Бир бүркүм... БУРАШ БЕШИК ТЕРМЕТҮҮДӨ...
№454 15-21-июль, 2011-жыл
-
Ырчы Гүлнур Асанова Түркия телеканалындагы “Жаңы күн” көрсөтүүсүнө катышып кайтты. Ошондой эле түрк оркестринин коштоосунда жандуу үн менен ырдап, ири өлчөмдөгү гонорарды бөктөрө келиптир.
-
Байыш Момунов “кытайлык кыргыздардын тоюн башкарууга чакыруу алдым. Жакында сапар тартам” деп сүйүнүп жүргөн чагы.
-
Эже-сиңди Алина жана Назира Жетигеновалар Жалал-Абад дубанынын Аксы жергесин түрө кыдырып концерт коюп жүрүшөт.
-
Ырчы Бураш учурда бешик терметип үйүндө. Дегенибиз, жакында кыздуу болгон эжесине жардам берип, бала багышып жатыптыр.
-
Гүланда “Турналар” жана “Жангым келет” деген ырларына клип тарттыруу менен чуркап жүргөн кези.
-
Жол кырсыгынан жапа чеккен Бегимай Бекбоева Кант шаарында дарыланып жатат.
-
“Кыз-Бурак” тобу көлдө экс-эжекелери менен чогуу эс алышууда.
-
“Импульс” тобу Кыял, Гүлайым аттуу кыздар менен жаңыланды. Учурда “Издейм сени” деген ырга клип тарттырып жатышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0