жүрөт.
arimaz89
![]()
07.02.2022. 14:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу мекендештер, @save_aruuzat ушул кыздын жашап кетишине салым кошуңуздар, сураныч
arimaz89
![]()
07.02.2022. 14:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолугуңар болсун, дагы да ийгилик коштосун
KaGaH
![]()
07.02.2022. 14:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дарак күнөөлүү эмес,даракты сүзгөн келесоо күнөөлүү!
Aza2100
![]()
12.02.2022. 09:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динде бирөөнү көрбөй туруп жамандаган болбойт, жакшылык гана каалап коюу керек. Кызы эми гана өсүп келе жатат, жаман сөз айтпайлы
rususu
![]()
14.02.2022. 07:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы тарбиялоодо атасынын орду да чон болот.
1211
![]()
15.02.2022. 11:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анжелика
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|