БИР БҮРКҮМ. БИШКЕККЕ ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛДИ...
№1038 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
-
.jpg)
Сабырбек Султанбеков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.
-
Си Цзиньпин Кытайдын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин башкы катчысы болуп кайрадан шайланды.
-
Жогорку Кеңештин делегациясы 26-октябрда Самаркандда КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышты.
-
Токмоктогу мал базардан аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү жаран кармалды.
-
26-октябрдан тарта Бишкекте жылуулук бериле баштады.
-
Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
Бишкекте коомдук унаалардын абага канчалык зыяндуу газды бөлүп чыгарып жатканы атайын рейдде текшерилүүдө.
-
Өзбекстандан алынган 50 автобус 25-октябрдан тарта Ош шаарында каттамга чыгарылды.
-
Спикер Нурлан Шакиев 24-октябрда парламенттеги фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жолугушту.
-
Бишкекте бирөөнүн батирин ижарага берип салган деп шектелип 26 жаштагы жигит кармалды.
-
Мамлекеттик салык кызматы: 2021-жылы мамлекеттик казынага “Кумтөрдөн” 8 миллиард сом киреше түшкөн.
-
Кыргызстанда алтын рудасын жана концентратын экспорттоого убактылуу тыюу салынды.
-
7 жылдык тыныгуудан кийин Дубай-Ош аба каттамы жанданат.
-
Кыргызстанда Спорт министрлиги түзүлөрү маалымдалды.
-
Мурдагы Каржы полициясынын кызматкери ишкерден акча талап кылууга шектелип кармалды.
-
Улуттук инвестиция агенттиги: Кытай Кыргызстандан бал, алкоголь жана сүт азыктарын импорттоого кызыкдар.
-
Бишкек ЖЭБин келерки жылы Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүү пландалып жатканы маалымдалды.
“Атамды аябай сагынам, мен атамдын кызы болчумун” дейт модель Алтынай Ботоярова
Автор: Жанара Жоробекова
Оператор: Бакыт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: