БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...
№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
“ЧЕТ ӨЛКӨЛҮККӨ ТУРМУШКА ЧЫГУУ” ЖАРНАМАСЫНА ТЫЮУ...
-
Өкмөттүн токтому менен 2012-жылдын 23-мартынан тарта адамды жерге берүүгө 7189 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилмей болду.
-
Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул, Баткен облусунан Исфана жана Ош облусундагы Гүлчөдө аймактык МИКРОРАДИОСТАНЦИЯЛАР июнь айынан баштап иштейт.
-
Чет жерликтер менен НИКЕ КУРУУ жөнүндө жарнамаларга парламенттик комитет тыюу салды.
-
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги: "Жазгы талаа иштери быйылкы жылы 15-20 КҮНГӨ кечигүүдө",- деп билдирет.
-
Бишкекте, Улуттук кардиология жана терапия борборунда академик МИРСАИД МИРРАХИМОВДУН эстелиги ачылды.
-
2011-жылдын жыйынтыгы боюнча туристтик тармактан түшкөн салыктын көлөмү 2010-жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулап, 200 МИЛЛИОН сомду түзгөн.
-
“Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, климаттын өзгөрүүсүнүн тийгизген терс таасири боюнча КЫРГЫЗСТАН 3-орунду ээлейт”,- дейт БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү.
-
Муниципалдык "ЖАШЫЛДАНДЫРУУ" мекемеси Бишкек шаарында каалоочуларга бекер көчөт таратууну баштады.
-
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору САБИРЖАН АТАЖАНОВДУН айтымында, соңку 40 жылдын ичинде миңге жакын мөңгү эрип кеткен.
-
Жогорку Кеңеш 2012-жылга карата өз чыгымын 190 МИЛЛИОН сомго кыскартты.
-
КЫРГЫЗ-КЫТАЙ чек арасы 31-марттан 4-апрелге чейин Кытайдагы иш-чараларга байланыштуу жабылат.
-
Тогуз-Торо районунун КАЗАРМАН айылында дамбаны бузуп өткөн агын суу 30дай үйдү, 150дөй чарба курулуштарын каптап, керектен чыгарды.
- Айыл чарба жана мелиорация министри кызматына сунушталган АСКАРБЕК ЖАНЫБЕКОВДУН талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
))))))))))))))))