НИКЕ ТОЮ-КЫЯЛДАГЫ ЖОМОК ЖҮЗӨГӨ АШКАН КҮН №26102
Кандай ойлойсуздар, Америкада жашаган кыз менен күнөстүү Азияда жашаган кызды же Африканын мээ кайнаткан ысыгында жашаган кыз менен ызгаардуу Сибирде жашаган кызды эмне бириктирип турушу мүмкүн? Албетте, эр көкүрөк жигит, үйлөнүү тою, апакай нике көйнөгү жөнүндө ой-кыялдар... Кызыкчылыгы, көздөгөн максаты түмөн түркүн болсо да, ар бир кыздын жүрөк түпкүрүндө уялаган аруу тилектердин бири үйлөнүү тою экенин баары макул тапса керек. Андыктан, бул ирет маанайды чөктүргөн кымбатчылык өңдүү темаларды мындай коё туруп, өмүрдөгү эң бактылуу салтанат болгон үйлөнүү тою жөнүндө кеп кылууну чечтик. толугу менен
«ИСЛАМ ДИНИН КАБЫЛ АЛГАН ЖЫЛДЫЗДАР» №26130
«Ислам» деген сөз араб тилинен «өзүн Кудайга арноо» деп которулат. Бул динди “террористтердин дини” деп туура эмес үгүт жүргүзгөн адамдардын саны арбын болсо да, 7-кылымдын башынан тарта азыркы күнгө чейин исламды кабыл алууну каалагандардын саны күндөн-күнгө артып барат. Алардын катарында дүйнөгө аты таанымал жылдыздар да бар. Эмесе, алардын айрымдары тууралуу... толугу менен
КҮЙӨӨСҮНҮН КОЛУНДА БАРЫМТАДА №26100
Бул үйдө алты саат бою Жыпар эки баласы менен өзүнүн карачечекей күйөөсүнүн колунда барымтада отурду. Тун уулунун билегине ок тийип, анын жараатынан токтобой кан агып, жети жашар баласынын жүрөгү тирүүлүк үчүн жаналекетке түшүп алышып жаткан эле. Жыпардын жашырынып шашып-бушуп жазып жөнөткөн SMS билдирүүсүнөн улам Бакыт милициянын ыкчам-иликтөөчү тобун барымтадагы ашыгын бошотуу үчүн алып келе жатты. толугу менен
СЪЕЗДБЕК ДОКТУР МЕНЕН СОТТОШТУ №26100
Мукам үндүү ырчы жигит Съездбек Искеналиевдин “Селкиге” аттуу ырынын клиби көпчүлүктүн көз алдында. Ошол клипке аты таанымал Бакыт аттуу врач байке спорттук кийимчен, күрөк сүйөнүп турган абалында кокусунан тартылып калган экен. Уруксатсыз тартып алышканы үчүн ал врач клип жарыкка чыгаары менен Съездбекти сотко берген. Алгач ырчы жаштык кылып, балким, тоготпой бул нерсеге көп маани берген эмес. Мындан бир ай мурун Съездбекти Ленин райондук соту чакырып, иш козголгон... толугу менен
Жыл өткөн сайын өлкөбүз жымыңдап улам пайда болуп жаткан өнөрпоздорго байыгандан байып баратат. Биз сөз кыла турган ырчы жигит Алихан жылдызчадан жылдызга айланып бараткандардын бири. Ал 1989-жылы 1-майда Токтогул шаарчасында туулган. Үйбүлөдө жалгыз бала. Бойдок. толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди: