МОСКВА ШААРЫНДА КЫРГЫЗ КЫЗЫН ӨРТТӨГӨН АДАМ КАРМАЛДЫ
№490 23-март - 29-март, 2012-ж.
Москвада кыргызстандык 19 жаштагы кызды өрттөп жиберген 21 жаштагы адам кармалды. Окуя Москва шаарында 2011-жылдын 10-июлунда болгон. Азербайжандын жараны Талех Юсуф-оглы Омаров Кыргызстандын жараны Бегимай Акунова кечке маал көчөдө баратканда үстүнө бензин чачып, өрттөп жиберген. От күйөрү менен көздөн кайым болгон. Бегимай ооруканага жеткирилгенине карабай денесинин 55 пайызы күйүп кеткен. "Бул нерсе кызганычтан улам болгон" деген жоромол бар. Омаровго каршы кылмыш иши козголуп, 11-март күнү Омаров кармалган. Кылмышкер учурда Москванын №2-СИЗОсунда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
3
эч бир фактсыз суйлогондон корпойсунарбы.Кудай барын коруп турат мына карап тур сенин да карындашын,апан,женен эжен бар ошондо тушуносун биз чындыгында кунолу эмес экенибизди.!
Бегимай ошол азер м.н жургон кыргызкыздын досу болот. Байкуш Бегимай досунун бул жоругуна каршы чыгат. Тиги кыз апасы, агасы, Бегимай ж.б лар болуп чогуу жашашкан. Бегимай досунун агасына,апасына да айтат. Кызыгы ал эне сорой кызынын кылыктарын билет экен, ал эми агасы намыстанып карындашын катуу урушат. Таарынымыш болуп жанагы кыз качып кетет.(балким жигитине качкандыр).Ал кыздын апасы Б