ЭХ, УШУЛ МАРАДОНА ЖӨН ЖҮРБӨЙТ ДА
№454 15-21-июль, 2011-жыл
Тирүү легенда, Аргентина курама командасынын мурунку башкы машыктыруучусу Диего Марадона 11-июль күнү жол кырсыгына кабылды. Ал өз автоунаасында жарандык никедеги аялы Вероника Охеда экөө баратып автобусту сүзүп алган. Марадонанын бактысына кырсыктан ал жана жубайы олуттуу жаракат алышкан жок. Ооруканага жеткирилген футбол жылдызы жана жубайы тез эле үйүнө жиберилген. Окуя Буэнос-Айрестин Эзейза аттуу шаарчасында, дон Диегонун үйүнүн жанында болгон. Буга чейин Марадона 2006-жылы жана 2010-жылы жол кырсыгына кабылган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Марадонанын болсо памперс-подушкасы сактап калыптыр.