КЫРГЫЗСТАНДА КОР, АМЕРИКАЛЫКТАР ЗАР БОЛГОН ЖАШ БАЛДАР

№433 18-24-февраль, 2011-жыл.


Мезгил үнү

Акыркы үч жылдан бери асырап алууга муктаж болгон 65 кыргызстандык жаш балдар бир гана үмүт менен жашап келишет. Ал – өз улутундагы эмес, америкалык болсо да ата-эне менен чогуу жашоо каалоо-тилеги. Кыргызстандык балдар өзүбүзгө эмес, өзгөгө көбүрөөк керек болуп жатканда, эмне үчүн бул маселе Чубактын чуусундай уланып келет?

АКШда БАЛАЛУУ БОЛО АЛБАГАНДАР КӨППҮ?
Кыргызстанда кароосуз калган балдарды бир эле америкалыктар эмес, Европадагы башка мамлекеттердин жарандары да багып алышат. Бирок АКШнын өзүндө багып алууга муктаж болгон балдардын көп экенине карабастан, былтыркы жылы эле Кошмо штаттардын жашоочулары 12 миңдей чет жерлик балдарды асырап алышкан. Муну АКШда балалуу боло албагандардын көптүгү жана алардын бала багып алууга каалоосу күч экендиги менен түшүндүрүшөт.
Акыркы үч жылдан бери 65 кыргызстандык бала ата-энелүү болуу ырыскысына жетпей жашап келишет. Алардын көпчүлүгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

ЖАШ БАЛДАР АМЕРИКАГА ЖЕТПЕЙ...
2009-жылдын февраль айында экс-премьер Игорь Чудиновдун буйругу менен чет жерликтер тарабынан кыргызстандык балдарды асырап алууга тыюу салынган. Бала асыроо боюнча алектенген агенттиктердин шектүү иштери, ага карата козголгон кылмыштар бала асыроо боюнча мыйзамда чийки иштер көп экенин ачыкка чыгарып, ошондон улам жогорудагы буйрук чыккан эле. Ошентип, баягы эле паракорчулуктун кесепетинен асырап алуу процесси үзгүлтүккө учураган. Мунун айынан 65 кыргызстандык баланы багып алууга даяр америкалык ата-эне орто жолдо калган.
Эске салсак, америкалыктар биринчи жолу 2004-жылы Кыргызстандан бир бала багып алышкан. 2008-жылы мындай асыранды балдардын саны 78ге жеткен. Кыска убакыттын ичинде бул көрсөткүчтүн өскөнү Кыргызстандан бала багып алуу оңой экендиги менен түшүндүрүлөт. Мисалы, коңшу Кытайдан бир бала багып алуу үчүн беш жылдай убакыт сарпталат. Кыргызстанда бул процесс ашып кетсе бир жылды алат.

“КЫРГЫЗСТАНГА ЭКИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИП ОТУРАМ”
Жогоруда айтылган 65 баланын тагдырын чечүүгө жардам берүү үчүн АКШнын мамлекеттик департаментиндеги балдар маселеси боюнча бюронун атайын кеңешчиси Сьюзен Жейкобс Кыргызстанга келди. Ал Калкты социалдык коргоо боюнча министр Айгүл Рыскулова менен жолукту. Министр айым балдардын кызыкчылыгы үчүн мыйзамды кайра иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Сьюзен Жейкобс: “АКШнын багып алуучу ата-энелери чечимди күтүп отуруудан баш тартып коюшу мүмкүн”,- дейт. Мындайда дарылоого муктаж болгон жаш балдар өмүр бою атайын мекемелерде күн өткөрүп калышы ыктымал.
Биз Сьюзен Жейкобс айымды кыска маекке тарттык:
– Сиз бала багып алуу боюнча Кыргызстанга экинчи ирет келип отурасыз. Эмне үчүн америкалыктар мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык балдарды багып алууга кызыкдар?
– Мунун артында бир мандем бар деп эсептебейм. Анткени америкалык ата-энелер муну чын дилинен жасашат. Алардын көпчүлүгүнүн колунда бар. Алар жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө даяр.
– Баланы асырап алышкан соң анын кандай шартта чоңоюп жатканын социалдык кызматкерлер тыкыр көзөмөлдөп турушабы?
– Ооба, ал эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген. Жылына бир же эки жолу жыйынтык жөнөтүлүп турат. Асыроого алынган балдар дайыма көзөмөл алдында.
– Америкада балага муктаж болгондор көппү?
– Балага зар болгон ата-энелер көп. Бирок АКШнын өзүндө деле кароосуз калган жаш балдардын деле саны жогору. Мисалы, менин уулум балдары бар экенине карабастан, чет жерлик бир баланы багып алууга даярданып жүрөт. Мен ага “сөзсүз кыргыз баланы асырап ал, анткени Кыргызстан ушунчалык кооз өлкө жана анда жашаган адамдар сонун экен” деп айттым.

ЭМНЕНИ КҮТҮП ЖАТЫШАТ?
Азыркы тапта Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлигинде бала асыроо боюнча мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, жакын арада ЖКнын кароосуна коюлмакчы.
«Балдардын тагдыры тынчсыздандырбай койбойт. Биз дагы кыргызстандык балдардын ата-энелүү болуп, толук кандуу жашоо сүрүшүн каалайбыз»,- дейт аталган министрликтин башчысы Алмазбек Абытов.
Ал эми ЖКнын депутаты Алтынай Өмүрбекова: “Өкмөт бала асыроо боюнча эл аралык стандарттарды көңүлгө алып, жаңы шарттарды иштеп чыгып жатат”,- деп билдирди. Андан сырткары жогоруда сөз болгон 65 баланы асырап алуу процесси боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлөрүн кабарлады.

ОШОЛ ЭЛЕ УЧУРДА...
Орусиядан америкалыктарга асыранды катары кеткен баланын көргөн кордуктары жөнүндө чуулгандуу маалыматтар Жаңы жылдын алдында ММКларга тарап кеткен. Тил албаган кичинекей баланы апасы ваннада муздак суу менен үшүтүп, ачуу соус берип тарбиялаарын телешоудо айтып берген.
Америкалык ата-энелерге каршы нааразычылык 2009-жылы ур-токмоктун айынан каза болгон Иван Скоробогатовдун өлүмүнөн улам да күчөп кеткен. Орусиядагы балдар үйүнөн алынып кеткен кичинекей Ваняны ата-энеси көп ирет сабап, ачка калтыргандыктары аныкталган.
РФнын Балдардын укугу боюнча аппаратынын маалыматына ылайык, Орусия чет жерликтерге балдарын асырап алууга бергенден баштап, ата-энелердин күнөөсү менен 18 бала каза болгон. Анын ичинен 17си АКШда болуп өткөн.
Бул окуялар ушунчалык дүрбө­лөң­дү жараткандыктан, Орусия бийлиги балдарды америкалыктар тарабынан багып алуу процессин убактылуу токтотууну кароодо.

Кыргызстандан кыз багып алууну күтүп жаткан америкалык ата-эненин каты:
2008-жылы июлда болочок Кристен кызыбыз жөнүндө бардык маалыматтарды алдык. Аны үй-бүлөбүзгө алып келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Кристен нышан төрөлгөн. Андыктан биз хирург издеп, анын келишине бардык даярдыктарды көрүп койгонбуз. Бир эле медициналык көмөк көрсөтүү менен чектелбей, аны өз кызыбыздай кабыл алууга даярбыз. Анын бир тууганын 2007-жылы асырап алдык эле, ал дагы өзүнүн карындашын чыдамсыздык менен күтүп жатат.

БАЛДАРДЫН ТАГДЫРЫ БИЙЛИКТИН КОЛУНДА
АКШнын мамлекеттик департаменти даярдаган эл аралык асырап алуу докладынын маалыматына ылайык, 2010-жылы АКШнын жарандары 12 миңге жакын баланы багып алышкан. Эң көбү Кытайдан, 3,5 миңге жакын, Эфиопия 2,5 миң жана Орусиянын 1 миңден ашуун балдары америкалык ата-энелүү болушкан. Коңшу Казакстандын 181, Өзбекстандан 5, ал эми Кыргызстандан былтыркы жылы 1 бала багылып алынганы айтылат.
Ошентип, Америкада баласын, Кыргызстанда ата-энесин зарыга күткөн 65 жаш бала бүгүн бийликтин кадамынан көз каранды. Албетте, балдардын өз жеринде калышын каалайбыз. Бирок мамлекет кароосуз жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жетиштүү камкордук көрө албаса, анда аны аткара ала тургандарга берүү ылайык эмеспи.
Азырынча мораторийдин качан алынып салынары да белгисиз. Анткени чечим чыгаруучу депутаттар башка иштер менен алек. Кызматтык машина менен үй маселесин талкуулап бүткөн соң, депутаттар буга окшогон маселени кароого убакыт табылар. Кантсе да таразанын ташында 65 баланын тагдыры, ден соолугу жана келечеги турат.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛДАРДЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН АСЫРАП АЛУУСУНА КАНДАЙ КАРАЙСЫЗ?

Камчыбек Ташиев,
“Ата Журт” фракциясынын депутаты:
– Баланы чет өлкөгө асыроого берүү жакында эле пайда болду. Ага чейин бала жетимби, таштандыбы, майыппы, өз жеринде өсүп келген. Балдарды чет жерликтерге асыроого берүүгө каршымын.

Турган Айдаралиева,
мугалим:
– Баланы бөтөн жерге берүү анын тагдырына балта чапканга барабар. Анткени алып кеткен соң анын аман-эсен, тынч жашоосуна эч ким кепилдик бербейт. Эгер мамлекет тарабынан күчтүү көзөмөл болсо, каршы деле эмесмин.

Алиясбек Алымкулов,
Жаштар министри:
– Экономикабыз күчтүү болуп, балдар үйүндө балдарды багууга шарт болсо, башка өлкөнүн эшигин сагалатпай өзүбүз өстүргөнүбүз жакшы болмок. Чет жерге берип жаткан күндө да алардын келечегин көзөмөлдөп турушубуз керек.

Айгүл Исмаилова,
мугалим:
– Кээде майып балдарды багып алгандар тууралуу угуп калам. Чынында, ошол баланы адам кылып багып кетишерине көзүм жетпейт. Мүмкүн, органдарын сатат, ким билсин? Андыктан баланы чет жерликтерге берүүгө каршымын.

Нуржан Нурдинова,
студент:
– Баланы багууга ата-эненин мүмкүнчүлүгү жок болсо, кең келечеги үчүн башкаларга берүүгө эмнеге болбосун. Бирок угушумда, алып кеткен соң балдарды кул кылып алышат экен. Бир чети мындай оор тагдырга дуушар болгончо, бул жерде эле болсун.

Кенжебек Токобаев,
айдоочу:
– Өзүбүздө эле балага зар болгондор канча? Ошолорго берсин. Чет жерге сатып жибергидей ал эмне, буюм беле? Кандай кыйынчылык болбосун, бала өз жеринде өссүн. Баланын ырыскысы төрөлгөн жеринде. Андан ажыратууга эч кимдин укугу жок.

Алымкан Камчыбекова,
пенсионер:
– Жетим болсун же майып болсун, бала өз өлкөсүндө өсүшү керек. Мекенинен ажыратууга кимдин укугу бар? Буга өкмөт кам көрүшү зарыл. Ал эми жашыруун өз уулун саткандар өлүм жазасына татыктуу дейм.

Бактыгүл Сокушова



Кыргызстандык балдарды чет өлкөлүктөрдүн асырап алуусуна кандай карайсыз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(35)
19.02.2011. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
USA alyp ketkender beker emes, keebirleri jakshy adamga tushbolboso, kobunchosu organdaryn alysh uchun. Maiyp baldardy tembolee bagyp alyshbait. Amerikanyn ozundele kancha jetim baldar toltura, al jakda katuu kozomolgo alynat oshondukdan bashka jerden alyp kelingen alar uchun onoi. Men Idianyn bir regionun'da ukkam, al jakda abdan jakyr jashashat eken,anan tuugandar biri birine uilono berishet eken,baldary maiyp torolup.Baldardy amerikanezderge satyp,oshonun karajatyna kun korushot....
19.02.2011. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu jurnalister,intervju beruuchuulor jana kommentrij jazgandar,sizder oshol baldardy bagyp aluuga dajarsynarby, je bir ele misal keltirip korgulochu, bisde bay adamdar, je beligiluu politikter majyp baldardy bagyp alyshkanyn,oshoncho ele patriot bolsonor,emne uchun ushul kichinekej salymynardy koshpojsunar. Bir jaman informazijany okup alyp bir jaktuu karabagylar. Onukkon olkolodo adamdardyn koz karashy takyr bashkacha, alar bilishet, Amerika ozunun jetim baldaryn,sonun ele bagyp alat,
19.02.2011. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshonduktan, onugup kele jatkan olkolorgo kichine bolso da salymdaryn koshkulary kelishet.Myndajcha ajtkanda globalduu koz karash.Bizde toj topurdan alarga adamdardyn akchasy, ubaktysy ashpajt.Alardyn organdaryn emnege satyshmak ele,ozdorunun akchalary jetishtuu. Kobunchosu bagyp alyshpasa da kanchalagan akchalardy baldar organizasijasyna kotorup turushat.
19.02.2011. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin jurnalister emne uchun akyl esinen ajnygan balany bir jumalap temir krovatka bajlap kojgonu jonundo jazbajsynar,je jata berip kochuktoru ojulup ketkeni jonundo.Al jakta bolgon informazijany bolgondoj jazgany uchun baarynar bir jaktuu ojlop jatasynar. Men al jonundo chet olkodon okup alyp tobo chachym tik turdu.Bizde alar jashyruun da....
19.02.2011. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Andaj jetim baldar emes, oz baldaryn kanchalagan kyrgyzdar Kytajga zaloggo kojup kojushkan,kanchalary baldaryn kaltyryp kojushup chet olkodo ishtep jurushot.
19.02.2011. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushun4alyk karangy ulut ekenibizdi bilbepmin.USA-da balaga zar bolgondor az emes.Men koryp, bilip jyrgon adamdar ele Afrikadan 5-6 bala bagyp,oz baldarynday meerimin togyp, alardyn kele4egin kyryp jatat.Kyrgyzstanda bolso baldar bazarda araba suyrop, balalyk ybakytyn otkoryp jiberishet.Kaidagy ele kepti 4ygara berishet, je ozdory oshol baldardy bagyshpait.Jogorydagy(Pera) oi-pikirge koshylam.4et olkolyktordyn Bagyp aluusunaa karshybyz degender-"Ozynor anda emnege bagyp albaysinar"???
19.02.2011. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир баланын кудайым берген ырыскысы бар силердин колунардан эчнерсе келбейт
20.02.2011. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men ozym Amerikada jashaiym. Kopchylyk Amerikalyktar balany bagyp alyy yiyk ish deshet. Kanchalagan Amerikalyktardy kordym oz baldary bolso dagy bala bagyp birdei meerimin togyp bagyshat. Nedavno pokazyvali to TV odnoi semee besplatno dom postroili tak kak ona ysynavila 4 detei invalidov s Kazakstana, odna devochka 6 let nachala hodit yje, hotya v KZ skazali ne bydet hodit. Deti vse byli schastlivye, obnimali Mamy vse vremya.
20.02.2011. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да ошол передачаны коргом,уйдун ичин Боз уйдун ичиндей кылып жасалгалап коюшуптур ошол багып алган балдары учун,коруп аябай суйундум.Биздин балдарды дагы багып алышса жакшы болмок, байкуш биздин балдар кочодо акча сурап кудайчы болуп журушот. Ал балдар жокчулуктун айынан жаман жолго барып жатышат уурдашып.кароосуз кыздар чонойсо ошолор эмне болот? Кандай жолго барат?ошону ойлонсок!
20.02.2011. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы чет жерден асырап алуу учун америкалыктарга иштеген маянасына же б.а. жесир бала учун Эл аралык уюмдар (ЮНИСЕФке окшогон, атын так билбей жатам)пособия берип турат. Андан тышкары, жашаган жерине мамлекет тарабыдан налог толоодо женилдик берилет, ошон учун булар чет жерден бала асырап алууга аракет кылышат, эмне оздорундо жетим балдар жок дейсинерби? Аларда да толтура! Болгону алар мамлекет ичинен багып алса буга окшогон женилидиктер жок, себеби, бала мамлекет ичинде эле калып жатат.
20.02.2011. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzka: Айткандай: Nedavno pokazyvali to TV odnoi semee besplatno dom postroili tak kak ona ysynavila 4 detei invalidov s Kazakstana. Мына ушундай мамлекет тарабыдан коп жардам болот же Эл аралык уюмдардан, алар болгону багып алган сон уюмдардан каттоодон отуп коюшат. Бул америкалыктар учун кичинекей бизнес и чонойгондо кул катары да пайдаланышат, эми албетте, баары эмес, арасында бар оз пайдасын ойлогондор! Ошондуктан оз урпагыбызды озубуз, оз жеринде гана остурсок ошого не жетсин, туугандар!
20.02.2011. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин президент ушул жесир калган балдар учун мамлекет тарабыдан чоон козомол болуп, чонойгондо окуу жайларга акысыз окутуп, жумуш менен камсыз кылып, уй-жай берип, дегендей турушса, булар эч жерде эч нерседен кем болбойт. Баары жакшы жака басып, жакшы тарбия алышса кучтуу инсандар чыгат булардан, болгону булар учун мамлекеттен катуу козомол болуусу зарыл, жардамын аябай, ушундай системаны ишке киргизуу керек! А биздин бийликтегилерчи?! Кызыгып да койбойт, талап кылсан инх деп коюп отурушат!
20.02.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кыргызбайлар оппозицияны ээрчип Ак уйдун алдына туруп, мас болуп алышып болбогон нерсени талап кылбай ушуга окшогон пайдалуу нерселер учун тынчтык митингдерин откорушсо, мамлекет тарабыдан козомол болуусун талап кылып, кичине болсо да митингчилерге ыраазы болуп калмакпыз! Базарларда канчалаган жетим балдар журушот тачки суйроп жанын багып, анан албетте, буга окшогон таштанды балдарга козомол, жардам болбосо кылмыштуулука тез аралашат да акчага азгырылып!
20.02.2011. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу UvE жесир балдар эмес жетим балдар сенин айткан оюна толугу менен кошулам
20.02.2011. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin chondor oz baldaryn gana Amerikada, Evropada okutushat, bul baldarga alardyn ishteri jok,al emes, tarbijaloogo dajarbyz, jakshy bilim alyshsyn, el katary jashasyn dep suranyp jatkandarga uruksaat berip kojuuga koldoru boshobojt. Kyrgyzstanda osobu, Amerikada osobu, bldar baktyluu bolushu kerek. Ata enenin meerimi menen chonojushu kerek.
20.02.2011. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizde alardy al dengeelge jetkirgichekti ubykyt otot,ushuncha kyjyn bolup ketishse, kijinkilerin dele jakshylap bagyshsyn.
SUPER.KG видео
20.02.2011. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай көп, эми кыргыз элим ушул абалга түшүп калдыбы, мындайга толук карышымын, эч качанда мындай абал болбойт.
SUPER.KG видео
21.02.2011. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатпагыла убалына каласынар
22.02.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каршы эместерге дагы каршы болгондорго дагы кошулам....себеби амеРика болобу башкасы болобу ал жакка кеткен балдардын баары жакшы багылып кетет эч ким кепилдик бере албайт...10 бала кетсе 1-2 гана...ал эми чын эле жакшы...абийирдуу адамдарга туш келсе...жакшы бул жакта кор болгуча....
22.02.2011. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PeRa - сен жомок укканды жактырат окшойсун ээ. Туура айтасын, онуккон олкодогулордун коз карашы башкача - алар билимдуу, акылдуу, пайда каякта экенин билип иш кылат сага окшоп жомокко ишенбей.

Сага баары бир да, озундун балан болбогондон сон. Кичине анализ кылып, ой жугуртуп анан иш жасаш керек.
23.02.2011. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да каршымын!Кыргызстанда эле жургону жакшы.Былтыр эле Россиядан багып алган баланы самолетко озун жалгыз салып Россияга жонотуп жиберген ошол Америкалыктар эмес беле?
23.02.2011. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmattu kubik,senin aitkauna kowulam,onukkon olkolor paida kai jakta ekenin biliwet,bul iw mamlekettin kolunda,abizdin mamleket bolso emne ozdorunun kor ookatun ele oilowot,owondoi jardam beruugo daiar eken,anda grant je gum.jardam turundo jardam beriwsin,uwunu bizdin "shalbyragan"mamleket yiywtyrup,4e4ip koigongo kudureti jetpei jatpaibu,men kaisu olkog alup ketiwse dele owol baldardun tagdyryna kepil bolo albaim,me kunoonu Mamleketke gana koem
23.02.2011. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
onukkon mamleketerde zakon iwteit,eldin baaru bir tartipke baw iet,bizde baw ie turganga da tunuraak zakon jok,bolso dagu anu karapaium el emes"papka4andar"urup oinoboi jatpaibu,owolor elge ulgu bolup korsotso anan ar biribiz da oilonup iw kulsak,bir 200.500 somgo tagdurubuzdu,kele4egibizdi satpai,onygyygo al bir atuul salum kosholu4u,BAARUNARDAN SURANAM TAGDURUBUZGA KAIDIGER KARABAILU;OILONOLU
23.02.2011. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
UvE saga koshulam.Bul en ele bizdin mamlekettin birinchi karala turgan maselelerinin biri,negizi mamleket ushul baldardu choitup,ui-jaidu koio turup ele,okuu jaiga beker okuuga jardam berip koiso,bular ozdorynyn kiinnki jashoosuna kyroshyp keteeri mymkyn.
23.02.2011. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ii basa,bizdin chinovnikter 22000$mashine mingenche,baldarga jardam berbeibi,1 ele mashinenin akchasu kanday kop jardam bolot...
24.02.2011. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
UvE айткандай, ошол америкалыктардын максаты - каттоодон отуп, мамлекет тарабынан женилдик алуу, салык толомун кыскартуу, БАЛАНЫ БАГУУ ЭМЕС.
Ал бала ачка калдыбы, суукта калдыбы, ысыкта калдыбы аларга баары бир, КАГАЗ ЖУЗУНДО ЭПТЕП ТИРУУ БОЛСО ЭЛЕ БОЛДУ.
Ошондуктан Аллахтын ыраазылыгы учун деле колунда барлар кам коруп койсо, сооптон башка жаман болбойт.
25.02.2011. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubik, anda senden bashtajly, realduuluktu, bagyp al bir balany,silerge okshop asmandy sujlop, birok ish juzundo ech nerse kylbagany uchun, ushul problemalar chygyp jatat. Sen bizdin ahybal jonundo kabardarsynby,je jyluu ujundo,kursagyn tok ushulardy jazyp jatasynby.
22.03.2011. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizde Kyrgyzstanda baldardyn ukugu korgolboit. Men Amerikada jurgonumo 3 jyl boldu, baldarga bolgon mamilelerin korup tang kalam, abdan jakshy. Misal uchun ata -eneler baldaryn mashinaga jalgyz kaltyrgan bolboit, kaltyrsa ata-enelik ukugunan ajyratyshat. Menin taanyshtarymdyn kyzy 11, al bir kun uiundo jalgyz kalsa koshunalary sotsilaniy rabotnikterge chalyp aytyp salyshkan. Azyr ata-eneni ukugunan ajyratyshkan jatyshat. Misal kylsak kop. Munun baary tuptuura dep oiloim. Amerikanetsterge bala ba
22.03.2011. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bala bagyp aluu gumanduulugun korsotot. Kobunchosu balaga muktaj bolgon uchun bagyp alyshsa, kalgandary koomgo jardam berish uchun bagyp alyshat. Amerikanetsterge jetim baldardy jon ele bere berishpeit, alardyn creditnaia istoriasyn, criminlanaia istoriasyn, socialdyk nomerin, financy jagynan kamsyz kyla alaby oshonun baaryn teksherip anan berishet. Kee bir ata-eneler urup-sabagan degen okuialar bar, emi NETu PLOHOGO NARODA, EST' PLOHIE LYUDI degendei baardygy andai emes, birok kopchulugu jakshy
22.03.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adamkerchiliktuu kelishet. Kyrgyzstanda bala bagyp aluu degende jaman assosiatsia bolo beret, antkeni bizde den-soolugu nachar adamdar,balaluu bolo albay jurgozdor gana bagyp alyshat go. Anan bagyp algandan kiyin any jashyrganga araket kylyshat. El emne deit, el mintet dep. Balanyn da psihologiyasyna jaman taasir kylyshat, sen jetim bolchusun, senin bagyp alyshkan dep. A bul jerde ar bir adamga ulutuna, den-soolugunun abalyna, kelbetine karabastan bashka adamdar menen birdei mamile kylshat.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: