|
Эркин Эгембердиев, актёр: «КӨП РОЛДОН БАШ ТАРТЫП ЖҮРӨМ»№1002 18-24-Февраль, 2022-ж.
– Мен негизи жаңылык жасап турганды жакшы көрөм. Кыргыздын акыркы кинолорун көрдүм, Голливуддун кинолорун көрдүм. Баарында эле эркектер алсыз, ыйлап жатат. Кыздар болсо кыйын болуп кеткен. Бир нерсе кылышым керек деп ойлондум. Мурун феминисттер аянтка чыгып чачын кырганда атайын “Кел-келден” Аселдин чачын кескенин чагылдырып студенттер менен спектакль койгонбуз. Азыр кыргыз жерине чоң салым кошкон, Аксы жергесинен чыккан Нүзүп аталык жөнүндө “Учур” театры менен биргеликте спектакль даярдаганы жатабыз. Март айында премьерасы болот. Нүзүп кандай башкарма болгонун көрүп кыргыздын саясатчыларында, жигиттеринде кичине силкинүү болобу деген ой. – Албетте. Театрдын жабык турганы көрүүчүлөргө, бизге дагы жаман болду. Сахнада элдин кол чабуусунан эргүү алып, гүл алганды аябай сагындык. Бирок театрдагы актёр, актрисаларга жумуш токтогон жок. Ар кандай маданий иш-чара, концерт, съёмкаларга барабыз дегендей. Эми оңдоп-түзөө деген жакшы нерсе да. Буюрса, жаз алды менен ачылат деп жатышат. Жакшыдан үмүт кылып туралы. – Театр ачылса концерт беребиз деген ойлор бар. Филармония, Спорт ордосуна деле бере бербейсиңерби деп көрүүчүлөр көп жазышат. Негизи биздин концерт театрга ылайыкташкан. Көрсөтө турган ар бир номурубузда буюм-тайымдарыбыз көп. – Албетте, бар. Артисттер жөнүндө тасма тартуу ниетим бар. 3-4 жылдан бери сценарий жазып жүрөм. Кыргызстанда актёрдун социалдык абалы кандай, эл алдында интервью берип жаткан Эркин менен көшөгө артындагы Эркин кандай экенин көрүүчүлөргө көрсөтүшүбүз керек. Анткени көп адамдар “силер жыргап эле жүрөсүңөр, жүргөн жериңер той” дей беришет. – Мен бир күнү аябай жакшы ырчыны, бир күнү акынды ойношум мүмкүн. Актёр деген бардык жанрдагы социалдык образдарды жарата турган каарман. Депутат келип мен акча жеп жатам деп, же ууру келип уурдап алдым деп ойноп бербейт да, анын баарын коомго актёр чагылдырып берет. Мен ырчымын дебейм, ал жөн гана образ. Кээде эргүү көөдөндү жарып чыккан учур болот, ошондо ырдап коём. Мурун “Звездамын” деген ыр чыгарып, резонанс жаратканбыз. Аны чыгарууга ошол кездеги айрым ырчылар түрткү болгон. Ошондо “бир күнү сен чыраксың, фу деп үйлөп салат” деп айтылат. Лампочка деле бир күнү өчөт да, чыныгы жылдыз болуш керек. Ыраматылык Марат Козукеев “балдар, чокуну өйдө жактан эмес, тараптардан издегиле. Өйдө жактагы чоку бир күнү болбосо, бир күнү ылдый түшөт” деп көп айтчу. Мисалы, театр актёрлорунун канчалык жылдызы жанбасын өтө жөнөкөй болушат. Себеби театрдын мектебинен өткөндүгү. Окубай, эки жакты көрбөй жөн эле өзүн “жылдыз” сезип алган актёрлорду өзүңөр деле байкайсыңар. – Ар бир актёрдун, акын-жазуучунун бир эңсегени болот. Бирок мен ушул ролду ойногум келет деп айтпайм. Мен жараткан образ элдин жашоосуна кандайдыр бир өзгөрүү алып келсе, эл мени жакшы жагымдан тааныса дейм. Мени комедиялык ролдорго көп чакырышат. Акыркы жылдары көп ролдон баш тарта баштадым. Себеби комедияга кирип кеттим, а бизде жаштарда кино көрүү маданияты жок. Көчөдөн көрүп эле каткырып күлүп, “братан, күлдүрүп койчу” деп эле турушат. Ушундай бир маданиятсыздык. Андайлардан унчукпай коюп кутулуш керек. Мен ошол коомчулуктун, жаштардын оюн өзгөртө турган роль жаратсам дейм. – Бакас 4 жыл менин колумда окуду. Багыт берип коюу ар бир мугалимдин милдети. Окууну бүтүп жатканда мага келип “агай, мен эми ким болом?” деди. Мен “ким болгуң келип жатат?” десем, “ырчы болгум келип жатат” деди. “Аа, сен элге таанылгың келип жаткан турбайбы, кандай ырчы болгуң келет?” десем, “фольклордук” дейт. “Бакас, азыр Кыргызстанда шоу-бизнес башкача өңүттө кетип жатат, мен айтканды жасасаң бир жылда тааныласың” дедим. Ал өзү комедия жанрын жакшы ойнойт, эки-жакты анализдеп, актёрлук чеберчилигин пайдаланып эле чыгарып койдук. – Бул аябай кыр чыгарган суроо. Буга мен аябай сонун атамын, сонун күйөөмүн деп жооп бергендерге жаман таң калам да. Чынында эле кандай экенимди билбейм. Кээде катуу болуп кеткен жокмунбу деп ойлоном, кээде мага эч бир ата жетпейт деп ойлонуп кетем. Пендебиз да, ар кандай ойлор келе берет. Жашоодо бирде өйдө, бирде ылдый болот экен. Тойлордо турмушка аттанып жаткан кыздар “ата, сага рахмат” деп ыйлап жатса “аа, жакшы ата болгон экен, мен ушундай ата боло аламбы?” деп калам. Менин кандай ата болгонум кийин билинет. Кызым ыйлап “ата, рахмат” деп ыраазы болобу, же “эптеп чоңойтуп койдуңар” дейби, ким билет? – Ар бир ата-эне өз баласы менен сыймыктанса керек. Ата-энем, бир туугандарым мени менен сыймыктанат. Ата-энебиздин бата, дубалары менен эл алдында жүрөбүз го дейм. Динара Акимова "Ырчылар тойго жан сакчы менен келип калышкан" дейт Эркин Эгембердиев
Автор: Канимет Данияров
Оператор: Нурбай Самарбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
Turdueva
![]()
21.02.2022. 16:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантуу инсан
nargiz-sa
![]()
21.02.2022. 18:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланттуу
jazmina909090
![]()
21.02.2022. 22:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул ДЭМ театрынын актерлорун жакшы көрөм созгө чечен сөз байлыктары кенен. Ролдорду укмуш адабий тилде сүйлөп аткарышат
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|