|
Ырысбай Жумаев, актёр: “СЕНДЕЙ ЖИНДИРЭЭК АДАМ КЕРЕК ДЕП ЧАКЫРЫП АЛЫШКАН”№1002 18-24-Февраль, 2022-ж.
Туулган жери – Бишкек шаары Билими – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин актёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Роль жараткан тасмалары – “Сүйүү керемети”, “Мекен” Хоббиси – Бийлөө, ырдоо Үй-бүлөлүк абалы – Жүрөгү бош эмес – Саламатсызбы? Төкпөй-чачпай баарын айтып берейин, ээ (күлүп)? Мен бир компанияда иштеп, промоакция жүргүзүп жаткам. Көчөдө “Всем приве-е-т” деп кыйкырып товарды көрүүгө чакырып жатсам, тасманын продюсеринин жардамчысы өтүп баратып угуп калыптыр. Ага чейин кастинг жарыяланып, мен аткара турган ролго бирөөнү бекитишкен экен. Мага аткартып көрүштү, дароо эле образга кирип кеттим. Мени ролго бекиткенден кийин мурунку актёр жигитке “кечирип кой” деп узатышыптыр. Эки жумадан кийин эле Түркияга тасманы тартуу үчүн кетебиз деп калышты, “ой-ий, сонун болду” деген боюнча сүйүнүп, анан тартылып калдым. – Түркияга мурун эки жолу баргам, тасмадагыдай эле аниматор болуп иштеп келгем. Дагы бир жолу тайпалаштар менен фестивалга барып түркчө спектакль коюп, Стамбулду “жарып” келгенбиз. Түркияда апам менен карындашым иштейт, аларды да көрүп сагынычымды жазып келдим. – Каарманым менен окшош элемин, мен да жанымдагылардын жанын койбой көңүлүн ачкан жигитмин. Айырмабыз – Жандос аябай жакшы бала, ичинде кири жок, менде бир аз бар деп койбоймбу (күлүп). Ал орусча да, түркчө да билбейт эмеспи. Мен англисче, түркчө, орусчаны сонун билем. Тартуу учурунда эсте каларлык нерселер да болду. Көкөреч деген түрк тамагы бар го, ичегилерден жасалат, ашпоздор ичегини музыканын ыргагы менен кесип, анан кууруп беришет. Тасмада үчөөбүз көкөреч жеп жаткан эпизод бар, ага кошуп ачуу да алып келишти. Мен Кутман менен Аянага (тасмадагы роль жараткан актёр, актриса) ачуудан өтө салып туруп берип салдым. Ал эпизод жок болчу да тасмада (күлүп). Байкуштар араң жешти. – Кичинемден эле бул кесипке жакын болдум окшойт, башталгыч класстарда мультфильмдерге тартылгам. КВН, интермедия дегендерде эле жүрчүмүн. Ата-энем мени программист же котормочу болот деп ойлошкон, анткени ушу эки кесипке жакын элем. Мектепти бүткөндө үч университетке тапшырып өтүп кеттим. Үчөөнүн бирөө эле контрактсыз болчу, ата-энемди кыйнагым келбей “Манас” университетин тандагам. Ошентип актёрлук чеберчилик кесибине ээ болуп чыктым. – Иштедим, ролдорду жараттым, мага театрда иштөө аябай жакты. Ал жакта менин өсүшүм жайыраак болчудай сезилип жумуштан чыгып кеттим. Актёр болгондон кийин бардык талантты өзүңө камтышың керек, мен бийлейм, ырдайм, алып баруучумун. “Кредитке келин” деген тасма чыккан, ошол жерде бий сценаларынын баарын мен койгом. Хореограф катары өзүмдү көрбөй койдум келечекте, ошол үчүн аркасынан түшкөн жокмун. Учурда “Баластан” студиясында балдар үчүн көрсөтүүлөрдү алып барам. Ал жерге чакыруу менен баргам. “Бизге жиндирээк адам керек болуп жатат” дешкен. Импровизация менен алып барам да, анан бөбөктөргө жагып калдым. Негизи мага отуруп иштеген болбойт экен, отурсам хаски породасындагы күчүктөргө окшоп дивандарды жыртып-пыртып, тынчым кетип баштайт (күлүп). Балдар менен иштеген жагат, бардык энергиямды бергенге аракет кылам. Адатта өзүңдү камерадан көргөндө жакпай калат го, бирок “Баластандагы” образым өзүмө жагабы, кайра-кайра көрө берем. – Ошентип айтышат, бирок ар бир нерсенин экинчи тарабы бар эмеспи. Кээде досторум “энергияны соруп ала турган вампирсиң. Чарчатып саласың” деп айтышат. Бирөөнү чарчатып, бирөөнө энергия берип турат окшойм (күлүп). Бир кызыктаймын. – Жоруктарыма кээде таң калышат, кээде жини келишет, кээде күлүшөт. Тамашалаганда кээде чектен ашып кетет окшойм, кээде жашоосунан чийип коюшат. “Мейли эми, чийсе чиет да” деп коём. – Сага ким чыдайт дейсизби (күлүп). Жүрөгүмдүн ээси менен 6 жарым ай мурун киного тартылып жатып таанышып калганбыз. Бир көргөндө “жылдыздуу экен” деп койгом. Бирөөнү жактырсам элге окшоп билинбей калбай, ап-ачык эле билинип калат экен да. Баттан эле чабуулга өтүп тийишип салган окшойм (күлүп). Экөөбүз мелдешип калып, мен жеңилип калдым да, кечки тамакка чакырдым. Анан эле “чарт-чурт” антенналарыбыз тийишип, жылдызыбыз келишип калды. Режиссёрлукта окуйт, аты Мээрим. Жакшынакай, жөнөкөй, зээндүү, кызыктуу, акылдуу кыз. Мисалы, элдер электр мамысын эле көрүп жатса, ал анын аркасындагы машинаны, анын ичиндеги адамдардан бери көрө алат (күлүп). Эми бул образдуу айтканым. Эркектер биринчи кыздардын сулуулугуна кызыгабыз, анан кызыктуу болуп баратса, мүнөзү жакса дагы кадам шилтейбиз. Мага ичи да, сырты да жакты, көз тийбесин. Мактай берсем сөз бүтпөйт. – Түбүм Ат-Башыдан, бирок Бишкекте өскөм. Каникулда айылда жүрчүмүн. Эт жеп, айран ичип, ат минип, тоого чыгып чоңойгон баламын. Ата-энем эркин, шайыр тарбиялашты, аларга рахмат. Аябай эрке көрүнүп жатсам керек, бирок эрке эмесмин.
Нуржамал Жийдебаева Ырысбай Жумаев: "Сендей жиндирээк адам керек деп чакырышты"
Автор: Жанара Жоробекова
Оператор: Нурбай Самарбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|