Бир бүркүм... ЧОКМОРОВГО ЭСТЕЛИК...
№433 18-24-февраль, 2011-жыл.
- Кыргызстандагы чиновниктердин 20 пайызы гана киреше декларациясын тапшырган. Башкача айтканда, 266 чиновник гана өз байлыгын ачыкка чыгарды. Декларация тапшыруунун мөөнөтү 2011-жылдын 1-мартында аяктайт.
- Ош облусунда үй куруу үчүн жер тилкесин алууга 65 миң адам арыз берген. Текшерүү учурунда алардын 20 миңи гана жер тилкесине муктаж экендиги аныкталган.
- 17-февраль күнү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Октябрь Абдыкаимов дайындалды.
- “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузуу маселесин көтөрүп чыкты.
- Жазгы талаа иштерине мамлекеттик резервден дыйкандарга 5 миң тоннадан 10 миң тоннага чейин буудай берилмей болду.
- Орусиянын Алтай Республикасынын Тоолуу Алтай Мамлекеттик университетинде кыргыз тилинин факультети ачылат.
- ЖКнын депутаттык комиссиясы “Альфа Телеком” ЖАКынын 100 пайыз акциясын мамлекетке караштуу жаңы түзүлө турган ишканага өткөрүп берүүнү өкмөткө тапшырды.
- Нарын облусунун жаңы губернатору Канатбек Муратбеков болду.
- Экс-министр Рыскелди Момбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
- Сокулук РИИБинин кызматкерлери 14-февраль күнү жол тосушуп, иштен алынган жетекчиси Рыскул Жапаркуловду ордуна коюуну талап кылышты.
- Ормон Шаршенов Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын башчысы болуп дайындалды.
- “Ак жолдун” экс-депутаты Ажибай Калмаматов Кыргызпатент мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалды.
- Апрель айынын башында Кытайдан 250 жаңы трактор келип түшөт. Бул тууралуу Айыл чарба министри Төрөгул Беков билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0